Азирети Мырза Масрур Ахмад • Ахмадия Мусулман Жамааты
Эң Мээримдүү (жана) Эң Ырайымдуу Алланын ысымы менен
Алладан башка сыйынууга татыктуу эч ким жок, Мухаммад Алланын Элчиси
Убада кылынган Масийх жана Махдий,
Азирети Мырза Гулам Ахмад (ас)га ишенүүчү мусулмандар
Азирети Мырза Масрур Ахмад

Азирети Мырза Масрур Ахмад

Убада кылынган Масийх жана Махдийдин бешинчи Халифасы

(Убада Кылынган Мессия жана Имам Махдий(ас)дын 5-халифасы жана Ахмадия Мусулман Жамаатынын жетекчиси)

Тааныштыруу

Азирети Мырза Масрур Ахмад(аба) (Алла Таала ага Жардамчы болсун) Ахмадия Мусулман Жамаатынын бешинчи халифасы (орун басары). Ал киши 2003-жылдын 22-апрелинде өмүрүнүн акырына чейин ушул кызматка шайланган. Ал киши бүтүн дүйнөнүн 200 өлкөсүнө жайылган миллиондогон мүчөлөрү бар Эл аралык диний уюмдун бүткүл дүйнөлүк руханий башкаруучусу жана жетекчиси катары кызмат кылып келе жатат.

Тынчтык боюнча жасаган кадамдары

Hazrat-Mirza-Masroor-AhmadАл киши дүйнөдө тынчтык жана диндердин ортосундагы гармонияны өнүктүрүп келе жаткан көрүнүктүү инсан. Өзүнүн кутбалары, кайрылуулары, китептери жана жекече барлашуулары аркылуу ал киши үзгүлтүксүз Алла тааланын ибадатына үгүттөп жана адамдзатка кызмат кылып келе жатат. Ал киши эл аралык адам укуктарын тургузууга, коомчулукта адилеттүүлүктү орундатууга жана динди саясаттан бөлүүгө да үзгүлтүксүз үгүттөп келүүдө.

Халифа болуп шайлангандан тартып, ал киши басма сөз каражаттары жана маалымат-медианын бардык көрүнүштөрү аркылуу Исламдын тынчтык кабарын жеткирүү үчүн эл аралык кампанияны (campaign) жетелеп келүүдө. Анын жетекчилиги астында Ахмадия Мусулман Жамаатынын ар кайсы өлкөдө жайгашкан республика боюнча борборлору Исламдын нукура жана тынчтык таалимдерин чагылдыруучу кампанияны баштаган. Ахмадий мусулмандар бүткүл дүйнөдө миллиондогон «тынчтык» баракчаларын бөлүштүрүүгө жан талашып аракеттенүү менен алектенишүүдө, диндер аралык конференциялар жана тынчтык симпозиумдарды (symposia) өткөрүшүүдө, ошондой эле Курани карим көргөзмөлөрүн өткөрүп, анын чыныгы жана ардактуу кабарын жеткиришүүдө. Ушул кампаниялар (campaigns) эл аралык медиадан орун алган жана Ислам дини тынчтык үчүн, адамдын өзү жашаган өлкөсүнө чынчыл болушу үчүн жана адамдардын бири-бирине кызмат кылууга күрөшүүчү экенин даӊазалайт.

2004-жылы ал киши Улуттук Тынчтык Конференцияны баштаган, ага жашоо-турмуштагы ар кандай тармактардагы адамдар тынчтык жана гармонияны өнүктүрүү максатында өздөрүнүн ой-пикирлерин бөлүштүрүү үчүн чогулушат. Аталган чогулуш ар жылы көптөгөн министерлерди, депутаттарды, саясатчыларды, диний жетекчилерди ж. б. сыйлууларды өзүнө тартат. 2009-жылы ал киши «Тынчтыкты өнүктүрүү үчүн Ахмадия Мусулман белеги» деген жылдык сыйлыкты жарыялады. Бул тынчтык жана гуманитардыкка өзгөчө берилген жана кызмат кылган жеке адамдарга же уюмдарга берилүүчү эл аралык тынчтык белеги.

Адамзатка кызмат кылуу

Ал киши адамзатка кызмат кылуу ишин өнүктүрүү жана аларга ыңгайлуу шарттарды жаратуу максатында ар кайсы өлкөлөргө сапар тарткан. Ал киши үзгүлтүксүз президенттер, премьер-министрлер ж. б. бийлик ээлери, ошондой эле депутаттар жана өлкөлөрдүн элчилери менен жолугат.

