Ахмадия Мусулман Жамаатынын Жетекчиси Германиянын Раунхайм шаарында жаӊы мечитке алгачкы ташын койду
Эң Мээримдүү (жана) Эң Ырайымдуу Алланын ысымы менен
Алладан башка сыйынууга татыктуу эч ким жок, Мухаммад Алланын Элчиси
Убада кылынган Масийх жана Махдий,
Азирети Мырза Гулам Ахмад (ас)га ишенүүчү мусулмандар

Ахмадия Мусулман Жамаатынын Жетекчиси Германиянын Раунхайм шаарында жаӊы мечитке алгачкы ташын койду

Азирети Мырза Масрур Ахмад дүйнө абдан коркунучтуу доордон өтүп жатат деп айтты

Ахмадия Мусулман Жамааты өтө чоң кубаныч менен төмөнкүлөрдү билдирет: 2017-жылдын 18-апрелинде Ахмадия Мусулман Жамаатынын Бүткүл дүйнѳлүк Жетекчиси, Убада кылынган Масийх жана Имам Махдий – Азирети Мырза Гулам Ахмад (алайхиссалаам)дын V Халифасы Азирети Мырза Масрур Ахмад (Алла Таала ага Жардамчы болсун) Германиянын Раунхайм деген шаарында биринчи Ахмадия Мусулман мечитине алгачкы ташын койду.

135ке жакын коноктор, алардын ичинде Раунхайм шаарынын Мэри Урматтуу Томас Жухе аземге катышышты.

Негизги кайрылуу Азирети Мырза Масрур Ахмад тарабынан жасалып, анда ал киши мечиттердин чыныгы максат-мүдөөлөрүн айтып берди, курч болуп бара жаткан глобалдык туруксуз жагдай тууралуу кабартырлангандыгын айтып, ошондой эле Ислам дини диний эркиндик жана демократияны кандай колдогонун түшүндүрүп берди.

Дүйнөдө кандайдыр бир согуш болуу ыктымалынан сөз кылып, Азирети Мырза Масрур Ахмад мындай деди:

«Биз өтө опурталдуу (коркунучтуу) доордон өтүп жатабыз. Кээ бир атынан гана мусулман деп аталуучу мусулман экстремисттик уюмдар тарабынан чоӊ коркунуч жаратылган, ошондой эле биз да кээ бир өлкөлөр ортосунда тездик менен өсүп бара жаткан кагылышууларга күбө болуп жатабыз, мына бул нерсе бизди кандайдыр бир коркунучтуу жолго багыттап жатат. Мейли Европада, Кореяда, Ыраакы Чыгыштагы башка аймактарында же Америкада чыр-чатак болсун, согуш чыгып кетүү мүмкүнчүлүгү болгон бир топ фронттору бар».

Азирети Мырза Масрур Ахмад мындай деп улантты:

«Бул менин тилегим жана дубам: адамзатты баалай турган жана дүйнө кабылган оор ахвалды түшүнгөн бардык адамдар адамзатты өз ара бириктирип, дүйнөдө чыныгы тынчтыкты өнүктүрүүлөрү керек. Албетте, таасирдүү саясатчылар жана адамдар өз өкмөттөрүн: «Алар чыр-чатактарды тутандырып, бизди дагы жарга карай алып баруунун ордуна, тынчтыкты куруу аракеттерине басым жасашы керек», – деп ынандырууга аракет кылышы зарыл. Ушул учурда, дүйнөнү элдештирүү жана адамдарды бири-бирине жакындатууга басым жасашы керек».

Ал Азирети мындай деди: мусулман жана мусулман эмес дүйнөдө да Исламдын атынан жүргүзүлгөн зордук-зомбулук жана кан төгүү Ислам дининин нукура окууларына бүтүндөй каршы келет. Ал киши «Ислам» деген сөздүн чыныгы мааниси «тынчтык» экенин айтып, анын окууларында диний эркиндик бар экенин айтып, мусулмандарды мусулман эместер менен жанаша тынчтык менен жашоого чакырды.

Ал Азирети буга чейин Ахмадий мусулмандар алардын коомчулугуна кошкон оӊ салымына жана тынчтыкты өнүктүрүү үчүн жасап келе жаткан аракеттерине баа берген жергиликтүү сыйлуу конокторго ыраазычылыгын да билдирди.

