Англиядагы Жамия Ахмадиянын (Ахмадия Университетинин) Үчүнчү диплом тапшыруу аземи болуп өттү
Эң Мээримдүү (жана) Эң Ырайымдуу Алланын ысымы менен
Алладан башка сыйынууга татыктуу эч ким жок, Мухаммад Алланын Элчиси
Убада кылынган Масийх жана Махдий,
Азирети Мырза Гулам Ахмад (ас)га ишенүүчү мусулмандар

Англиядагы Жамия Ахмадиянын (Ахмадия Университетинин) Үчүнчү диплом тапшыруу аземи болуп өттү

22 бүтүрүүчү Ахмадия Мусулман Жамаатынын Жетекчисинин колунан өздөрүнүн дипломдорун (күбөлүктөрүн) алышты

Ахмадия Мусулман Жамааты өтө чоӊ кубаныч менен төмөнкүлөрдү билдирет: 2014-жылдын 13-декабрында Англиядагы Жамия Ахмадиянын (Ахмадия Мусулман Жамаатынын жогорку диний окуу жайы) Үчүнчү диплом тапшыруу аземи Суррей деген аймакка караштуу Хэслемер деген жердеги колледждин имаратында болуп өттү.

Ахмадия Мусулман Жамаатынын Бүткүл дүйнѳлүк Жетекчиси, Убада Кылынган Мессия жана Имам Махдий – Азирети Мырза Гулам Ахмад(ас)дын 5-халифасы Азирети Мырза Масрур Ахмад (Алла таала ага Жардамчы болсун) аземге төрагалык кылды.

2014-12-13-Convocation-Jamia-002

Аземдин учурунда 22 бүтүрүүчүгѳ халифанын колунан алардын «Шахид даражасы» деген диплому тапшырылып, алар ырасмий түрдѳ Ахмадия Мусулман Жамаатынын дааватчылары (миссионерлери) деп жарыяланышты.

Бүтүрүүчүлөрдүн көбү Англиядан болчу, бирок айрым бүтүрүүчүлөр Бельгия, Дания, Франция, Германия, Швеция жана Шири Ланканын тургундары болчу.

Колледждин башкармалыгы тарабынан отчёт сунушталып, жана дипломдор тапшырылган соң Азирети Мырза Масрур Ахмад ыймандарды күчтѳндүрүүчү кайрылуусун жасап, бүтүрүүчүлѳргѳ Азирети Имам Махдий – Азирети Мырза Гулам Ахмад(ас)дын халифасынын ѳкүлдѳрү катары алардын ѳтѳ маанилүү милдеттерин эскертти.

Миссионерлер катары алардын милдеттеринен сөз кылып, Азирети Мырза Масрур Ахмад(аба) мындай деди:

«Бүгүндөн тартып, силердин жашооӊордо кандайдыр бир жаӊы бөлүм ачылды. Эми дүйнөдөгү адамдарды чындыкка жана туура жолго багыттоо – бул силердин милдетиӊер. Ошондуктан, ушул улуу милдетибизди аткарып жатабызбы же жокпу деп ар дайым өзүӊөргө көз салып турууӊар лаазым».  

2014-12-13-Convocation-Jamia-003

Азирети Мырза Масрур Ахмад(аба) мындай деди: окуу жана илим-билимдин өзү эле жетиштүү эмес, тескерисинче илим-билим үзгүлтүксүз силерди жакшыртып туруусу шарт.

Ал киши мындай деди: мен мурун да байкап көргөнмүн, эӊ мыкты студенттин эӊ мыкты миссионер (дааватчы) болуп чыгуусу шарт эмес. Алардын түбөлүк ийгиликтүүлүгү алардын Алла таала жана Анын жаратылышы менен болгон чыныгы сүйүү-махабат алакасын өнүктүрүүсүнө негизделет.

