Ахмадия Мусулман Жамаатынын Жетекчиси «Адамзат – Биринчи орунда» темасында Эл аралык Конференцияга кайрылуу жасады
Эң Мээримдүү (жана) Эң Ырайымдуу Алланын ысымы менен
Алладан башка сыйынууга татыктуу эч ким жок, Мухаммад Алланын Элчиси
Убада кылынган Масийх жана Махдий,
Азирети Мырза Гулам Ахмад (ас)га ишенүүчү мусулмандар

Ахмадия Мусулман Жамаатынын Жетекчиси «Адамзат – Биринчи орунда» темасында Эл аралык Конференцияга кайрылуу жасады

Азирети Мырза Масрур Ахмад(аба) мындай деди: кайыр-садагаларды берүү жана колунда жокторго кызмат кылуу – бул Ислам дининин негизги бөлүгү

Ахмадия Мусулман Жамаатынын Бүткүл дүйнѳлүк Жетекчиси, Убада Кылынган Мессия жана Имам Махдий – Азирети Мырза Гулам Ахмад(ас)дын 5-халифасы Азирети Мырза Масрур Ахмад (Алла таала ага Жардамчы болсун) 2015-жылдын 24-январында «Адамзат – Биринчи орунда» аттуу кайрымдуу уюм тарабынан уюштурулган Эл аралык Конференцияга олуттуу бир кайрылууну жасады.

Эки күндүк конференция Лондон шаарында жайгашкан «Байтул-Футух» мечитинде болуп, ага дүйнөдөгү 15 өлкөдөн 130 делегат катышышты.

2015-01-24-HF-002

Өзүнүн кайрылуусунда Азирети Мырза Масрур Ахмад(аба) мындай деди: адамзатка кызмат кылуу – бул Ислам дининин негизги таалими жана «Адамзат – Биринчи орунда» уюму ошол эле эӊ мыкты таалим менен өсүп-өнүгүүдө. Ал киши дагы мындай деди: кайрымдуу уюмдун өз аты эле анын миссиясын жана максат-мүдөөлөрүн даана көрсөтүүдө. Тактап айтканда, башкалардын муктаждыктарын өз муктаждыктары деп ойлонуу жана аларды жогору коюу.

Ал киши Ахмадия Мусулман Жамаатынын Негиздөөчүсү – Азирети Мырза Гулам Ахмад (алайхиссалаам)дын айткандарынан төмөнкү үзүндүнү келтирип, өз кайрылуусун баштаган:

«Диндин эки гана толук бөлүгү бар: биринчиси, Алла тааланы сүйүү; экинчиси, адамзатты ушунчалык катуу сүйүү: алардын кыйынчылыктарын, сыноолорун жана балээ-кырсыктарын өзүнүкүндөй деп билүү жана алар үчүн дуба кылуу».

2015-01-24-HF-003

Азирети Мырза Масрур Ахмад(аба) мындай деди: Ахмадий мусулмандар Алла тааланын ыраазычылыгына жетишүүгө чакырылышат, ошондой эле алар өздөрүнүн кайрымдуу жана кайыр-садага иштери аркылуу Алла тааланын жардамын тилешет.

Азирети Мырза Масрур Ахмад(аба) мындай деди:

«Алла таала адамзатка боорукерликтин, мээримдүүлүктүн жана сүйүүнүн чыныгы руху менен кызмат кылуу мүмкүнчүлүгүн бизге насип этсин деп Ахмадий мусулмандар өз намаздарында жалынып-жалбарып дуба сурашат. Алар Алла таалага кайрылышканда, өздөрүнүн жандарын аябай турган рухту өнүктүрүүгө жардам берүүсүн жана башкалардын оруусун жана кыйынчылыктарын өзүнүн оруусу жана кыйынчылыктары катары кабыл алууларын тилешет. Алар башкалардын кыйынчылыктарын жана балээ-кырсыктарын алып салуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болуу үчүн дуба кылышат».

Ал киши мындай деди: Убада Кылынган Мессия (алайхиссалаам) Ахмадия Мусулман Жамаатынын мүчөлөрүн адамзатка кызмат кылууга улам-улам чакырган.

