Ахмадия Мусулман Жамаатынын Жетекчиси Англиядагы Лажна Имааиллахтын Кеңсе-Кызматчыларынын Улуттук Жаңылатуучу Курсуна кайрылуу жасады
Эң Мээримдүү (жана) Эң Ырайымдуу Алланын ысымы менен
Алладан башка сыйынууга татыктуу эч ким жок, Мухаммад Алланын Элчиси
Убада кылынган Масийх жана Махдий,
Азирети Мырза Гулам Ахмад (ас)га ишенүүчү мусулмандар

Ахмадия Мусулман Жамаатынын Жетекчиси Англиядагы Лажна Имааиллахтын Кеңсе-Кызматчыларынын Улуттук Жаңылатуучу Курсуна кайрылуу жасады

Азирети Мырза Масрур Ахмад Ахмадий мусулман кеңсе-кызматчылары өз үлгүсү менен жетектеп, өздөрүнүн ишенимине карата кандайдыр бир комплекске кабылбоонун маанилүүлүгүн белгиледи  

2016-жылдын 4-декабрында Ахмадия Мусулман Жамаатынын Бүткүл дүйнѳлүк Жетекчиси, Убада кылынган Масийх жана Имам Махдий – Азирети Мырза Гулам Ахмад (алайхиссалаам)дын V Халифасы Азирети Мырза Масрур Ахмад (Алла Таала ага Жардамчы болсун) Англиядагы Лажна Имааиллахтын (аялдын тармактуу уюму) кеңсе-кызматкерлери үчүн уюштурулган Улуттук Бышыктоочу Курсуна соңку кайрылуусун жасады.

Эки күндүк азем Лондондо жайгашкан «Байтул-Футух» мечитинде өткөрүлүп, ага 1,400дөн ашык Ахмадий аялдар катышып, Лажнанын кеңсе-кызматкерлеринин ортосунда оң иш этикасына дем берүү жана аны жакшыртууга багытталган.

Ал Азирети өз кайрылуусун мындай деп баштады: кеңсе-кызматкерлери ар дайым олуттуулук менен Алла Таалага кызмат кылуунун ойлоолору керек.

Азирети Мырза Масрур Ахмад мындай деди:

«Ар дайым эсиңерде болсун, Ахмадия Мусулман Жамааты үчүн өз кызматын сунуш кыла турган адам Алла Тааланын ыраазычылыгына жетишүү үчүн аракет кылбай жана чынчылдыкка бекем болбой туруп, куттуу экенин эч качан далилдей албайт».

Азирети Мырза Мсрур Ахмад кеңсе-кызматкерлеринин үлгүлүү жетектөө керектиги жөнүндө басым жасап мындай деди:

«Иш алып жүрүүчүлөр катары, башкаларды караңылыктардан нур жакка алып чыгуу үчүн такыба (чынчылдык) нурун бийик көтөрүү силерге милдет болуп саналат. Мына ушундай ошол жолду башкаларга жарыктандыруу үчүн силердин өз жүрүм-турумуңар үлгүлүү жана Ислам дининин таалимдери менен нормаларына ылайык болушу зарыл».

Азирети Мырза Мсрур Ахмад айрыкча момундук болуунун жана менменсингендиктен оолак болуунун маанилүүлүгүн баса белгилеген.

Азирети Мырза Мсрур Ахмад мындай деди:

«Албетте, эгерде Ахмадия Мусулман Жамаатында өздөрүнө кандайдыр бир жоопкерчилик жүктөлгөн жана Жамаат мүчөлөрүнүн адеп-ахлактык жана руханий таалим-тарбиясы жана жакшыртуу иштери менен камсыз кылуу милдети жүктөлгөн Ахмадий мусулмандар менменсинүү тузагына түшүп, же кандай гана болбосун, өздөрүн бийик деп ойлошсо, анда алар эч качан ийгиликтүү боло алышпайт».

