Бангладештеги Ахмадия Мусулман Жамаатынын 91-Жалса Саланасы (Жылдык Жыйын) аяктап калды
Эң Мээримдүү (жана) Эң Ырайымдуу Алланын ысымы менен
Алладан башка сыйынууга татыктуу эч ким жок, Мухаммад Алланын Элчиси
Убада кылынган Масийх жана Махдий,
Азирети Мырза Гулам Ахмад (ас)га ишенүүчү мусулмандар

Бангладештеги Ахмадия Мусулман Жамаатынын 91-Жалса Саланасы (Жылдык Жыйын) аяктап калды

Азирети Мырза Масрур Ахмад(аба) Лондон шаарынан түз эфир аркылуу соӊку кайрылуусун жасап, Исламдын тынчтык таалимдерине баса белгиледи

Ахмадия Мусулман Жамаатынын Бүткүл дүйнѳлүк Жетекчиси, Убада Кылынган Мессия жана Имам Махдий – Азирети Мырза Гулам Ахмад(ас)дын 5-халифасы Азирети Мырза Масрур Ахмад (Алла таала ага Жардамчы болсун) 2015-жылдын 8-февралында Бангладештеги Ахмадия Мусулман Жамаатынын 91-Жалса Саланасы (Жылдык Жыйын) ыймандарды күчтөндүрүүчү жана толкундатуучу кайрылуусу менен аяктады.

Ал киши соӊку сессияга Лондон шаарында жайгашкан Байтул-Футух мечитинен спутник аркылуу өз кайрылуусун жасады. 4000 ден ашуун адамдар Бангладештеги 3 күндүк Жалсага катышышты, ал эми 3000 ден ашыгыраак адамдар соӊку сессия үчүн Лондон шаарында чогулушкан.

2015-02-08-Jalsa-BN-002

Өзүнүн кайрылуусунда Азирети Мырза Масрур Ахмад(аба) Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)дын мээримдүүлүк жана боорукерлик мүнөзүнөн сөз кылды жана мындай деди: Ахмадия Мусулман Жамааты үзгүлтүксүз Исламдын чыныгы жана тынчтык таалимин жайылтуу менен алектенип келүүдө.

Ал киши учурда Бангладеште өкүм сүргөн саясий тынчсыздык жана баш аламандык жөнүндө да токтолуп, Ахмадий мусулмандар өлкөдө тынчтык болушу үчүн дуба суроолору керек деп айтты.

Исламдын чыныгы таалимдерин жайылтуу керектиги жөнүндө сүйлөп жатып, Азирети Мырза Масрур Ахмад(аба) мындай деди:

«Исламдын тынчтык таалимдерин коомчулуктун ар бир деӊгээлинде жана дүйнөнүн бардык бөлүктөрүндө жайылтуу ар бир Ахмадий мусулмандын милдети. Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллалааху алайхи васаллам)дын көркөм жана эӊ мыкты мүнөзү менен башкаларды нурдандыруу милдетибиз болуп саналат».

2015-02-08-Jalsa-BN-003

Азирети Мырза Масрур Ахмад(аба) мындай деп улантат:

«Дүйнө Сүйүктүү Жол башчыбыз – Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллалааху алайхи васаллам)дын «бүткүл адамзатка мээримдүүлүк» катары жөнөтүлгөнүн билүүсү керек. Ал(сав) бейкүнөө адамдарды өлтүрүү же кыйноо үчүн келбеген эле, жок ал(сав) руханий өлүктөрдү жандандырып, аларга жан тартуулоо үчүн жөнөтүлгөн эле.  Ал(сав) дүйнөнү Эӊ Мээримдүү жана Ырайымдуу Алланын боорукерлиги бардык нерселерди курчап алганынан кулактандыруу үчүн келген эле.   

Азирети Мырза Масрур Ахмад(аба) мындай деди: баш аламандыктын же мажбурлоонун ар бир көрүнүшү чечкиндүү түрдө сынга алынуусу керек жана Ахмадий мусулмандар Исламдын нукура таалимдерин дүйнөдөгү бардык адамдарга жеткирүү максатында байланыштын бардык заманбап булактарын пайдалануулары керек.

Азирети Мырза Масрур Ахмад(аба) мындай деди:

«Алгачкы мусулмандарга каршы алардын каршылаштары Ислам динин жок кылууга аракеттенүү максатында а дегенде өздөрү иш жүзүндө кылыч көтөргөндөн кийин коргонуу максатында гана аларга кылыч көтөрүүгө уруксат берилген. Ошентсе да, ушул доордо Исламга каршы диний согуштар физикалык түрдө болуп жаткан жок, анын ордуна Исламга каршы чабуул жасоо үчүн жана аны жаманатты кылуу үчүн медиа колдонулуп келе жатат. Ошондуктан, биз өзүбүз да ошол чабуулдарга жооп кайтаруу үчүн жана дүйнөнү Исламдын нукура таалимдеринен кулактандыруу үчүн медианы пайдалануубуз керек».     

2015-02-08-Jalsa-BN-004

Ахмадия Мусулман Жамаатынын максат-мүдөөлөрү жөнүндө сөз кылып, Азирети Мырза Масрур Ахмад(аба) мындай деди:

«Ахмадия Мусулман Жамааты кандайдыр бир саясий же дүйнөлүк уюм эмес, ошондой эле кандайдыр бир саясий же дүйнөлүк максат-мүдөөлөрүбүз да жок.  Тескерисинче биз – Азирети Имам Махдий (алайхиссалаам) негиздеген, дин иштерин бардык дүйнөлүк иштерден жогору коё турган руханий Жамаатпыз. Биздин максат-мүдөөбүз – бул бүткүл дүйнөгө өз динибиздин таалимдеринин негизинде сүйүү-махабатты жана өз ара бири-бирин сыйлоону таратуу».

2015-02-08-Jalsa-BN-005

Учурда Бангладеште өкүм сүрүп жаткан баш аламандык жана саясий туруктуулук жоктугуна токтолуп, Азирети Мырза Масрур Ахмад(аба) мындай деди:

«Акыркы жумаларда Бангладеште чыр-чатак жана баш аламандык боюнча ар кандай окуялар жүз берди. Автобустарга чабуулдар жасалып, аларда бейкүнөө адамдар өз жандарынан кол жууп, шейит болуп кетишти. Биз адамдардын өз жердештерин өлтүрүп жатышканына күбө болуудабыз. Бул кандай түрдөгү Ислам? Чындыгында, ушулардын баары Исламдын таалимдерине тетири, ошондой эле өздөрүнүн жеке кызыкчылыктарын адилетсиздик жол менен ишке ашыруу тилегинин атынан гана жасалып жатат».

Жылдык Жыйын Азирети Мырза Масрур Ахмад(аба)дин жетекчилигинде суралган дуба менен аяктады, анда ал киши Ахмадий мусулмандардан Бангладеште жана бүткүл дүйнөдө тынчтык болушуна дуба кылууларын суранды.

АЯГЫ

Кошумча маалымат үчүн: press@ahmadiyya.org.uk

Катталган дарек: 22 Deer Park Road, London, SW19 3TL UK

Tel/Fax: 020 8544 7613 Mob: 077954 90682

Email: press@ahmadiyya.org.uk

Press Secretary AMJ International

(Эл аралык Ахмадия Мусулман Жамаатынын басма сөз кызматы боюнча катчысы)

Share via