Азирети Мырза Масрур Ахмад мындай деди:

«Алдыда сүйлөгөн адамдардын Ахмадия Мусулман Жамаатынын жакшы имиджи бар жана Ахмадий мусулмандары Германиядагы коомчулукка жакшы аралашып кетишти деп ойлошот, муну угуп мен өтө кубанычтамын. Биз аралашып кеткендигибиздин себеби, биз Ислам дининин чыныгы таалимдерин ээрчийбиз жана ушул мечит курулуп бүткөн соӊ силер жамаатыбыздын мүчөлөрү тарабынан дагы көбүрөөк жакшылыктар жана жогорку даражадагы адеп-ахлактык иштер жасалаарына күбө болосуӊар. Силер келип көрөсүӊөр, жек көрүүнү жайылтуу же бөлүп-жаруу үрөндөрүн себүүнүн ордуна, ушул мечиттин мунаралары тынчтыктын, биримдиктин, сүйүүнүн жана мээримдүүлүктүн символу болот». 

Ал Азирети Ислам дини коӊшу-кошуналардын акы-укуктарын аткарууга жасаган зор басым жөнүндө сөз кылды. Ал киши Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)дын айткан төмөнкүдөй сөздөрүн мисал катары келтирди: «Алла Таала кошуналардын акы-укуктарын аткарууга ушунчалык баса белгилеп айтты: мен алар кимдир бирөөнүн мал-мүлкүнө мураскер болуп калышы мүмкүн деп ойлодум».

Ислам дининде кошуналар алкагын чечмелеп, Азирети Мырза Масрур Ахмад мындай деди:

«Ислам дини боюнча кимдир бирөөгө кошуна боло ала турган адамдардын категориясы өтө эле кеӊ. Чогуу жол жүргөндөр, чогуу иштегендер жана айлана-чөйрөӊөрдө жашаган ар бир адам буга кирет».

Азирети Мырза Масрур Ахмад мындай деп улантты:

«Бул жактан алганда, шаардын бүтүн эли Ахмадий мусулмандарга жана биздин мечиттерибизге кошуна болуп саналат. Ошондуктан, өз кошуналарынын акы-укуктарын аткаруу сыйынуу максатында аталган мечитке келе турган бардык адамдардын милдети болуп эсептелет, ошондой эле алар: «Биз аларга (кошуналарыбызга) эч кандай зыян келтирбейбиз же кандайдыр бир кыйынчылыктарды жаратпайбыз», – деп ишендирүүлөрү керек. Тескерисинче, алар кошуналарына мээримдүү болуулары керек, аларга кам көрүүлөрү зарыл жана аларга кызмат кылуулары керек». 

Өзүнүн кайрылуусунда, Ал Азирети Ислам дини өлкөнүн мыйзамдарына баш ийүүнү амалын үстүнө койгондугунун маанилүүлүгүн баса белгилеп айтты. Ал Азирети Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)дын «өз мекенин сүйүү – бул ыймандан» деген белгилүү хадисин мисал катары келтирди.

Азирети Мырза Масрур Ахмад мындай деди:

«Кайсы бир өлкөнүн мыйзамдары адамдарды адилетсиздиктерден коргоо жана жеӊилдиктерди жаратуу үчүн жасалат. Өлкө мыйзамдарына баш ийүү ар бир чыныгы мусулмандын милдети, ошондуктан эгерде кимдир бирөө корксо же кабатыр болсо, ал Ислам дини мусулмандарга мыйзамсыздык кылууга же бүлүк салууга уруксат бербейт деп билүүсү керек. Бул усулга (принципке) каршы иш-аракет кыла турган ар бир мусулман чыныгы Ислам таалимдерин бузду деген айып менен күнөөлөнөт жана адилетсиздик менен Ислам дининин атын жамандаган болот».

Анан кийин Ал Азирети мындай деди: диний эркиндик – бул Ислам дининин негизги усулу (принциби), Ыйык Куран иш жүзүндө бардык адамдарга өз ишенимдерин ээрчип, аларга жараша амал кылуу укугун камсыздаган.

Ал Азирети диний эркиндик ар бир ийгиликтүү жана тынчтык коомчулуктун зарыл бөлүгү болуп саналат деп айтты.

Азирети Мырза Масрур Ахмад мындай деди:

«Чындыгында, диний эркиндик гана коомчулукта тынчтыкты жарата алат. Биз, ар бир ири дин Алла Таала жиберген Пайгамбар аркылуу негизделген жана берилген деп деп ишенебиз, ошон үчүн башкалардын диний эркиндигин четке кагуу же аларга кандайдыр бир зыян келтирүү биз үчүн мүмкүн эмес».