Халифа Азирети кеңсе-кызматкерлери өз үйлөрүндөгү милдеттерин да аткаруу керектигин айтып, алар өздөрүнүн үй-бүлөлөрү үчүн эң мыкты үлгү болуулары зарыл деп айтты.

Азирети Мырза Мсрур Ахмад мындай деди:

«Кеңсе-кызматчылары Алла Таалага сыйынуу боюнча кандайдыр бир үлгү болуулары керек. Алардын балдары үйрөнүшсүн деп алар өз үйлөрүндө адеп-ахлактар жана жакшылыктар боюнча эң мыкты үлгүлөрдү көрсөтүүлөрү зарыл. Чынында эле, иш алып жүрүүчүлөр, алардын үйлөрү тынчтык, жакшылык жана руханий бейпилдиктин бейиши бойдон калуу үчүн аракеттенүүлөрү керек».

Ахмадий мусулман аялдар Ислам дининин таалимдери менен сыймыктануунун зарылдыгы жөнүндө сүйлөп, Азирети Мырза Мсрур Ахмад мындай деди:

«Өз диниңер тууралуу силер такыр уялбашыңар керек же кандайдыр бир маселе же Ислам дининин таалимдери жөнүндө комплекске кабылбашыңар керек. Тескерисинче, силер өз диниңер менен сыймыктанышыңар керек, ошондой эле өз айтканыңар менен кылганыңар аркылуу анын таалимдерине ачык амал кылышыңар керек жана аны жайылтышыңар керек. Бул иш алып жүрүүчүлөргө гана таандык эмес, бирок, албетте, бул жагынан эң мыкты үлгү калтыруу алардын өзгөчө милдети болуп саналат».

Ал Азирети Жамаат ишин алып баруучулардын көңүлүн жаман компания жана чогулуштардан оолак болууга да бургузган, себеби бул нерсе адилдиктин негиздерине каршы келет.

Азирети Мырза Мсрур Ахмад мындай деди:

«Такыбалуулук адамдардан Алла Таала же Анын Пайгамбары (саллаллааху алайхи ва саллам) мазакталып жаткан жыйындарда отурбоосун талап кылат. Албетте, момун-мусулман киши адамдар мазакталып же жаман сөздөр айтылып жаткан бардык чогулуштардан абайлашы керек».

Азирети Мырза Мсрур Ахмад мындай деп улантты:

«Мисалы, адамдар бири-бирине каршы ушак сөздөр айтып жатышкан кезде, адам баласы өзү ошол сүйлөшүүлөргө активдүү катышпаса да, ал жерде отура берүүсү такыр дурус эмес. Мындай талкуулар жүрүп жаткан абалда унчукпай отура берүү Алла Тааланын алдында адилдик мыйзамга каршы келет».

Жамаат иштери жана үй-бүлөлүк милдеттенмелеринде салмактуулук жаратуу маселеси боюнча Ал Азирети Лажна Имааиллах уюмунда иш алып жүрүүчүлөр кандайдыр бир ыңгайлуу иш тартибине келүү үчүн өз жубайлары менен кылдаттык менен талкуулоо керектигин айтты.

Ал Азирети Жамаат ишин алып жүрүүчү аялдар Лажна Имааиллах иштери менен алектенип турган убакта алардын күйөөлөрү муну кандайдыр бир көйгөйгө айландырбоолору керектигин айтты.

Ошентип, Ал Азирети бул нерсе Лажна Имааиллахта кызмат өзкөзүп жаткан кызматкерлерди өз балдарына карата болгон милдеттерине кош көңүл болууга алып келбеши керек деди.

Азирети Мырза Мсрур Ахмад мындай деди:

«Эч качан эсиңерден чыгарбагыла, энелер катары балдарыңарды адеп-ахлак жагынан тарбиялоо жана аларды Ислам дининин таалимдерине ылайык чоңойтуу силердин негизги жеке милдетиңер болуп эсептелет. Ошентип, балдарыңар мектептен үйгө кайтышкан учурда колдон келишинче көбүрөөк үйдө болушуңар зарыл». 

