02-хадис сабагы • Ахмадия Мусулман Жамааты
Эң Мээримдүү (жана) Эң Ырайымдуу Алланын ысымы менен
Алладан башка сыйынууга татыктуу эч ким жок, Мухаммад Алланын Элчиси
Убада кылынган Масийх жана Махдий,
Азирети Мырза Гулам Ахмад (ас)га ишенүүчү мусулмандар

02-хадис сабагы

Амалдар ниеттерге жараша бааланат

Азирети Умар (разияллааху анху) Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)дын төмөнкүдөй айтканын рабаят этет:

Иннамал аъмаалу бин-ниййаати

Иннамал аъмаалу бин-ниййаати

амалдар ниеттерге такалат. Тактап айтканда, адамдын амалдары жана иштери анын каалоосуна, ой-пикирине, ой-ниетине эле таянат. Сыртынан караганда, адам баласы эң мыкты иштерди жасап жаткан болсо да, эгер анын ниети бузук болсо жана сырттан жакшы көрүнгөн ишти кандайдыр бир арам ой менен жасап жаткан болсо, мисалга, намазды аткарса, бирок башкаларга көрсөтүү максатында аткарса, садага берсе, бирок андан даңктуу болууну көздөгөн болсо, жихад кылса, бирок анын атрынан мал-мүлк пайдасын көрмөкчү болсо, анда ушул иштердин баары текке кетет жана Алла Тааланын алдында жакшылыктын ордуна жамандык деп эсептелинет. Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) мындай деп айткан:

ва иннамаа ли куллимри ин маа наваа

ва иннамаа ли куллимри ин маа наваа

ар бир адам ѳзүнүн кылган ниетине жараша табат. Тагыраак айтканда, канчалык басымдуулук менен, олуттуулук менен, көңүл-дит менен бир амал аткарылса, ага жараша анын натыйжалары бул дүйнөдѳ жана акыретте ачыкка чыгат.

Ушул негизги маани-мазмунду баяндаган соң Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) бир мисал аркылуу ушул теманы төмөнкүдөй чечмелеген:

Фа ман каанат хижратуху илаа дунё юсийбухаа ау илаа имратин янкихухаа фа хижратуху илаа маа хажара илайхи). («Бухарий», Китаабу бад-ил-Вахийи, Баабун кайфа бад-ул-Вахийи илаа Расулиллахи(сав).

Фа ман каанат хижратуху илаа дунё юсийбухаа ау илаа имратин янкихухаа фа хижратуху илаа маа хажара илайхи). («Бухарий», Китаабу бад-ил-Вахийи, Баабун кайфа бад-ул-Вахийи илаа Расулиллахи(сав).

Хижрат (көчүү) канчалык оор иш экенин бардыгыбыз билебиз. Хижрат (көчүү) убактысында адамзат туулган жерин, жылдардан бери жашап келе жаткан жайын таштайт, үй-жайын таштайт, айлана-чөйрөйсүн таштайт, кээ бир учурларда анын эне тили сүйлөшүлүп жаткан жерин таштайт, кээде хижрат кылган учурда жубайын жана балдарын да таштайт. Хижрат жөн эле нерсе эмес, өзүнүн сүйкүмдүү мекенин, өзүнүн айлана-чөйрөсүн, өз үйүн, ѳз досторун жана өзү үйрөнүп калган күндөлүк турмушун таштоого аргасыз болот. Мына ушундай оор ишти мисал кылып, Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) мындай деген: «Эгер хижрат (көчүү) сыяктуу оор иш да Алла Таала үчүн, Алла Тааланын дини үчүн болбосо, тескерисинче өзүнүн дүйнөлүк максаттары үчүн, кандайдыр бир финансылык пайда үчүн же кандайдыр бир аялдын аркасынан адам ошондой оор баскычтан өтүп жаткан болсо, хижраттын (көчүү) оордуктары жана кыйынчылыктарынан өтсө, анда ушул хижрат (көчүү) Алла Таала үчүн жана Анын дини үчүн болбойт, тескерисинче ал киши жетишүү максатында өз мекенин таштаган дүйнө үчүн болот. Ал жетишүүгө хижрат кылган аял үчүн болот. Анткени, амалдар бүтүндөй ниетке такалат, сооп болсо, амалдын көзгө көрүнгөн формасына эле байланыштуу эмес, тескерисинче амал кылган адамдын жүрөгүндө бар болгон ой-ниетке байланыштуу.