Ахмадия Мусулман Жамаатынын Жетекчиси Лондонго караштуу Митчем шаарында жаӊы мечитти ачты
Эң Мээримдүү (жана) Эң Ырайымдуу Алланын ысымы менен
Алладан башка сыйынууга татыктуу эч ким жок, Мухаммад Алланын Элчиси
Убада кылынган Масийх жана Махдий,
Азирети Мырза Гулам Ахмад (ас)га ишенүүчү мусулмандар

Ахмадия Мусулман Жамаатынын Жетекчиси Лондонго караштуу Митчем шаарында жаӊы мечитти ачты

Азирети Мырза Масрур Ахмад Байтул-Эхсан мечитин ачты

Ахмадия Мусулман Жамааты өтө чоң кубаныч менен төмөнкүлөрдү билдирет: 2017-жылдын 7-январында Ахмадия Мусулман Жамаатынын Бүткүл дүйнѳлүк Жетекчиси, Убада кылынган Масийх жана Имам Махдий – Азирети Мырза Гулам Ахмад (алайхиссалаам)дын V Халифасы Азирети Мырза Масрур Ахмад (Алла Таала ага Жардамчы болсун) Лондонго караштуу Митчем районунда «Байтул-Эхсан» мечитин ачты.

Улуу Урматтуу Халифа келип, эстелик тактасын ачып, расмий түрдө мечитти ачты жана Алла Таалага ыраазычылык билдирип, дуба сурады.

Андан кийин Ал Азирети аземге келген жергиликтүү Ахмадий мусулмандарга кайрылуу жасады.

Мечиттин чыныгы максат-мүдөөлөрү жөнүндө сүйлөп, Азирети Мырза Масрур Ахмад мындай деди:

«Мечиттин максат-мүдөөсү – бул Жалгыз Аллага ибадат кылуу, ошон үчүн бул мечитке ибадат үчүн келе турган бардык адамдар анын максат-мүдөөлөрүн аткарууга аракеттенүүлөрү керек. Демек, Ахмадий мусулмандар ар дайым сыйынууга жана Алла Тааланын акы-укуктарын аткарууга толук бойдон көӊүл буруулары керек».

Ал Азирети мындай деп улантты:

«Бул мечитти куруунун натыйжасында жергиликтүү коомчулук Ахмадия Мусулман Жамааты жөнүндө көбүрөөк маалыматка ээ болот. Ошондуктан, жергиликтүү Ахмадий мусулмандар өздөрүнүн кошуналарынын акы-укуктарын аткаруулары керек жана жергиликтүү адамдарды Ислам дининин чыныгы жана тынчтык таалимдери менен кулактандыруулары зарыл, натыйжада аларда Ислам дини жөнүндө болгон ар түрдүү коркунучтар же түшүнбөстүктөр жоголуп кетсин. Алла Таала баарыӊарга ошондой кылууга күч-кубат берсин».

Андан кийин Ал Азирети аталган мечитте пешин менен дигер намаздарына имамчылык кылып, жана мечиттин башка бөлүмдөрүн текшерип чыкты.

Намаз залдарына кошумча аталган беш кабат имаратта конференция залдары, кеӊселер ж.б. ар түрдүү бөлүмдөр бар.

АЯГЫ

Кошумча маалымат үчүн: kyrgyz@ahmadiyya-islam.org

Катталган дарек: 22 Deer Park Road, London, SW19 3TL UK

Tel/Fax: 020 8544 7613 Mob: 077954 90682

Email: kyrgyz@ahmadiyya-islam.org

Press Secretary AMJ International

(Эл аралык Ахмадия Мусулман Жамаатынын басма сөз кызматы боюнча катчысы)

Чектеш темалардын мазмуну
Share via