Аугсбург шаарында жаӊы Ахмадия мечити Ахмадия Мусулман Жамаатынын Жетекчиси тарабынан ачылды
Эң Мээримдүү (жана) Эң Ырайымдуу Алланын ысымы менен
Алладан башка сыйынууга татыктуу эч ким жок, Мухаммад Алланын Элчиси
Убада кылынган Масийх жана Махдий,
Азирети Мырза Гулам Ахмад (ас)га ишенүүчү мусулмандар

Аугсбург шаарында жаӊы Ахмадия мечити Ахмадия Мусулман Жамаатынын Жетекчиси тарабынан ачылды

Азирети Мырза Масрур Ахмад жаӊы мечитти ачып жатып, Ислам дини экстремизм жана терроризмдин бардык көрүнүштөрүн сындайт деди

Ахмадия Мусулман Жамааты өтө чоң кубаныч менен төмөнкүлөрдү билдирет: 2017-жылдын 11-апрелинде Ахмадия Мусулман Жамаатынын Бүткүл дүйнѳлүк Жетекчиси, Убада кылынган Масийх жана Имам Махдий – Азирети Мырза Гулам Ахмад (алайхиссалаам)дын V Халифасы Азирети Мырза Масрур Ахмад (Алла Таала ага Жардамчы болсун) Аугсбург шаарында «Байтул Насийр» (Жардамчынын Үйү) мечитин ачты.

Улуу Урматтуу Халифа келип, эстелик тактасын ачуу менен расмий түрдө мечитти ачт жана Алла Таалага ыраазычылык билдирип, кол көтөрүп дуба сурады. Андан кийин пешин жана дигер намаздарын аталган мечитте аткарды.

Кийинчерээк өзгөчө бир жыйын өткөрүлдү, ал жыйынга 130дан ашык сыйлуу меймандар жана коноктор катышышты, ал жыйын мечиттин ачылуусун белгилөө максатында Конгресс эм Парк жыйын борборунда уюштурулган.

Аталган кеченин негизги бөлүгү Азирети Мырза Масрур Ахмад жасаган тарыхый кайрылуусу болуп, анда мечиттердин чыныгы максат-мүдөөлөрүнө токтолуп, Ислам дининин таалимдеринин негизинде адамдардын акы-укуктарын аткаруу маанилүүлүгүн айтып берди.

Мечиттердин салынышынын максаты тууралуу айтып, Азирети Мырза Масрур Ахмад мындай деди:

«Ыйык Куран момун-мусулмандарга бир жактан алар өздөрүнүн ибадаттарын аткаруулары керек, экинчи жактан алар адамзатка кызмат кылуу жана башкаларга жардам берүү боюнча эӊ жогорку даражадагы үлгүлөрүн көрсөтүүлөрү керек деп үйрөтөт. Ошондуктан, кайсы жерде болбосун, качан болбосун, биз мечиттерди курсак, алар биз үчүн Кудайга сыйына турган жай жана биз адамзатка кызмат кыла турган жер катары кызмат кылат».

Ислам дининин таалимдеринин негизинде башкаларга кызмат кылуу маселесинде Азирети Мырза Масрур Ахмад Африканын артта калган аймактарында жана башка жерлерде Ахмадия Мусулман Жамааты алып барган кээ бир гуманитардык проектилерин айтып берди.

Мектептерди, ооруканаларды жана өнүккөн заманбап айылдарды куруудан тышкары, Ахмадия Мусулман Жамааты абдан жакыр жана катаал шартта жашаган элди таза суу менен камсыз кылуу максатында суу насостору жана кудуктарды орнотуп жатат.

Азирети Мырза Масрур Ахмад мындай деди:

«Ушул өнүккөн дүйнөдө биз таза суунун чыныгы баалуулугун түшүнүнө албайбыз. Чындыгында, дүйнөдөгү эӊ артта калган аймактарды кезип, адамдар кандай кыйналып жашап келе жатканын өз көзү менен көргөн адам гана анын чыныгы маанилүүлүгүн түшүнө алат. Мисалы, алар кабылган жакырчылыктын натыйжасында жаш балдар мектепке баруунун ордуна кир көлчөлөрдөгү сууну топтоо максатында ар күнү бир канча милдерге чейин жол жүрүшүп, өз үйлөрүнө алып келип, аны колдонушат».

