- وَ بَرَزُوۡا لِلّٰہِ جَمِیۡعًا فَقَالَ الضُّعَفٰٓؤُا لِلَّذِیۡنَ اسۡتَکۡبَرُوۡۤا اِنَّا کُنَّا لَکُمۡ تَبَعًا فَہَلۡ اَنۡتُمۡ مُّغۡنُوۡنَ عَنَّا مِنۡ عَذَابِ اللّٰہِ مِنۡ شَیۡءٍ ؕ قَالُوۡا لَوۡ ہَدٰٮنَا اللّٰہُ لَہَدَیۡنٰکُمۡ ؕ سَوَآءٌ عَلَیۡنَاۤ اَجَزِعۡنَاۤ اَمۡ صَبَرۡنَا مَا لَنَا مِنۡ مَّحِیۡصٍ ﴿٪۲۲﴾14 : 22 Алланын алдына алардын бүт баары чыгышат; ошондо, күчсүздөр текеберлик кылгандарга айтышат: «Биз силерди гана ээрчүүчү элек; эми, силер Алланын азабынан бир азын бизден алып таштай аласыӊарбы?» Алар айтышат: «Эгер Алла бизди хидаят кылганда, биз силерди дагы албетте, хидаят кылган болоор элек. (Эми) биз кыйкырсак же сабыр кылсак, баары бир. Кутулуп калуу үчүн бизге эч кандай жол насип эмес».