Курани Карим • Ахмадия Мусулман Жамааты
Эң Мээримдүү (жана) Эң Ырайымдуу Алланын ысымы менен
Алладан башка сыйынууга татыктуу эч ким жок, Мухаммад Алланын Элчиси
Убада кылынган Масийх жана Махдий,
Азирети Мырза Гулам Ахмад (ас)га ишенүүчү мусулмандар

Курани Карим

Курани Карим Алла Тааланын Сөзү. Ал Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Азирети Мухаммад Мустафаа (саллаллааху алайхи ва саллам)га сөзмө-сөз вахий-аян кылынган. Бул вахий-аян жыйырма үч жыл (23) бою келип турган. Бардык ыйык китептердин ичинен Курани Карим гана өзүнүн Алла Таала тарабынан сөзмө-сөз түшкөндүгүн жарыялайт. Бул мусулмандардын Ыйык Китеби. Анда тек мусулмандар үчүн гана эмес, бүткүл адамзат үчүн да толук жана түбөлүктүү хидаят (туура жол) бар. Алла Таала анын текстин түбөлүккө сактоого убада берген. Ал болжолу мындан 1400 жылдан ашуун убакыт мурун Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Азирети Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)га түшкөн вахий-аяндын дал өзү.

Share via