- وَ لَقَدۡ بَعَثۡنَا فِیۡ کُلِّ اُمَّۃٍ رَّسُوۡلًا اَنِ اعۡبُدُوا اللّٰہَ وَ اجۡتَنِبُوا الطَّاغُوۡتَ ۚ فَمِنۡہُمۡ مَّنۡ ہَدَی اللّٰہُ وَ مِنۡہُمۡ مَّنۡ حَقَّتۡ عَلَیۡہِ الضَّلٰلَۃُ ؕ فَسِیۡرُوۡا فِی الۡاَرۡضِ فَانۡظُرُوۡا کَیۡفَ کَانَ عَاقِبَۃُ الۡمُکَذِّبِیۡنَ ﴿۳۷﴾16 : 37 Биз албетте: «Аллага ибадат кылгыла жана буттардан четтегиле», - деп ар бир коомго бир пайгамбарды жибердик. Анан алардын ичинде Алла туура жолго баштагандар да бар жана алардын ичинде үстүнө адашуу важиб-зарыл болгондор да бар. Демек, жер жүзүн кезип саякаттагыла, анан жалганга чыгаруучулардын акыбети кандай болгонун көргүлө.