Англиядагы Лажна Имаиллахтын Ижтимаасы (чогулушу) Лондондо Азирети Мырза Масрур Ахмад(аба) жасаган кайрылуусу менен аяктады
Эң Мээримдүү (жана) Эң Ырайымдуу Алланын ысымы менен
Алладан башка сыйынууга татыктуу эч ким жок, Мухаммад Алланын Элчиси
Убада кылынган Масийх жана Махдий,
Азирети Мырза Гулам Ахмад (ас)га ишенүүчү мусулмандар

Англиядагы Лажна Имаиллахтын Ижтимаасы (чогулушу) Лондондо Азирети Мырза Масрур Ахмад(аба) жасаган кайрылуусу менен аяктады

Англиянын булуӊ-бурчтарынан 5,700дөн ашуун Ахмадий мусулман аялдар жана кыздар жылдык аземге катышышты.

2014-жылдын 26-октябрында Ахмадия Мусулман Жамаатынын Бүткүл дүйнѳлүк Жетекчиси, Убада Кылынган Мессия жана Имам Махдий – Азирети Мырза Гулам Ахмад(ас)дын 5-халифасы Азирети Мырза Масрур Ахмад (Алла таала ага Жардамчы болсун) Англиядагы Лажна Имаиллахтын (Ахмадия Мусулман Жамаатынын аялдарынын тармактуу уюму) 36-Ижтимаасына (чогулушуна) жыйынтык кайрылуусун жасады.

Англиянын булуӊ-бурчтарынан 5,700дөн ашуун адам катышышкан ушул үч күндүк азем түштүк-чыгыш Лондондо жайгашкан «Байтул-Футух» мечитинин залында болуп өттү.

Өзүнүн кайрылуусунда ал киши англис тили менен урду тилинде Курани каримдин ар бир буйругун ээрчүүнүн маанилүүлүгүнө токтолду. Айрыкча, ал киши Ислам дининдеги хижаб деген маселеге токтолуп, аны түшүндүрүп берди жана бул ар бир мусулман аялдын абийирдүүлүгүн жана чыныгы эркиндигин орнотуунун куралы деди.

Ал киши мындай деди: парда (хижаб) менен жүргөндөр Алла таала тарабынан улуу сыйлыкка татыктуу болушат. Ал киши мындай деди: Курани каримде «фалаах» сөзү колдонулуп, жыргалдык, ийгилик, коопсуздук, тынчтык, кубаныч, бейпилдик ж.б. бир топ позитивдүү (оӊ) маанилерди билдирет.

Азирети Мырза Масрур Ахмад(аба) мындай деди:

«Ар дайым эсиӊерде болсун, Алла таала бир дагы буйрукту жөндөн-жөн жана максат-мүдөөсүз берген эмес. Алла тааланын ар бир буйругу жеке адамга жана коомчулукка пайда келтирүүчү кандайдыр бир курал. Алла тааланын буйруктары бир топ коркунучтардан жана бул жашоодо жолубузду тосо турган бөгөттөрдөн коргоочу куралы, ошондой эле акыретте бизди эӊ мыкты сыйлыктарга жана берекелерге татыктуу кылуучу эӊ ишенимдүү курал».

Халифа мындай деди: Ислам дини орточо жолду үйрөтөт, ошон үчүн экстремизмдин бардык көрүнүштөрү сындалуусу керек. Ал киши мындай деди: парда маселеси да дал ошондой.

Азирети Мырза Масрур Ахмад(аба) мындай деди:

«Алла тааланын Парда (хижаб) жөнүндөгү буйругу да теӊ салмактуу жана орточо кармалууга тийиш, анткени эки тарап экстремизм жакка ооп кетишет. Жалпысынан, Европада жана Батышта коомчулук аябай эркин жана чыдап болбой турган даражага өтүп кеткен, натыйжада сойкулук менен абийирсиздик кеӊири таралып кеткен. Экинчи тарапта кээ бир фанатик (ашынган катаал адам) мусулмандар өз аялдарын өз үйлөрүнөн да чыгарышпайт».   

