Үчүнчү Дүйнөлүк Согуштун чагылгандуу булуттар коркунучу күндөн-күнгө салмактуу болууда
Эң Мээримдүү (жана) Эң Ырайымдуу Алланын ысымы менен
Алладан башка сыйынууга татыктуу эч ким жок, Мухаммад Алланын Элчиси
Убада кылынган Масийх жана Махдий,
Азирети Мырза Гулам Ахмад (ас)га ишенүүчү мусулмандар

Үчүнчү Дүйнөлүк Согуштун чагылгандуу булуттар коркунучу күндөн-күнгө салмактуу болууда

Азирети Мырза Масрур Ахмад Калгаридеги Тынчтык Симпозиумда

«мусулмандарды өздөрүнүн коомдоруна киргизүүгө тыюу салуу менен коркутуунун ордуна адамдарды бириктирүү»

дүйнө лидерлеринин ролу экенин айтты

2016-жылдын 11-ноябрында Ахмадия Мусулман Жамаатынын Бүткүл дүйнѳлүк Жетекчиси, Убада кылынган Масийх жана Имам Махдий – Азирети Мырза Гулам Ахмад (алайхиссалаам)дын V Халифасы Азирети Мырза Масрур Ахмад (Алла Таала ага Жардамчы болсун) Канададагы Ахмадия Мусулман Жамааты Калгари шаарында өткөргөн Тынчтык Симпозиумда тарыхый кайрылуусун жасады.

650гө жакын сыйлуу меймандар жана коноктор менен бирге 800дөн ашык адамдар аталган кечеге катышышты, алардын катарында Канаданын мурдагы өкмөт башчысы, Ардактуу Степан Харпер, Калгари мэри Нахийд Ненши жана калкты тейлөө министри Ирфан Сабир да бар болчу. Ошондой эле, Биринчи Улуттар Коомунун ар кандай жогорку даражалуу өкүлдөрү, алдынкы академиктер жана медиа өкүлдөрү да катышышты.

Аталган кечеге келүүдөн мурун Ал Азирети Ардактуу Степан Харпер мырза менен жолугушту, анда мурдагы өкмөт башчысы Ал Азиретиге Ахмадия Мусулман Жамаатынын тынчтыкты жайылтууга болгон үзгүлтүксүз ой-ниет бекемдүүлүгү жана анын кайрымдуу иштери үчүн ыраазычылык билдирди.

2016-11-11-ca-calgary-peace-symposium-002

Негизги кеченин учурунда Ал Азирети дүйнөдө өсүп келе жаткан белгисиздиктен сүйлөп, Үчүнчү Дүйнөлүк Согуштун коркунучу жөнүндө эскертти. Ал мусулман экстремисттер менен террористтерди катуу сынга алып, алардын амалдары Ислам таалимдерине бүтүндөй каршы экенин айтты.

Ал Азирети Ислам дининин тынчтык таалимдерин тастыктай турган Ыйык Курандын бир топ аяттарын жана Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)дын жашоосунан бир канча окуяларын мисал катары келтирди.

Ал Азирети Ислам таалимдерине тиешеси бар мусулман эмес академиктердин жазууларынан да кээ бир үзүндүлөрдү келтирди.

2016-11-11-ca-calgary-peace-symposium-003

Дүйнөдө тынчтыктын керектүүлүгү жөнүндө сүйлөп, Азирети Мырза Масрур Ахмад мындай деди:

«Ар бир адам бүткүл дүйнө тынчтыкка жана ынтымакка абдан муктаж болуп отурат деп баалайт, бирок ушул түшүнүккө карабай, адамдар ага жетишүү үчүн зарыл болгон чараларды көрүүгө даяр эмес сыяктуу сезилет. Тилекке каршы, дүйнө жүзү боюнча көптөгөн өлкөлөрдө, түздөн-түз же кыйыр түрдө, алда канча артыкчылык башкалардын үстүнөн бийлик жүргүзүүгө жана үстөмдүк кылууга, ошондой эле күч-кубат жана бийликке ээ болууга берилгендей сезилет».

