Ахмадия Мусулман Жамаатынын Жетекчиси Ирландиянын Улуттук Парламентине визит жасады
Эң Мээримдүү (жана) Эң Ырайымдуу Алланын ысымы менен
Алладан башка сыйынууга татыктуу эч ким жок, Мухаммад Алланын Элчиси
Убада кылынган Масийх жана Махдий,
Азирети Мырза Гулам Ахмад (ас)га ишенүүчү мусулмандар

Ахмадия Мусулман Жамаатынын Жетекчиси Ирландиянын Улуттук Парламентине визит жасады

20дан ашуун парламент депутаттары Азирети Мырза Масрур Ахмад(аба)ди тосуп алышты

2014-жылдын 24-сентябрында Ахмадия Мусулман Жамаатынын Бүткүл дүйнѳлүк Жетекчиси, Убада Кылынган Мессия жана Имам Махдий – Азирети Мырза Гулам Ахмад(ас)дын 5-халифасы Азирети Мырза Масрур Ахмад (Алла таала ага Жардамчы болсун) Ирландия Республикасынын Дублин шаарына караштуу Лейнстер Үйүндө жайгашкан «Ойриактас» деген Улуттук Парламентине визит жасады.

IE-Parliament-2

Ал киши жетип келгенде, Парламенттеги коопсуздук кызматтын төрагасы Комдт. Джон Флахерти тарабынан тосулуп алынды.

Андан кийин ал кишини Парламенттин төрагасы (спикери) Сиин Бэретт, ТД, мырза өзүнүн кеӊсесинде кабыл алды.

Жарым сааттык барлашуунун аралыгында спикер ал кишиге Ирландияга кош келгенин айтып, ошондой эле ал киши таратып келе жаткан тынчтык кабарынан жана Ахмадия Мусулман Жамааты Ирландияга салган оӊ салымынан кубанганын билдирди. Алар учурдагы дүйнөдөгү кырдаал жана бир топ башка маселелер жөнүндө сүйлөшүштү.

Спикер коргоо министри катары кызмат аткарган күндөрдө бир канча жолу Африкага сапар тартканын айтты, муну угуп ал киши 1970-1980-жылдары Африкада жашаган күндөрдөгү тажрыйбаларын айтып берди.

IE-Parliament-3

IE-Parliament-4

Андан кийин ал киши ТД жана сенаторлор менен кошо Ирландия Парламентинин 20дан ашуун депутаттары менен жолугушуу үчүн алып барылды.

Жолугушуу аралыгында депуттар Азирети Мырза Масрур Ахмад(аба)ди Ирландияга кош келиӊиз дешти жана Голуэй шаарында Ахмадия Мусулман Жамааты тарабынан салынган «Марям» мечитинин келе жаткан бет ачары менен куттукташты.

IE-Parliament-5

Мындан тышкары ал киши депутаттар тарабынан берилген ар кандай суроолорго жооп берип жатып, аларга Ислам дининин нукура таалимдерин жеткирүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болду.

Ал киши мындай деди: Ахмадия Мусулман Жамааты өзүнүн негиздөөчүсү – Азирети Мырза Гулам Ахмад(ас)ды Убада Кылынган Мессия деп ишенет.

Ал киши мындай деп баяндады: Ахмадий мусулмандар өздөрүнүн негиздөөчүсүн Убада Кылынган Мессия деп кабыл кылгандыктан алар катуу кысымдарга алынышат жана Пакистанда башкалардан бөлүнүп коюлган, айрым башка өлкөлөрдө да бир аз кысымдарга кабылышат.

Жолугушуунун аралыгында ал киши Ахмадия Мусулман Жамаатынын тынчтыкка жана адамзатка кызмат кылуууга туруктуу экенинен сөз кылды.

IE-Parliament-6

Азирети Мырза Масрур Ахмад(аба) мындай деди:

«Биздин Жамаатыбыз бүткүл дүйнөдө гуманитардык иштер жана башкаларга жардам берүү проекттери менен алек болуп келүүдө. Биз көптөгөн мусулман өлкөлөрдө кысымга алынып, ар түрдүү коркунучтарга кабылып жатабыз, ушул акыйкатка карабастан, биз өзүбүздүн жөндөмдөрүбүзгө жараша ошол өлкөлөргө кызмат кылуу жана жардам берүү иштерин улантуудабыз».

Эмнеге атынан эле мусулман деп аталуучулар террористтик иштерге катышууда деген суроого жооп берип, Азирети Мырза Масрур Ахмад(аба) мындай деди:

IE-Parliament-7

«Террористтер же экстремисттер сунуштап жаткан чырлуу жихадга биз ишенбейбиз. Биз терроризм же экстремизм жихадына ишенбейбиз. Мына ушул сыяктуу жекчил иштер бүтүндөй сынга алынуу керек.

Биз жан-дүйнөбүздү реформалап-оӊдоо жана аны жакшыртуу деген жихадга эле ишенебиз; биз Исламдын нукура окууларын тынчтык жолу менен таратуу деген жихадга ишенебиз жана биз тынчтыктын өзүнө чакыруу деген жихадга ишенебиз».

Депутаттар менен жолуккан соӊ ал киши парламенттин ылдыйкы жана жогорку палатанын галереяларына алып барылды, ал жерде ал киши парламенттик отурумду көрдү.

Ылдыйкы палатада ал киши төрагалардын суроо-жоопторун укту.

IE-Parliament-8

IE-Parliament-9

АЯГЫ

Кошумча маалымат үчүн: press@ahmadiyya.org.uk

Катталган дарек: 22 Deer Park Road, London, SW19 3TL UK

Tel/Fax: 020 8544 7613 Mob: 077954 90682

Email: press@ahmadiyya.org.uk

Press Secretary AMJ International

(Эл аралык Ахмадия Мусулман Жамаатынын басма сөз кызматы боюнча катчысы)

Share via