Азирети Мырза Масрур Ахмад мындай деп улантты:

«Биз – Ахмадий мусулмандар тээ алыскы айылдарда таза суу менен камсыздай турган суу насосторун орнотуп жатабыз жана алар биринчи жолу таза суу көрүп, жергиликтүү адамдардын жүздөрүндө пайда болгон кубанычты сөз менен айтуу кыйын. Жергиликтүү жаш балдардын жүздөрүндөгү кубанычы алар миллиондогон байлыктан турган чоӊ лотерея утуп алышканын көргөзөт. Мына ошондой адамдарга жеӊилдиктерди жаратуу жана аларга жардам берүүнүн себеби, биз өз мечиттерибизди куруп жаткан аймактагы адамдарга кызмат кылууга аракет кылабыз». 

Ал Азирети дагы мындай деп түшүндүрөт: Ислам дининин Негиздөөчүсү (саллаллааху алайхи ва саллам) алып келген таалимдердин негизи – бул Алла Тааланын акы-укуктарын аткаруу жана адамзатка кызмат кылуу.ал киши мындай деди: бүгүнкү күндө Ислам дининин бул негизги эки максаты Ахмадия Мусулман Жамаатын башкарып келе жаткан Халифат тарабынан жайылып жатат, ал эми буга бүтүндөй карама-каршы болгон Халифат деп аталган ИШИМ террористтик уюму террор жана коркунучту жайылтып, эӊ чоӊ зулумдуктарды жасап келишүүдө.

ИШИМ жана башка экстремисттик топтордун жасаган амалдары жөнүндө сөз кылып, Азирети Мырза Масрур Ахмад мындай деди:

«ИШИМ бир гана Батышта баш аламандыкты жайылткан эмес, ал эми мусулман өлкөлөрүндө өзгөчө мыкаачылыктарды жасаган. Алар эч себеби жок миӊдеген бейкүнөө адамдарды ырайымсыздык менен өлтүрүшкөн. Ошондуктан, алардын жетекчилиги эч качан Халифат деп атала албайт, себеби ал ар жактан Ислам дининин тынчтык таалимдерин бузуп жатат».   

Расмий кечеге баруудан мурда Ал Азирети мечитте бир бак-даракты да отургузду жана ал жөнүндө өз пикирин билдирип, Азирети Мырза Масрур Ахмад мындай деди:

«Биз айлана-чөйрөнү кооздоо жана таза кармоо, ошондой эле мөмө-жемиш алуу үчүн кадимки бак-дарактарды отургузган жерде эле сүйүү жана адамгерчилик мөмө-жемиштерин бере турган руханий бак-даракты да отургузабыз. Ошондой эле, биз ар дайым кошуналарыбыз жана тегерегибизде жашагандарга мээримдүүлүк менен мамиле кылууга аракет кылабыз жана колдон келишинче алардын акы-укуктарын аткарууга умтулабыз».

Азирети Мырза Масрур Ахмад мындай деп улантты:

«Биз чыр-чатак жана бөлүп-жаруунун ордуна, адамдар бири-бири менен жанаша тынчтык жана гармонияда жашаарын каалайбыз. Биз бардык адамзатты бириктире турган сүйүү көпүрөлөрүн курууну каалайбыз».

Ал Азирети Ахмадия Мусулман Жамаатынын «Сүйүү баарына, жек көрүү эч кимге эмес» деген урааны кандайдыр бир жаӊы таалим болбой, Ислам дининин таалимдеринин эле негизи экенин да түшүндүрүп берди. Экинчи жактан, Ал Азирети

«туура эмес жетекчилик»

башка көптөгөн мусулмандарды туура эмес жакка багыттаганын айтты.