Азирети Мырза Мсрур Ахмад мындай деп улантты:

«Эгер силер өз үйлөрүңөрдүн тышында Лажна иштерине алектенип, башкалар үчүн үлгүлүү эсептелинүүчү адамдардын арасында болсоңор, бирок өз үйлөрүңөрдүн ичинде өз балдарыңарга адеп-ахлактык жана руханий таалим-тарбия берүү деген милдеттериңерди аткара албай калсаңар, анда бул дурус эмес».

Өздөрүнүн руханийлиги жана такыбасын өнүктүрүү зарылчылыгына чогулгандардын көңүлүн буруп, Азирети Мырза Мсрур Ахмад мындай деди: ушул максатка жетишүү үчүн Курани Каримди окуп, билим алуу өтө эле зарыл.

Азирети Мырза Мсрур Ахмад мындай деди:

«Иш алып жүрүүчүлөрдүн баары калтырбай, үзгүлтүксүз Курани Каримди окуп, аны үйрөнүп жана түшүнүүгө аракеттенүүлөрү зарыл. Силер Курани Карим эмне буюрарына жана эмнеден кайтарарына көңүл бурушуңар керек, ошондо гана силер башкаларга кандайдыр бир үлгүнү калтыра аласыңар. Ошондо гана силердин сөзүңөр салмактуу болот жана башкаларга таасирин тийгизет».

Лажна Имааиллах деген тармактуу уюмду негиздеген, Ахмадия Мусулман Жамаатынын II Халифасы Азирети Мырза Башируддин ой-пикирин эстеп, Ал Азирети мындай деди: Лажнанын аземдери кандайдыр бир

«дем жана түрткү берүү»

форумдары болушу керек.

Азирети Мырза Мсрур Ахмад мындай деди:

«Силер ар кандай жаш жана тармактагы адамдарды кызыктыра турган ыкмада диний дискуссиялар, семинарлар жана сүйлөшүүлөрдү үзгүлтүксүз өткөрүп турушуңар керек. Ошондой эле иш алып жүрүүчүлөрдүн ар бири Алла Таала, Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) жана Убада кылынган Масийх жана Махдий (алайхиссалаам)га болгон сүйүү боюнча эң мыкты өлчөмдөрдү көрсөтүүсү керек».

Өзүнүн кайрылуусунун аягында Ал Азирети мындай деп дуба кылды:

«Алла Таала силерге өз милдеттериңерди эң мыкты ыкмада орундатуу күч-кубатын берсин. Алла Таала Лажна Имааиллахтын үстүнө тынбай Өзүнүн кут-берекелерин түшүрүп турсун. Аамийн».

«Кайрадан бышыктоо» курсу Лажна Имааиллахтын ар кандай бөлүмдөрүндөгү жакшы тажрыйбаларын талкуулоо жана бөлүшүү максатында алып барылган көптөгөн семинарлар, сүйлөшүүлөрдү жана сунуштоолор менен аяктады.

Лажна Имааиллахтын жаштар бөлүмү болгон «Наасираатул-Ахмадиянын» катчылары Англия боюнча «Наасираатул-Ахмадиянын» кол астында иштеп жаткан беш кайрымдуулук фонддун бирине добуш берүүгө да чакырылган. «Согуш Бала» аттуу кайрымдуулук фонд бир жылга алардын улуттук кайрымдуулук фонду катары тандалып алынды.

АЯГЫ

Кошумча маалымат үчүн: kyrgyz@ahmadiyya-islam.org

Катталган дарек: 22 Deer Park Road, London, SW19 3TL UK

Tel/Fax: 020 8544 7613 Mob: 077954 90682

Email: kyrgyz@ahmadiyya-islam.org

Press Secretary AMJ International

(Эл аралык Ахмадия Мусулман Жамаатынын басма сөз кызматы боюнча катчысы)

Чектеш темалардын мазмуну
Share via