Азирети Мырза Масрур Ахмад мындай деп улантты:

«Силердин араңардагы кээ бирөөлөрүңөр бүгүнкү күндө дүйнө жүзү боюнча тартипсиздик негизинен мусулман өлкөлөрүнөн же Ислам топтору деп аталган тегерегинде өкүм сүргөндөн кийин бир мусулман лидер дүйнөдө тынчтыкты орнотуу тууралуу эмне деп айта алат деген суроону бериши мүмкүн… Ошентсе да, өкүм чыгаруудан мурда адамдар Ислам дининин чыныгы таалимдери менен таанышуу керектиги зарыл. Эч ким экстремисттер же террористтердин иштерин Исламга ылайык деп ойлобошу керек».

2016-11-11-ca-calgary-peace-symposium-004

Ал Азирети өкмөттөр кантип адамдардын акы-укуктарын аткарбай калгандыгы, андан кийин терроризм жана экстремизм өсүп, бир топ мусулман өлкөлөрүндө баш аламандыктарга алып келгендиги жөнүндө сүйлөдү. Ал Азирети тынчтыктын жоктугунун түпкү себеби калыстыктын жана адилеттүүлүктүн жоктугун айтты.

2016-11-11-ca-calgary-peace-symposium-005

Азирети Мырза Масрур Ахмад мындай деди:

«Мурда ийгиликтүү коомдор бөлүнүп-жарылган жана оор жарандык согуштарга кабылышкан. Мына ушул чыр-чатак жана согуштардын баары мусулмандардын көпчүлүгү өздөрүнүн дининин чыныгы окууларын унутуп жибергендигине жана бири-биринин акы-укуктарын аткара албай калгандыгына негизделген. Адилеттүүлүк жана бүтүндүгүн чагылдыруунун ордуна, алар ач көздүк жана бийликке жетишүү тилегине кул болушту. Тилекке каршы, акыркы натыйжасы мындай болду: тынчтыкка доо кетип, тынчсыздык көпчүлүктүн арасында өзүн орнотуп алды».

Ислам дини мусулмандардан талап кыла турган адилеттүүлүк өлчөмдөрү жөнүндө Азирети Мырза Масрур Ахмад мындай деди:

«Курани Карим мындай деп айтат: адам баласы чындыкты жактоо үчүн өзүнө же өзүнүн сүйүктүүлөрүнө каршы күбөлүк берүүгө даяр болушу керек. «Мен өзүмө каршы сүйлөөгө даярмын», – деп айтуу өтө эле жеңил, бирок иш жүзүндө ошол стандартка ылайык жашоо абдан кыйын. Бирок, бул азыркыга чейин Алла Таала мусулмандарга белгилеген кандайдыр бир бута жана чакырык, анда Ал (Алла Таала) адам баласы бардык жеке кызыкчылыктарын бир жакка коюуга даяр болмоюнча, ал чыныгы адилеттик ишке ашышы мүмкүн эместигин айткан».

2016-11-11-ca-calgary-peace-symposium-006

Азирети Мырза Масрур Ахмад мындай деп улантты:

«Эгерде ага амал кылынса, анда ушул теңдеши жок усул (принцип) мусулман өлкөлөрүндө гана тынчтыкты орнотуу куралы болбостон, дүйнөдөгү ар бир айыл, ар бир шаарча, ар бир шаар жана ар бир улутта тынчтыкты орнотуу куралы болуп калат».

Ахмадия Мусулман Жамаатынын Жетекчиси узакка созулган куугунтуктан кийин эмнеге алгачкы мусулмандарга коргонуу согушуна катышууга уруксат берилгендигин түшүндүрдү. Ал киши Алла Таала бардык диндердеги бардык адамдардын диний эркиндик деген укугун коргоо максатында ошол уруксатты берген деп айтты.

Азирети Мырза Масрур Ахмад мындай деди:

«Бул Ислам дининин жарык окууларынын улуу көрүнүшү, Ыйык Куран мусулмандарга Ислам динин коргоо же бардык мечиттер кулатылат деген коркуудан алып чыгуу үчүн гана согушка уруксат бербестен, тескерисинче бардык диндерди коргоо жана мейли чиркөөлөр болсун, храмдар болсун, синагогалар болсун, мечиттер болсун же кайсы бир башка сыйынуучу жайы болсун, бардык сыйынуучу жайларын коргоо үчүн ошол уруксатты берген».

