Ахмадия Мусулман Жамаатынын Жетекчиси Убада Кылынган Мессия (алайхиссалаам)дын чынчылдыгы жөнүндө сүйлөдү
Эң Мээримдүү (жана) Эң Ырайымдуу Алланын ысымы менен
Алладан башка сыйынууга татыктуу эч ким жок, Мухаммад Алланын Элчиси
Убада кылынган Масийх жана Махдий,
Азирети Мырза Гулам Ахмад (ас)га ишенүүчү мусулмандар

Ахмадия Мусулман Жамаатынын Жетекчиси Убада Кылынган Мессия (алайхиссалаам)дын чынчылдыгы жөнүндө сүйлөдү

Азирети Мырза Масрур Ахмад(аба) Ахмадия Мусулман Жамаатынын Негиздөөчүсүнүн жашоосунан бир топ окуяларды айтып берди

2015-жылдын 27-февралында Лондон шаарында жайгашкан «Байтул-Футух» мечитинде окуган жумалык жума кутбасында Ахмадия Мусулман Жамаатынын Бүткүл дүйнѳлүк Жетекчиси, Убада Кылынган Мессия жана Имам Махдий – Азирети Мырза Гулам Ахмад(ас)дын 5-халифасы Азирети Мырза Масрур Ахмад (Алла таала ага Жардамчы болсун) Ахмадия Мусулман Жамаатынын Негиздөөчүсү – Азирети Мырза Гулам Ахмад (алайхиссалаам)дын жашоосунан бир топ окуяларды айтып берип, ал(ас)дын билдирүүсүнүн чынчылдыгына жарык чачты.

Азирети Мырза Масрур Ахмад(ас) ушундай бир окуяны айтып берди: бир адам Убада Кылынган Мессия (алайхиссалаам)дын алдына келди жана ага сизге каршылык көрсөтүп жаткан уламаларга өз билдирүүӊүздү башкача ыкмада сунуш кылууӊуз керек деп кеӊеш берди. Ага жооп кылып, Убада Кылынган Мессия (алайхиссалаам) мындай деди:

«Эгерде менин билдирүүм кандайдыр бир адам ойлогон айла-амалы болгондо, мен албетте ошондой кылмакмын, бирок ал Алла тааланын буйругуна негизделген жана Алла таала кандай түшүндүргөн болсо, мен кудум ошондой кылдым».

Азирети Мырза Масрур Ахмад(аба) Убада Кылынган Мессия (алайхиссалаам)дын кечиримдүүлүк жана айкөлдүүлүк табигатка ээ экендигине жарык чача турган дагы бир окуяны айтып берди. Бир жолу өкмөттүн жооптуу кызматкерлери ал(ас)дын кээ бир каршылаштарын колго түшүрүп алышты, ошондо сот мындай деди: Убада Кылынган Мессия (алайхиссалаам) өзү айыпталуучуларды кечирбесин деген шарт менен гана иш козгойм. Өздөрүн сактап калуу үчүн айыпталуучулар Убада Кылынган Мессия (алайхиссалаам)дын алдына барып: «Бизди кечириӊиз», – деп суранышты, ал(ас) дароо аларды кечирип жиберди. Ал(ас)дан: «Эмнеге ошондой кылдыӊыз?» – деп суралганда, Убада Кылынган Мессия (алайхиссалаам) мындай деп жооп кылды:

«Эгер алар кечирим сурашса, мен аны кандай четке кага алам?»

Ушуну билип, сот мындай деди: Убада Кылынган Мессия (алайхиссалаам) ошондой кылаарын мен билчү элем.

Азирети Мырза Масрур Ахмад(аба) мындай деди: Убада Кылынган Мессия (алайхиссалаам) өмүр бою диний эркиндиктин каарманы болуп, диндер ортосунда сүйлөшүүлөрдү өнүктүрдү. Ошентип, ал киши «диндер ортосунда конференцияларды өткөрүү» деген салтка негиз салды, аларда ар кайсы диндердин окүлдөрү өз ара бир форумга чогулуп, өз диндеринин баалуулуктарын айтып берүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат.

Ал киши мындай деди: адамдар угуп, анан ага баа беришсин деп эле ушул окуяларды кайталабоо керек, тескерисинче ар бир Ахмадий мусулман өзүнүн күндөлүк жашоосунун ар бир аспектисинде Убада Кылынган Мессия (алайхиссалаам)дын үлгүлөрүн ээрчүүсү керек.

АЯГЫ

Кошумча маалымат үчүн: press@ahmadiyya.org.uk

Катталган дарек: 22 Deer Park Road, London, SW19 3TL UK

Tel/Fax: 020 8544 7613 Mob: 077954 90682

Email: press@ahmadiyya.org.uk

Press Secretary AMJ International

(Эл аралык Ахмадия Мусулман Жамаатынын басма сөз кызматы боюнча катчысы)

Share via