Азирети Мырза Масрур Ахмад(аба) мындай деди:

«Силердин милдетиӊер кандайдыр бир жөнөкөй милдет эмес, тескерисинче силердин милдетиӊер бул – Алла тааланын иши… Ошондуктан, мүмкүн болушунча силердин адеп-ахлактарыӊар эӊ бийик даражага ээ болушу керек, анткени башкалар силерди өздөрүнө ээрчүүгө ылайык мисал катары ойлошот. Эгер силердин деӊгээлиӊер төмөндөп кетсе, анда башкалардын деӊгээлдери да төмөндөп кетет».

2014-12-13-Convocation-Jamia-004

Азирети Мырза Масрур Ахмад(аба) мындай деп улантат: Алла тааланы сүйүү табигый түрдө адамзатты сүйүүгө жана ага боорукер болууга жетелейт.

Ал киши мындай деди: качан Ахмадий мусулман дааватчылар башкаларга Исламдын кабарын жеткиришсе, аларда өздөрүнүн бир тууган ага-инилерин жана карындаш-эжедерин чындыкка, ошондой эле руханий тынчтык жана молчулук жашоого багыттоо деген каалоо эле түрткү болушу керек.

Азирети Мырза Масрур Ахмад(аба) мындай деди: дааватчылар башкаларга мээримдүүлүк, сабырдуулук жана сый-урмат менен мамиле кылуулары керек. Ал киши мындай деди: алар ар дайым кичи пейил болуулары керек жана текеберликтин же мактанчактыктын ар бир көрүнүшүнөн алыс болуулары лаазым.

2014-12-13-Convocation-Jamia-005

Азирети Мырза Масрур Ахмад(аба) мындай деди:

«Такыр туталанып-кыжырланбагыла, тескерисинче анын ордуна ар дайым сабырдуулукту көрсөткүлө, анткени туталануу текеберликтин белгиси жана текеберлик адамды Алла тааладан алыстатып коёт. Ошондуктан, бардык иштериӊерди акыл-парасат, ой жүгүртүү, кичи пейилдик менен, ошондой эле Алла тааладан ырайымдуулук жана кечиримдүүлүк сураган бойдон аткаргыла».

Азирети Мырза Масрур Ахмад(аба) мындай деп улантат:

«Силер мурункуларыӊардын деӊгээлдерин эле туруктуу бойдон кармабастан, тескерисинче бүгүнкү күндө бар болгон деӊгээлдерди жогорулатууга да аракеттенүүӊөр керек жана ошондой кылуунун жападан-жалгыз жолу – бул кичи пейилдик».

2014-12-13-Convocation-Jamia-006

Азирети Мырза Масрур Ахмад(аба) бүтүрүүчүлөр Хилаафаттын (халифалык) элчилери катары өздөрүнүн милдеттерин орундатсын деген ак бата менен өзүнүн кайрылуусун аяктады.

Азирети Мырза Масрур Ахмад(аба) мындай деди:

«Алла таала силерге өз диниӊерге кызмат кылуу мүмкүнчүлүгүн тартуулады, ошондуктан өзүӊөрдүн чыныгы милдетиӊерди түшүнгүлө. Ар дайым эсиӊерде болсун, силер өз жашоолоруӊарды Алла таалага арноо деген ант-убаданы бергенсиӊер жана силердин миссияӊар (түпкү максат-мүдөөӊөр) бул – Исламдын чыныгы жана тынчтык таалимдерин дүйнөнүн бардык четтерине чейин жеткирүү. Силер ар дайым ушул ант-убаданы эӊ улуу максат-мүдөөӊөр катары бийик кармооӊор зарыл».

Аталган азем Азирети Мырза Масрур Ахмад(аба)дин ак батасы менен аяктады.

2014-12-13-Convocation-Jamia-007

2014-12-13-Convocation-Jamia-008

2014-12-13-Convocation-Jamia-009

2014-12-13-Convocation-Jamia-010

АЯГЫ

Кошумча маалымат үчүн: press@ahmadiyya.org.uk

Катталган дарек: 22 Deer Park Road, London, SW19 3TL UK

Tel/Fax: 020 8544 7613 Mob: 077954 90682

Email: press@ahmadiyya.org.uk

Press Secretary AMJ International

(Эл аралык Ахмадия Мусулман Жамаатынын басма сөз кызматы боюнча катчысы)

Share via