Жихад жөнүндөгү туура эмес көз карашты чечмелеп, Азирети Мырза Масрур Ахмад мындай деди:

«Адамдар жыӊылыш түрдө Курани Карим экстремизмге үйрөткөндүгү үчүн мусулмандар террорист болуп жатышат деп божомолдошот. Ошентсе да, чындыктан башка эч нерсе болушу мүмкүн эмес, анткени Куран кайра-кайра тынчтык, сүйүү жана толеранттуулукту үгүттөгөн. Мисалы, сөзмө-сөз алганда «жихад» сөзү зулумдук жана жамандыктын бардык түрүн жок кылуу үчүн «күрөшүү» деген маанини билдирет жана Ахмадия Мусулман Жамааты жер жүзүнүн бардык аймактарында ишке ашырып жаткан чыныгы жихад ушул эле.

Өз кайрылуусунун аягында, Азирети Мырза Масрур Ахмад мындай деди:

«Мен жергиликтүү Ахмадия Мусулман Жамааты ушул мечит курулган соӊ Алла Тааланын ибадаттарын дагы күчөтөт жана  ошону менен бирге өз кошуналарынын жана коомчулуктун башка мүчөлөрүнүн акы-укуктарын аткарууга да көӊүл бурушат деп ишенем жана күтөм».

Буга чейин Германиядагы Ахмадия Мусулман Жамаатынын Улуттук Президенти (Амири)  – Абдулла Вагышаузер мырза конокторго «куттуктоо» сөзүн окуду, андан кийин келген коноктор өздөрүнүн ой-пикирлерин айтышты.

Аугсбург шаарынын мэри Стефан Киефер мындай деди:

«Өз шаарыбыздын атынан мен Ахмадия Мусулман Жамаатын алардын жаӊы мечити ачылып жаткан өзгөчө күнү менен куттуктамакчымын. Чындыгында, силердин руханий жетекчиӊер, тынчтыктын эл аралык элчиси – Азирети Мырза Масрур Ахмаддын катышуусу ушул күн кандай белгилүү экенин далилдеп көрсөтүүдө».

Облустук Ассамблеясынын мүчөсү Кристин Kamm мындай деди:

«Бүгүнкү күн бардыгыбыз үчүн улуу күн, себеби силердин абдан кооз жаӊы мечитиӊер Аугсбург шаарында ачылып жатат. Ахмадия Мусулман Жамаатынын «Сүйүү баарына, жек көрүү эч кимге эмес» деген окуусу өтө баалуу жана шаарыбызга кошулган абдан кооз салым».

Облустук Ассамблеясынын өкүлү Гаралд Гуллэр мындай деди:

«Мен Ахмадия Мусулман Жамаатына абдан ыраазымын, себеби силер башка коомчулуктар үчүн мыкты үлгү калтыргансыӊар, силер ар дайым ачыксыӊар жана биз менен диалогго катышасыӊар. Силердин жамаатыӊар тынчтык Ислам динин ээрчийт жана ар түрдүү зулумдук менен эсктремизмге каршы».

Облустук Ассамблеясынын өкүлү Йохан Хауслер мындай деди:

«Улуу Урматтуу Азирети Мырза Масрур Ахмаддын келүүсү биздин шаарыбыз үчүн гана эмес, тескерисинче бүтүн штат үчүн кандайдыр бир зор сый-урмат. Биз да достук колубузду силерге узатабыз жана дүйнөдө тынчтыкты жайылтууга жасап жаткан аракеттериӊерде силерге жардам беребиз».

Расмий сессия Ал Азирети алып барган дуба менен аяктап, андан кийин конокторго тамак берилди. Ал Азирети ар кайсы немец медиа уюмдары менен маек да курду.

АЯГЫ

Кошумча маалымат үчүн: kyrgyz@ahmadiyya-islam.org

Катталган дарек: 22 Deer Park Road, London, SW19 3TL UK

Tel/Fax: 020 8544 7613 Mob: 077954 90682

Email: kyrgyz@ahmadiyya-islam.org

Press Secretary AMJ International

(Эл аралык Ахмадия Мусулман Жамаатынын басма сөз кызматы боюнча катчысы)

Чектеш темалардын мазмуну
Share via