2015-01-24-HF-004

Азирети Мырза Масрур Ахмад(аба) мындай деди:

«Эсиӊерде болсун, Убада Кылынган Мессия(ас) өзүн ээрчигендерге мындай деп үйрөткөн: Вакфтын (кимдир бирөөнүн өз өмүрүн Алла таалага арноосу) бир түрү – бул Алла тааланын пенделерине кызмат кылуу жана аларга мээримдүү болуу. Бул нерсе башкаларга чын дили менен жардам кылуу жана мээримдүү болууну талап кылат».

Азирети Мырза Масрур Ахмад(аба) мындай деп улантты:

«Адамзатка кызмат кылуу адамдан төмөнкүлөрдү талап кылат: ал башкалардын кыйынчылыктарын чечип, башкалардын жүгүн өзүнүн моюнуна алмайынча тынч отурбасын; адамдын жүрөгү башка адамдарга болгон сүйүү менен соксун, анын натыйжасында ал өзүнүн ыракатын ойлонбой, тескерисинче башкалардын ыракатын көбүрөөк ойлонсун; адам башка адамдар үчүн өзүнүн ар-кандай түрдөгү кыйынчылыктарын жутуп алууга ар дайым даяр болуп жана башка адамдардын оорусун кудум өзүнүн оорусу катары көрсүн. Ал муну талап кылат: башкалар тынчтык жана бейпилдикте жашай алуулары үчүн адам жеке кыйынчылыктар жана оорчулуктарга чыдоого даяр болсун».

Азирети Мырза Масрур Ахмад(аба) мындай деди:

«Адамзат – Биринчи орунда» деген атты коюунун негизи жана максаты: «баарынан да мурда адам баласы турат», анан кимдир бирөөнүн жеке жыргалуусу жана ыракаты турат. Ошондуктан, «Адамзат – Биринчи орунда» деген уюмга байланышкан ар бир адам, мейли ал анын башкармалыгынын бөлүгү болсун, мейли алар ишкерлер же волонтерлер болсун, ушул философияны жана ушул рухту түшүнүүлөрү керек».

2015-01-24-HF-005

«Адамзат – Биринчи орунда» деген уюмдун ийгиликтүүлүгүнүн ачкычы дуба экенин айтып, ал киши өз кайрылуусун аяктады. Ал киши мындай деди: Алла таала «Адамзат – Биринчи орунда» уюмунун иштерине береке кошуп келе жаткан деген акыйкатка тарых баракчалары күбө болуп отурат.

Азирети Мырза Масрур Ахмад(аба) мындай деди:

«Адамзат – Биринчи орунда» уюмунун ар бир мүчөсү болгону дубалар гана аркылуу анын аракеттери берекелүү болорун өз акылына бекем түйүүсү керек. Бардык оӊ натыйжалар (жыйынтыктар) Алла тааланын берекелерине эле такалат… Мына ошол эле себептен биз жасаган аракеттерибиз үзгүлтүксүз берекелүү болуп келген жана ИншааАллах (Кудай буюрса) түбөлүккө уланат. Албетте, «Адамзат – Биринчи орунда» уюмунун аткарылып келе жаткан иштеринин көлөмүн карасак,  анын колунда бар каражаттарга салыштырмалуу бир топ эле көп».

2015-01-24-HF-006

Аягында Азирети Мырза Масрур Ахмад(аба) мындай деп дуба кылды:

«Алла таала «Адамзат – Биринчи орунда» уюмуна дагы күчтөнүүнү насип этсин жана баарыӊарга Убада Кылынган Мессия(ас) насаат кылып, үйрөткөн олуттуулук жана адамзатка мээримдүү болуу руху менен иштөөнү насип этсин».

АЯГЫ

Кошумча маалымат үчүн: press@ahmadiyya.org.uk

Катталган дарек: 22 Deer Park Road, London, SW19 3TL UK

Tel/Fax: 020 8544 7613 Mob: 077954 90682

Email: press@ahmadiyya.org.uk

Press Secretary AMJ International

(Эл аралык Ахмадия Мусулман Жамаатынын басма сөз кызматы боюнча катчысы)

Share via