05-хадис сабагы • Ахмадия Мусулман Жамааты
Эң Мээримдүү (жана) Эң Ырайымдуу Алланын ысымы менен
Алладан башка сыйынууга татыктуу эч ким жок, Мухаммад Алланын Элчиси
Убада кылынган Масийх жана Махдий,
Азирети Мырза Гулам Ахмад (ас)га ишенүүчү мусулмандар

05-хадис сабагы

Курани Каримди окуп-үйрѳнүү

Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) мындай деп айтат:

ХАЙРУКУМ МАН ТАЪАЛЛАМАЛ-КУР'ААНА ВА АЛЛАМАХУ.

ХАЙРУКУМ МАН ТАЪАЛЛАМАЛ-КУР’ААНА ВА АЛЛАМАХУ.

Котормосу: араңардагы Курани каримди өзү үйрөнүп, аны башкаларга үйрөтө тургандар – эң жакшы адамдар. («Бухарий», Китаабу фазааилил-Кураан, баабун «хайрукум ман таъалламал-Кураана ва алламаху, 5027-хадис)

Ахмадия Мусулман Жамаатынын Негиздөөчүсү – Азирети Мырза Гулам Ахмад (алайхиссалам) биз – Ахмадий мусулмандарга кылган жакшылыктардын эң улуусу бул: ал (алайхиссалам) келе электе дин илимин үйрөнүүчү көптөгөн мусулмандар бүткүл көңүл-дитин нахв (синтаксис), сарф (марфология), фикх, мантик (логика) жана философияны окуп-үйрөнүүгө каратышчу, ошондой эле мусулмандардын медреселери жана мектептери ушул сабактарды үйрөтүү менен жаш студенттердин бир канча жылдарын текке кетирип салышчу. Анан араң хадисти окууга кезек келчү. Хадисти окуп-үйрөнүүдө да Алла Тааланын маърифатын, Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)дын сүйүүсүн, ал (саллаллааху алайхи ва саллам)дын адеп-ахлактарын жана сулуулугун окуп-үйрөнүүнүн ордуна фикх илимине таандык маселелердин үстүнөн талкуу жүргүзүлчү.

Азирети Имам Махдий – Азирети Мырза Гулам Ахмад (алайхиссалам) биз – Ахмадий мусулмандарды кайрадан Курани Карим менен тааныштырып, аны ушундай тафсир кылды (чечмеледи): ал (тафсир) Ахмадий мусулмандардын жүрөгүндө Курани Каримдин сүйүүсүн жаратты. Ошентип, ал (алайхиссалам) Курани Карим гана адам баласын реформалап-оңдой ала турган, аны тазалай ала турган, ал гана эмес, Исламды бардык диндердин үстүнөн жеңишке чыгара ала турган жана бүтүн дүйнөгө жетекчилик кыла ала турган Китеп экенин далил деп көрсөттү. Ал (алайхиссалам) бизге Курани Карим Алла Тааланын Сөзү экенин, жана бардык пайгамбарлардын Жол башчысы, бардык пайгамбарлардын мөөрү – Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)га түшүп, адамдык жашоонун бардык көйгөйлөрү боюнча дүйнөгө багыт бере ала турган эң акыркы Китеп экенин эскертти. Ал (алайхиссалам) муслмандар бүткүл дүйнөдө жеңилип жатканын айтып берди. Ал (алайхиссалам) мындай деп айтат:

Darse Hadees 5-2

Котормосу: мусулмандар качан Курани каримдин таалимин унутушканда гана,

чыныгы Пайгамбар (саллаллааху алайхи ва саллам)ды топуракка көмүп, Ыйса (алайхиссалам)ды асманга отургузушканда гана алардын башына кырсык келди.

Ушундай урматсыздык кылып, ошондой (ачуу) жемишке ээ болушту, ушул урматсыздык аларга эмне деген кордуктарды алып келген жок,

Жаратылыштын эң жакшысы – Мухаммад Пайгамбар (саллаллааху алайхи ва саллам)дын абийирин ойлонгула деп Алла таала силерди кайрадан чакырды.

Алла таала ушул жолду Өзү бизге көрсөтүп койду, менин душмандарымды кордогон Зат – Ыйык. («Дурри Самийн», 66-бет)