Азирети Мырза Масрур Ахмад мындай деп улантты:

«Алгачкы мусулмандарга узакка созулган эӊ оор зулумдуктардан кийин коргонуу максатында согушууга уруксат берилгендигинин себеби, Ислам дининин душмандары дин институтунун өзүн жок кылып таштамакчы болушкан. Ыйык Куран ачык-айкын мындай деп айткан: эгерде алардын жолу тосулбаганда, анда эч кандай синагога, чиркөө, ибадаткана, мечитти же кандайдыр бир башка сыйынуу үйү аман калмак эмес. Ошондуктан, Ислам дининин башталгыч доорунда коргонуу үчүн уруксат берилген согушта бардык диндерди коргоо жана бардык адамдарга диний эркиндик усулдарын (принциптерин) биротоло бекемдөө максатында болгон».  

Ал Азирети мындай деп да айтты: Ислам дини демократияга каршы эмес, тескерисинче адилеттүүлүк жана ишенимдүүлүккө негизделген чыныгы демократияны жактаган.

Ал Азирети мындай деди: адамдар өз союздаштары же достору үчүн добуш берүүнүн ордуна, алар абдан тажрыйбалуу, мыкты көз карашка ээ болгон жана саясаты күчтүү адам үчүн добуш бериши керек.

Азирети Мырза Масрур Ахмад мындай деди:

«Ислам дини демократиялык эркиндик болушу керек деп баса белгилейт, ошондой эле лидерлер дайындалып жатканда, ишенимдүүлүк менен өз милдеттерин ишеничтүү акткара ала турган адамдар тандалып алынсын деп үйрөтөт. Бул алардан элдин жана өлкөнүн жакшылыгы үчүн иштешин, ошондой эле көбүрөөк пайда үчүн өздөрүнүн жекече кызыкчылыктарын жокко чыгарышын талап кылат. Ислам дини лидерди тандап алууда ал адамдын кайсы бир партияга таандык экендиги таасир этилбеши керек, ал эми элге жардам бере турган жана өлкөнү андан ары өстүрүп-өнүктүрө турган адамдар шайланышы керек деп үйрөтөт».

Өз кайрылуусунун аягында, Азирети Мырза Масрур Ахмад мындай деди:

«Мен, ушул мечит курулуп бүткөн соӊ Кудай буюрса, жергиликтүү Ахмадий мусулмандар жергиликтүү элге жана ушул улутка кызмат кылып, өздөрүнүн диний милдеттерин аткарашат, ошондой эле өзүнүн жүрүм-турумдары аркылуу мурдагысынан да көбүрөөк Ислам дининин чыныгы жана тынчтык таалимдерин даӊазалашат деген үмүттөмүн».

Буга чейин Германиядагы Ахмадия Мусулман Жамаатынын Улуттук Президенти (Амири)  – Абдулла Вагышаузер мырза конокторго «куттуктоо» сөзүн окуду, андан кийин келген коноктор өздөрүнүн ой-пикирлерин айтышты.

Раунхайм шаарынын мэри, Тхомас Жухе мындай деди:

«Ахмадий мусулмандар Раунхайм шаарында башкалар үчүн кандайдыр бир мисал болушкан жана алар ар жактан өздөрүнүн өтө эле тынчтык жана жакшы адамдар экенин далилдеп көрсөтүшкөн».

Облустук Ассамбалиянын депутаты, Сабин Бахле-Шойтс мындай деди:

«Улуу Урматтуу Азирети Мырза Масрур Ахмад менен жолугушуубуз жана биздин шаарыбызга жасаган визити – бул биз үчүн өтө чоӊ сыймык. Ахмадий мусулмандар тынчтыкты жактаган жана мыйзамды сыйлаган биздин демократиябызды урматтаган адамдар. Ошондуктан, мен, ушул мечит – тынчтыктын жана өз ара сүйлөшүүнүн символу экенин далилдеп көргөзөт деп ишенем».

Анын кайрылуусу бүткөн соӊ, Азирети Мырза Масрур Ахмад жаӊы мечитке алгачкы ташын койду.

Ал Азиретинин улуу урматтуу жубайы, Азирети Аматул Субух Бегам да аталган мечитке таш койду, андан кийин мэр, башка сыйлуу коноктор жана бир топ Борбордук, Улуттук жана Жергиликтүү Ахмадий мусулман кызматкерлери да таштарды коюшту.

Расмий сессия Ал Азирети алып барган дуба менен аяктап, андан кийин конокторго тамак берилди.

АЯГЫ

Кошумча маалымат үчүн: kyrgyz@ahmadiyya-islam.org

Катталган дарек: 22 Deer Park Road, London, SW19 3TL UK

Tel/Fax: 020 8544 7613 Mob: 077954 90682

Email: kyrgyz@ahmadiyya-islam.org

Press Secretary AMJ International

(Эл аралык Ахмадия Мусулман Жамаатынын басма сөз кызматы боюнча катчысы)

Чектеш темалардын мазмуну
Share via