Азирети Мырза Масрур Ахмад мындай деп улантты:

«Алгачкы мусулмандар өздөрүн коргоо үчүн гана өз өмүрлөрүн тобокелге коюшпастан, тескерисинче адамзаттын өзүн сактоо үчүн, ошондой эле ой-пикир жана сөз эркиндиги деген эл аралык баалуулуктарды орнотуу үчүн ошондой кылышкан. Ошол мусулмандар дүйнөдөгү тынчтыкты талкалоону каалаган зулумдук колдорун артына түртүү үчүн өз өмүрүн тобокелге салышкан». 

Азирети Мырза Масрур Ахмад мындай деди: дүйнөдөгү чыр-чатактар күнөөсүн толугу менен мусулмандарга тагуу дурус эмес. Ал киши мындай деди: кээ бир мусулман эмес улуттар согуштарга май коюу үчүн колдонуучу курал-жарактарды даярдап, мусулман улуттарга сатышат.

Азирети Мырза Масрур Ахмад мындай деди:

«Ислам дүйнөсүн кыйнап жаткан согуштарды токтотуунун ордуна, ири күчтөр чынында мындан ары аларды жалындатып жатышат. Тынчтыкты жогору коюунун ордуна, алар тынбай таасир тийгизип, а түгүл согуштардан пайда көрүүнү каалашат».

Азирети Мырза Масрур Ахмад мындай деп улантты:

«Чындыгында, бүгүнкү күндө болуп жаткан согуштар дин себебинен эмес, тескерисинче гео-саясий максат-мүдөөлөр жана байлык менен күч-кубатка ээ болуу үчүн болуп жатат».

2016-11-11-ca-calgary-peace-symposium-007

Халифа дагы бир Дүйнөлүк Согуштун коркунучтарынан эскертип туруп, ал өзүнүн «кыйроочу-апаат» экенин далилдейт деп айтты

Азирети Мырза Масрур Ахмад мындай деди:

«Үчүнчү Дүйнөлүк Согуштун чагылгандуу булуттар коркунучу күндөн-күнгө салмактуу болууда. Мына ошондой согуштун таасирлери келе турган ондогон жылдарга чейин созулат. Нурлануунун созулган таасиринен улам дүйнөдөгү балдар муундан-муунга, күтүлгөндөн да көбүрөөк майып же генетикалык кемчиликтери менен төрөлөт».

Азирети Мырза Масрур Ахмад мындай деп улантты:

«Биздин келечегибизди сактоо багытында иш алып баруу адамзат үчүн убакыттын өтө эле зарыл талабы. Дүйнөлүк баш аламандык үчүн бир гана мусулмандарды күнөөлөөнүн ордуна, дүйнөнүн ири күчтөрү да бир кадам артка кайтып жана өзүн карашы керек. Дүйнө мусулмандарга өздөрүнүн элдерине кирүүгө тыюу салуу саясатын жүргүзүү аркылуу даңктуу болууга аракеттене жаткан саясатчылардан көрө, бизди бөлүп жаткан айырмачылыктарды жоюу үчүн өздөрүнүн аракеттери боюнча олуттуу жетекчилерге муктаж».

Аягында Азирети Мырза Масрур Ахмад мындай деди:

«Дүйнөнүн ээлери катары бийликтер жана саясат жүргүзүүчүлөр өздөрүнүн милдеттеринин зор салмагы бар экенин түшүнүшү керек. Алар ишенимдүүлүк менен биздин кийинки муундарыбыз майып болуп төрөлүп, кандайдыр бир талкаланган дүйнөдө чоңойбой, тескерисинче дени сак, бактылуу жана мурдагыдан да көбүрөөк тынчтыктуу жана ынтымактуу дүйнөдө төрөлөт деп ишендирүүлөрү керек».

Мындан мурун Канададагы Ахмадия Мусулман Жамаатынын Улуттук Президенти Лал Хан Малик тарабынан айтылган куттуктоо сөздөрүнөн кийин Азирети Мырза Масрур Ахмадды Канадага кабыл алуу үчүн бир топ сыйлуу коноктор өз ой-пикирлерин айтышты.

