Швед мамлекетинин саясатчысы Лондондо Ахмадия Мусулман Жамаатынын Башчысы менен жолукту
Эң Мээримдүү (жана) Эң Ырайымдуу Алланын ысымы менен
Алладан башка сыйынууга татыктуу эч ким жок, Мухаммад Алланын Элчиси
Убада кылынган Масийх жана Махдий,
Азирети Мырза Гулам Ахмад (ас)га ишенүүчү мусулмандар

Швед мамлекетинин саясатчысы Лондондо Ахмадия Мусулман Жамаатынын Башчысы менен жолукту

Шадие Гейдари айым Улуу Урматтуу Азирети Мырза Масрур Ахмаддын жетекчилигине  умтулуусу

2015-жылдын 7-мартында Шадие Гейдари айым, Швед улуттук парламентинин  мүчөсү (Sveriges Riksdag), Лондондогу «Фазл» мечитине визит жасады жана ал жерде расмий түрдө Ахмадия Мусулман Жамаатынын Бүткүл дүйнѳлүк Жетекчиси, Убада Кылынган Мессия жана Имам Махдий – Азирети Мырза Гулам Ахмад(ас)дын 5-халифасы Азирети Мырза Масрур Ахмаддын (Алла таала ага Жардамчы болсун) ауденциясында болду.

40 мүнөттүк жолугушууда, Улуу Урматтуу Азирети Мырза Масрур Ахмад дүйнөнүн көпчүлүк жерлеринде экстремизмден чыгып жаткан коркунучтардын көбөйүп жаткандыгы туралуу сөз кылды. Ал киши сунуш берип, саясатчылар экстремизмдин чыгып жаткан түпкү себептерин табууга умтулуп жана радикалдашып бара жаткан жаштарга каршы узун мөөнөттүк аракет көрсөтүү стратегиясын (ыкмасын) түзүү керектигин айтты. Ал киши дагы мындай деди: жанагы өздөрүн атап алган «Жихад согушчулары» такыр акылга сыйбаган нерсе жана алардын кылган иштери кескин түрдө сынга алынуусу керек.

Айрыкча ИШИМдин (Ирак жана Шам Исламдык Мамлекети) коркунучу жөнүндө баса белгилеп, ал киши мындай деди: мен ал террористик уюмду токтотуу үчүн «макулдашылган жана бириккен аракетти жасоо» керек деп ишенем.

Ал киши мындай деди: дүйнөдө тынчтык орнош үчүн коомдун баардык катмарларында адилеттүүлүк жана калыстык үстөмдүк кылыш керек.

Швед социал-демократтык партиясынын өкүлү – Гейдари айым  ал кишиге аны жолдомо көргөзгөндүгү үчүн ыразычылыгын айтып жана келечекте Улуу Урматтуу Хузур Швецияга визит жасар деген үмүтүн билдирди. Урматтуу Хузур анын чакыруусуна ыраазычылыгын билдирип, анын жер үстүндө тынчтыкты орнотууда жана адам укуктарын сактоо иши боюнча ийгиликтүү болуусу үчүн  дуба кылды.

АЯГЫ

Кошумча маалымат үчүн: press@ahmadiyya.org.uk

Катталган дарек: 22 Deer Park Road, London, SW19 3TL UK

Tel/Fax: 020 8544 7613 Mob: 077954 90682

Email: press@ahmadiyya.org.uk

Press Secretary AMJ International

(Эл аралык Ахмадия Мусулман Жамаатынын басма сөз кызматы боюнча катчысы)

Share via