- وَ اِلٰی مَدۡیَنَ اَخَاہُمۡ شُعَیۡبًا ؕ قَالَ یٰقَوۡمِ اعۡبُدُوا اللّٰہَ مَا لَکُمۡ مِّنۡ اِلٰہٍ غَیۡرُہٗ ؕ وَ لَا تَنۡقُصُوا الۡمِکۡیَالَ وَ الۡمِیۡزَانَ اِنِّیۡۤ اَرٰٮکُمۡ بِخَیۡرٍ وَّ اِنِّیۡۤ اَخَافُ عَلَیۡکُمۡ عَذَابَ یَوۡمٍ مُّحِیۡطٍ ﴿۸۵﴾11 : 85 Мадян (коому)на (Биз) алардын тууганы Шуайыбды (жөнөттүк). Ал айтты: «Эй, коомум! Аллага ибадат кылгыла, силер үчүн Андан бөлөк эч кандай кудай жок! Ошондой эле өлчөө жана таразадан кемитип калбагыла. Албетте, мен силерди бай-дөөлөттүү көрөмүн. Мен силер үчүн бир курчап алуучу күндүн азабынан коркомун.