Ахмадия Мусулман Жамаатынын Жетекчиси Пешавардагы мектепке жасалган чабуулду сынга алды жана жабыркагандар үчүн дуба сурады
Эң Мээримдүү (жана) Эң Ырайымдуу Алланын ысымы менен
Алладан башка сыйынууга татыктуу эч ким жок, Мухаммад Алланын Элчиси
Убада кылынган Масийх жана Махдий,
Азирети Мырза Гулам Ахмад (ас)га ишенүүчү мусулмандар

Ахмадия Мусулман Жамаатынын Жетекчиси Пешавардагы мектепке жасалган чабуулду сынга алды жана жабыркагандар үчүн дуба сурады

Азирети Мырза Масрур Ахмад(аба) чабуулду мыкаачылык жана адамгерчиликти үмүтсүздөндүрүүчү деп атады

Ахмадия Мусулман Жамаатынын Бүткүл дүйнѳлүк Жетекчиси, Убада Кылынган Мессия жана Имам Махдий – Азирети Мырза Гулам Ахмад(ас)дын 5-халифасы Азирети Мырза Масрур Ахмад (Алла таала ага Жардамчы болсун) Англияда жайгашкан «Байтул-Футух» мечитинде окуган өзүнүн жумалык жума кутбасында жакында Пакистандын Пешавар шаарында жайгашкан аскердик мектепке коюлган террордук чабуулга катуу кайгырганын билдирди, ушул чабуулда 130дан ашуун балдар мыкчаачылык менен өлтүрүлгөн.

2014-07-04-FS-002-1024x386

Ал киши чабуулда жан бергендерди шейит деп атады жана ошол шайтандык чабуулду сынга алып, мындай деди: Эл аралык Ахмадия Мусулман Жамаатынын бардык мүчөлөрү жабыркагандардын кайгысын сезүүдө. Ал киши кайра-кайра жабыркагандар жана алардын үй-бүлөлөрү үчүн дуба сурады, ошондой эле мусулман дүйнөнү терроризмдин ар бир көрүнүшүнө каршы биригүүгө чакырды.

Пешавар чабуулу жөнүндө сөз кылып, Азирети Мырза Масрур Ахмад(аба) мындай деди:

«Ушул чабуул зулумдук эле деп аталбайт, тескерисинче чындыгында ал мыкаачылыктын жана кан төгүүнүн эӊ бийик көрүнүшү болчу, себеби жабыркагандардын көбү бейкүнөө жаш балдар болчу. Ушинтип, бул чабуул адамгерчиликти үмүтсүздөндүрүп койду. Өзүндө кичине да адамгерчилик бар ар бир адам кайгы жана өкүнүч менен көтөрөӊкү ыйлады».

Аталган чабуулду бүтүндөй Ислам таалимдерине каршы деп, Азирети Мырза Масрур Ахмад(аба) мындай деди:

«Ушул бейкүнөө балдар биз шарият мыйзамдарын күчкө киргизмекчибиз дегендер тарабынан ырайымсыздык менен бутага алынышкан. Алар амал кылып келе жаткан Ислам кандай? Кандай шариятты алар ээрчишдүүдө? Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) аялдар менен балдарды такыр бутага алууга катуу тыюу салган».

Азирети Мырза Масрур Ахмад(аба) мындай деп улантат:

«Өтө чоӊ трагедия жана адилетсиздик бул: ушул жекчил жана өч алуучу иштердин баары Эӊ Мээримдүү, Эӊ Сүйүүчү жана Эӊ Ырайымдуу Алланын атынан болууда.

Бул иш мээримдүүлүгүнүн чеги жок Алланын атынан болуп жатат. Бул иш Алла таала «Бүткүл Ааламдарга Мээримдүүлүк» деп атаган Пайгамбар(сав)дын атынан болуп жатат. Жана бул иш туура эмес жол менен бардыгы үчүн тынчтыкты жана адилеттүүлүктү каалаган шарияттын атынан адал кылып көрсөтүлүнүп жатат».

Ал киши мындай деди: бул чабуул жер жүзүндөгү бардык Ахмадий мусулмандардын ичин жаракат алдырды. Ал киши мындай деп улантты: Ахмадия Мусулман Жамаатынын Негиздөөчүсү – Азирети Мырза Гулам Ахмад(ас) өзүн ээрчигендердин ичинде адамзатка болгон чыныгы боорукерликтин рухун (маӊызын) жараткан. Ошондой эле Убада Кылынган Мессия (алайхиссалаам) кайра-кайра мусулман уламаларды мусулман дүйнөнү мээримдүүлүккө жана адамгерчиликке жетелөөгө, ошондой эле экстремизмдин жана сектачылыктын бардык көрүнүштөрүнөн алыс болууга жетелөөгө чакырды. Ал киши мындай деди: бул нерсе алардын адамзатка боорукер болуу жагына чоӊ жардам болот.

Азирети Мырза Масрур(аба) мындай деди:

«Биз – Ахмадий мусулмандар адамзатка боорукербиз жана адамгерчиликти сүйөбүз, ошондуктан кайда гана жана кайсы гана ыкмада адамдар кыйналбасын, бул нерсе бизди кайгыга жана өкүнүчкө кабылтат. Бул окуяда болсо, биздин мусулман бир туугандарыбыз жана жердештерибиз өлтүрүлгөн, ошон үчүн биз андан да оор ахвалдабыз. Алар үчүн жүрөктөрүбүз сүйүүгө жана мээримдүүлүккө толуп турат».

Ушул зулумдукка кабылгандар үчүн дуба сурап жатып, Азирети Мырза Масрур Ахмад(аба) мындай деди:

«Алла таала жабыркагандардын баарынын даражаларын көтөрсүн жана артында калган туугандарына сүйүү-махабат жана ырайымдуулук менен мамиле кылсын, ошондой эле алардын ата-энелерине кайрат жана сабыр берсин».

Ахмадия Мусулман Жамаатынын Жетекчиси мындай деди: терроризм жана экстремизм Пакистанга эле чектелген эмес, тескерисинче бир топ мусулман өлкөлөргө чейин жайылды жана азыр аны көзөмөл кылуу да кыйын болуп калды. Ал киши мындай деди: мына ошондой жаман иштерди жасап жаткандар өздөрүнүн жеке кызыкчылыктарын эле ишке ашырууну каалашат жана өздөрүнүн жасап жаткан амалдарын туура эмес жол менен Ислам атынан орундуу кылып көрсөтүүгө аракет жасашат.

Ал киши мындай деди: ушул сыяктуу амалдар адамдарды Ислам жакка алып келүүдөн көрө адамдарды Алла тааладан алыстатып жиберет, ошон үчүн ал киши мусулман дүйнөнү Исламдын бүткүл адамзатка тынчтык, адилеттүү жана мээримдүү болуу деген чыныгы таалимдерин ээрчүүгө чакырды.

АЯГЫ

Кошумча маалымат үчүн: press@ahmadiyya.org.uk

Катталган дарек: 22 Deer Park Road, London, SW19 3TL UK

Tel/Fax: 020 8544 7613 Mob: 077954 90682

Email: press@ahmadiyya.org.uk

Press Secretary AMJ International

(Эл аралык Ахмадия Мусулман Жамаатынын басма сөз кызматы боюнча катчысы)

Share via