Ал киши айрыкча өнүгүп келе жаткан коомдордун кыйынчылыктарын жеңилдетүү, ал өлкөлөрдүн айыл чарбасын өнүктүрүү, ошондой эле азык-түлүк, таза суу жана электр энергиясына жетишүүнү жеңилдетүүгө жардам берүүгө өзгөчө кызыгат. Ал киши Ахмадий архитекторлор жана инжинерлердин Бүткүл дүйнөлүк Уюму (IAAAE) аткарып жаткан иштерине көзөмөлдүк кылат. Бул уюм дүйнөдөгү айыл жерлеринде адамдар муктаж болгон ар түрдүү гуманитардык жана өсүп-өнүгүү проекттери менен алек. Ал кишинин жетекчилиги астында ушул уюмдун иштеринин кенендиги жана адистердин ишмердүүлүгү өтө тездик менен өсүп-өнүгүүдө. Кудум ошондой ал киши «Humanity First» (Адамгерчилик Биринчи) деген уюмдун ишине (бул бөөдө кырсыктарда сактап-куткаруучу жана өсүп-өнүгүү иштерин аткаруучу акысыз кызмат көрсөтө турган эл аралык уюм) жана ошол сыяктуу башка уюмдарга да колдоо көрсөтөт.

Ал кишинин жетекчилиги астында Ахмадия Мусулман Жамааты бир топ мектептерди жана ооруканаларды курган. Алар дүйнөдөгү айыл-кыштактуу аймактарында жогорку даражадагы жеңилдиктер менен камсыз кылат. Ахмадия Мусулман Жамааты тарабынан башталган ар кандай программалар аркылуу ал киши жер жүзүндө финансылык жактан артта калган көптөгөн студенттерге, алар кайсы дин өкүлү экендигине карабастан окуу боюнча жана кошумча окуу боюнча акчалай көмөк көрсөткөн.

Ахмадий мусулмандар менен алака-байланышы

Ал кишиге ар күнү жер жүзүндөгү Ахмадий мусулмандар тарабынан анын жетекчилигин жана ак бата берүүсүн суралган миңдеген каттар келет. Мына ошондой бардык каттарга жооп кайтаруу менен бирге ал киши ар күнү Жамааттын жеке мүчөлөрү менен жолугат.

Ар аптада ал киши жума кутбасын окуп, анда жер жүзүндөгү Ахмадия Мусулман Жамаатынын бардык мүчөлөрүнө кайрылат. Ал кутба MTA Интернейшналдан бүткүл дүйнөгө түз эфир аркылуу көрсөтүлөт. МТА – бул Ахмадия Мусулман Жамаатынын спутник телвидениясы, ал 1994-жылы ачылган жана ар кайсы тилдерге которулат. Ал киши ар кандай маанилүү маселелер боюнча Ахмадий мусулмандарды багыттоого өз кутбаларын пайдаланат.

Кысымдарга жооп кайтаруу

2003-жылы ал киши шайланган соң өзүнүн Ата Мекени болгон Пакистандан чыгууга аргасыз болгон. Пакистандын конститутциясы жана мыйзамы Ахмадия Мусулман Жамаатын Ислам динине амал кылуудан же өзүн ага таандык кылуудан же өздөрүн мусулман деп көрсөтүүдөн тосот. Ушул диктатуралык мыйзамдардын натыйжасында айып пул салынат, камакка алынат жана өлүм жазасына тартылат. Натыйжада, мыйзам ал кишини Жамаат жетекчиси катары өзүнүн милдеттерин аткаруудан тосот жана ага ылайык ал киши Пакистанга кайтып бара албайт.

Учурда Ахмадий мусулмандар диний жактан мусулмандардын саны көп болгон мамлекеттерде кысымга алынышууда, ушуга карабастан ал киши Ахмадий мусулмандарды ар түрдүү чыр-чатактан басымдуулук менен тосуп турат. 2010-жылдын 28-майында Ахмадия Мусулман Жамаатына каршы чыккан террористтер Пакистанга караштуу Лахор шаарында жайгашкан Ахмадия Мусулман Жамаатынын эки мечитине чабуул жасашкан. Жума намазынын аралыгында 86 Ахмадий мусулман шейит болгон, ал эми жыйырма чакты адам жаракат алышкан. Адамзатка каршы алдын-ала пландаштырылган, табиатынан мыкаачы кара мүртөздөрдүн ушул кылмыштарына карабастан ал киши жер жүзүндөгү Ахмадий мусулмандарга дубалар жана бүтүндөй тынчтык жолдору менен буга жооп кайтарууга насаат кылган.

