- قَالَ یٰقَوۡمِ اَرَءَیۡتُمۡ اِنۡ کُنۡتُ عَلٰی بَیِّنَۃٍ مِّنۡ رَّبِّیۡ وَ رَزَقَنِیۡ مِنۡہُ رِزۡقًا حَسَنًا ؕ وَ مَاۤ اُرِیۡدُ اَنۡ اُخَالِفَکُمۡ اِلٰی مَاۤ اَنۡہٰکُمۡ عَنۡہُ ؕ اِنۡ اُرِیۡدُ اِلَّا الۡاِصۡلَاحَ مَا اسۡتَطَعۡتُ ؕ وَ مَا تَوۡفِیۡقِیۡۤ اِلَّا بِاللّٰہِ ؕعَلَیۡہِ تَوَکَّلۡتُ وَ اِلَیۡہِ اُنِیۡبُ ﴿۸۹﴾11 : 89 Ал айтты: «Эй, коомум! Айткылачы, эгер мен өз Раббим тарабынан бир ачык-айкын далилде болсом жана Ал мага Өз алдынан таза ырыскы да тартууласа, (буга карабастан, силер каалаганыӊарды кылайынбы?) Негизи, мен силерге тыюу салган нерселерди өзүм кыла баштоо ниетинде эмесмин. Мен болгону колумдан келгенче, оӊдоону каалаймын. Алланын жардамынан башка мага эч кандай жардам насип эмес. Ага гана тобокел кыламын жана Ага гана ийилемин.