Азирети Мырза Масрур Ахмад(аба) мындай деди: Батыш коомчулугунда парда кылуу (хижаб кийинүү) кээде мыскылдоого алынат же акмакчылык деп ойлонулат. Ал мындай деди: бул нерсе эч бир мусулман аялды Ислам таалимин ээрчүүдөн тоспош керек.

Азирети Мырза Масрур Ахмад(аба) мындай деди:

«Эгер силер Алла тааланын ушул көрсөтмөсү жерге каратылып жаткан же мыскылдалып жаткан бир коомчулукта жашаган болсоӊор, ошого карабастан силер Алла тааланын буйругун ээрчисеӊер, силер сабырдуулугуӊарга жараша Алла таала тарабынан көбүрөөк берекелер жана сыйлыктарга жетишесиӊер. Ошентип, бул айлана-чөйрөдө хижабдын туура көрсөткүчтөрүн аткарганыӊар үчүн силерге албетте чоӊ сыйлык берилет».

Азирети Мырза Масрур Ахмад(аба) мындай деп улантты:

«Бугүн мен айрыкча парда (хижаб) тууралуу сүйлөдүм, себеби көбүнчө парда аялдардын акы-укуктарын тебелейт деген доомат коюлат. Ошентсе да, маселе андай эместигин биз билебиз. Чындыгында, парда жана хижаб негизинен аялдардын чыныгы абийирдүүлүгүн, эркиндигин жана көз карандысыздыгын орнотот. Хижаб аялдарга тек денелик коопсуздукту эле бербей, аларга руханий коопсуздук жана жүрөк тазалыгын да берет».

Азирети Мырза Масрур Ахмад(аба) мындай деди: Ислам дининде аялзатынын чыныгы даражасын чагылдыруу – бул Лажна Имааиллахтын милдети.

Азирети Мырза Масрур Ахмад(аба) мындай деди:

«Кудай сактасын, Ислам дини аялдарга катуу жана ырайымсыз мамиле кылуууга үндөйт деген адилетсиз жалааны жокко чыгаруу – бул Лажна Имааиллахтын мүчөсү катары айрыкча силердин милдетиӊер».

Азирети Мырза Масрур Ахмад(аба) Ахмадий мусулмандардын кандай үзгүлтүксүз Алла таалага ибадат кылуу менен алектенип туруулары жөнүндө да сөз кылды.

Ал киши мындай деди:

«Чыныгы ибадат ар бир амалыбыздын Алла тааланын ыраазычылыгына жетишүүгө ниеттенүүнү талап кылат. Эгер биз бул жакка көӊүл бурсак, ар бир амалыбыз, мейли чоӊ болсун же кичине болсун, ибадатка айланып кетет».

Ал киши төмөнкүдөй ак бата менен өз кайрылуусун аяктады:

«Баарыӊардын амалдарыӊар менен Ислам дини аялдарга туура эмес мамиле жасайт дегендер жокко чыгарылсын, кана! Чындыгында, баарыӊар дүйнөгө жана аялзатынын сый-урматын жана абийирдүүлүгүн орното турган эркиндик гана чыныгы эркиндик дегенди билдирет деп түшүнгөндөргө Ахмадия Мусулман Жамаатынын аялдары жана кыздары Исламдын нукура таалимдеринин жарык мисалы экенин далилдесеӊер, кана!»

АЯГЫ

Кошумча маалымат үчүн: press@ahmadiyya.org.uk

Катталган дарек: 22 Deer Park Road, London, SW19 3TL UK

Tel/Fax: 020 8544 7613 Mob: 077954 90682

Email: press@ahmadiyya.org.uk

Press Secretary AMJ International

(Эл аралык Ахмадия Мусулман Жамаатынын басма сөз кызматы боюнча катчысы)

Share via