Жекелик өмүр баяны

Ал киши 1950-жылдын 15-сентябрында Пакистанга караштуу Рабвах шаарында Мырза Мансур Ахмад маркум менен Насира Бегам Ахмад маркумдун үй-бүлөсүндө жарык дүйнөгө келген. Ал киши Пакистандагы Файсалабад шаарында жайгашкан Агрономиялык Университетинен 1977-жылы өзүнүн магистратура деген дипломун жактаган соң ырасмий түрдө өзүнүн өмүрүн Исламга кызмат кылууга арнаган.

1977-жылдан тартып 1985-жылга чейин ал киши Гана Республикасында кызмат кылып, социалдык, окуу жана агрономиялык өсүп-өнүгүү проекттери менен алектенген. Гананын тарыхында эң алгачкы жолу буудайды ийгилик менен өстүрүү сыймыгы да ал кишиге эле таандык. Ал киши 1985-жылы Пакистанга кайтып, кийники 18 жыл аралыгында Жамааттын ичинде ар кайсы жогорку деңгээлдеги кызматтарда иштеген. Анын ичинде 1997-жылдан тартып халифа болуп шайланганына чейин Пакистандагы Ахмадия Мусулман Жамаатынын жетекчиси катары аткарган кызматы да бар.

Ал киши Англиянын Лондон шаарында өзүнүн жубайы Амтул Сабух Ахмад менен жашайт. Анын эки баласы жана үч небереси бар.

Ал киши бакбанчылык, китеп окуу, сүрөткө алуу жана жөө жүрүүгө кызыгат.

Ахмадия Мусулман Жамааты жөнүндө

Ахмадия Мусулман Жамааты мусулмандардын өтө тез өсүп-өнүгүүчү, Ислам динин кайрадан жандандыруучу эл аралык кыймылы. Индияга караштуу Кадиян деген жердик Азирети Мырза Гулам Ахмад(ас) 1889-жылы аталган Жамаатка негиз салган. Ахмадий мусулмандар ал(ас)ды көптөн бери күтүлгөн, Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад(сав) чыгуусун алдын-ала кабарлаган Убада Кылынган Мессия жана Имам Махдий деп кабыл алышкан. Жамааттын учурдагы борбору Азирети Мырза Масрур Ахмад(аба) жашап келе жаткан Англиянын Лондон шаарында жайгашкан.

Ахмадия Мусулман Жамааты ийне-жибине чейин өзүн-өзү каржылай турган диний уюм, ошондой эле анын эч кандай саясий максаттары жана кызыкчылыктары жок.

Халифатул-Масийх (Убада Кылынган Мессиянын Халифасы) жөнүндө

Мусулмандар түздөн-түз Алланын Сөзү деп ишенген Курани карим Алла таалага ыйман келтирип, такыба амалдарды жасоочу мусулмандарга «хилаафат» деген белеги менен сыйланышына убада берген. «Халифа» (руханий орун басар) пайгамбардын ишин улантуу үчүн Алла таала тарабынан дайындалат.

Бүгүнкү күндө Ахмадия Мусулман Жамааты «халифа» деп таанылуучу жалгыз жетекчинин колунда бириккен дүйнөдөгү жападан-жалгыз мусулман Жамаат. «Халифатул-Масийх» Убада Кылынган Мессия Азирети Мырза Гулам Ахмад(ас)га халифа (орун басар) болот. 1908-жылы Азирети Мырза Гулам Ахмад(ас) каза тапкан соң, 1908-жылдын 27-майында Ислам дининде «хилаафат» башкармасы кайрадан орнотулган. 2008-жылы Ахмадия Мусулман Жамааты хилаафаттын жүз жылдык мааракесин белгилеген.

«Хилаафат» институту (башкармасы) Жамааттын биримдигине, туруктуулугуна, тартиптүүлүгүнө, өсүп-өнүгүүсүнө чоӊ курал болот жана ал тынчтыкка басым жасайт. Азирети Мызра Масрур Ахмад(аба) Ахмадия Мусулман Жамаатынын 5-халифасы. «Хилаафат» эч жактан укумдан-тукумга өтүүчү институт (башкарма) болбосо да, Азирети Мырза Масрур Ахмад(аба) Ахмадия Мусулман Жамаатынын негиздөөчүсү – Азирети Мырза Гулам Ахмад(ас)дын чөбөрөсү экендиги деген сыймык менен өзгөчөлөнөт.

Share via