Калгари шаарынын мэри Нахийд Ненши мындай деди:

«Азыр Ахмадия Мусулман Жамаатына Канадада 50 жыл болуп калды жана бул аталган жамаат көрсөтүп жаткан бардык жакшылыктарына ыраазычылык билдирүү күнү, анткени бул жамаат башкаларга караганда, балким чыдамсыздыкка жана тар ойлуулукка каршы күрөшүү бардыгыбыздын күрөшүүсү экенин түшүнөт. Бул жамаат коомчулукту чогуу куруу акыр аягында бардыгыбызды бир күнү байытып жиберет деп түшүнөт».

2016-11-11-ca-calgary-peace-symposium-008

Канаданын мурдагы өкмөт башчысы, Стивен Харпер мырза мындай деди:

«Өкмөт башчысы катары мөөнөтүм бою, Ахмадия Мусулман Жамааты биз менен иштеген мыкты өнөктөштөрдүн бири болчу… Дүйнөдөгү башка жайлар сыяктуу эле, Канадада Ахмадий мусулмандар тынчтыкка, эл аралык тууганчылыкка жана Кудайдын эркине берилгендиги деген чыныгы усулдар (принциптер), чыныгы Исламдын негизги усулдары (принциптер) менен таанылышат. Ар кандай жолдор менен, Канадада эле эмес, дүйнөдөгү кайсы гана жерде Ахмадийлер жашашпасын, көбүрөөк жакшы кызматтары менен таанылышат. Силер Ахмадий катары мамлекеттик аянтта ачык орун алып турган жана «сүйүү баарына, жек көрүү эч кимге эмес» дегенди жарыялап жаткан кезиңерде, силер бардык канадалыктар үчүн абдан маанилүү жол менен өнөктөш, кошуна жана дос болуп каласыңар».

Адамдарга кызмат кылуу боюнча облустук министри Ирфан Сабир мындай деди:

«Канада бою жасаган иш сапарынын акыркы бир канча жумаларында Ал Азирети (Хазрат Мырза Масрур Ахмад) «Сүйүү баарына, Жек көрүү эч кимге эмес» деген кабарын жайылтып келди. Ал өзүнүн тынчтык жана мээримдүүлүк деген эр жүрөктүү чакырыгы менен канадалыктарга катуу таасир калтырды».

Парламенттин федералдык депутаты Даршан Канг мындай деди:

«Арабыздагы Ахмадия Мусулман Жамааты менен жолугушуу жана иштөө кубанычына ээ болгондорубуз Ахмадий мусулмандар канадалык коомчулукка кошкон зор салымын билебиз. Ахмадия Мусулман Жамааты канадалыктар катары ар бирибизге кымбат болгон баалуулуктарды бекем кармоо боюнча өзгөчөлөнүп турат».

2016-11-11-ca-calgary-peace-symposium-009

Аталган азем аяктаган соң Ал Азирети Биринчи Улуттар коомчулугу өкүлдөрү тарабынан тосулуп алынды. Жергиликтүү аксакалдар өздөрүнүн каада-салттарына ылайык, Ал Азиретин салттуу тосуп алып, андан кийин аны менен жеке маек курушту.

Калгаридеги Тынчтык Симпозиум Ал Азирети Канадага жасаган азыркы иш сапарынын соңку коомдук кабыл алынуусу болчу. Ал Азирети Оттавада Парламент Холм, Йорк Университети, Канададагы Тынчтык Симпозиум жана Реджайна менен Ллойдминстерде ачылган мечиттерде болгон чогулуштарга тарыхый кайрылууларын да жасаган.

2016-11-11-ca-calgary-peace-symposium-010

АЯГЫ

Кошумча маалымат үчүн: kyrgyz@ahmadiyya-islam.org

Катталган дарек: 22 Deer Park Road, London, SW19 3TL UK

Tel/Fax: 020 8544 7613 Mob: 077954 90682

Email: kyrgyz@ahmadiyya-islam.org

Press Secretary AMJ International

(Эл аралык Ахмадия Мусулман Жамаатынын басма сөз кызматы боюнча катчысы)

Чектеш темалардын мазмуну
Share via