- قَالَ مَا خَطۡبُکُنَّ اِذۡ رَاوَدۡتُّنَّ یُوۡسُفَ عَنۡ نَّفۡسِہٖ ؕ قُلۡنَ حَاشَ لِلّٰہِ مَا عَلِمۡنَا عَلَیۡہِ مِنۡ سُوۡٓءٍ ؕ قَالَتِ امۡرَاَتُ الۡعَزِیۡزِ الۡـٰٔنَ حَصۡحَصَ الۡحَقُّ ۫ اَنَا رَاوَدۡتُّہٗ عَنۡ نَّفۡسِہٖ وَ اِنَّہٗ لَمِنَ الصّٰدِقِیۡنَ ﴿۵۲﴾12 : 52 Ал (падыша) сурады: «Эй, (аялдар!) Юсуфту анын напсиси жөнүндө жолдон чыгармакчы болгонуңарда, ишиңер кандай эле?» Алар айтышты: «Алла Таза! Биз анда кандайдыр бир жаманчылык көрбөдүк». Башчынын аялы айтты: «Мына эми акыйкат ачыкка чыкты. Мен өзүм аны напсиси жөнүндө жолдон чыгармакчы болгон элем. Албетте, ал чынчылдардан».