Ахмадия Мусулман Жамаатынын Жетекчиси Ирландияга келди
Эң Мээримдүү (жана) Эң Ырайымдуу Алланын ысымы менен
Алладан башка сыйынууга татыктуу эч ким жок, Мухаммад Алланын Элчиси
Убада кылынган Масийх жана Махдий,
Азирети Мырза Гулам Ахмад (ас)га ишенүүчү мусулмандар

Ахмадия Мусулман Жамаатынын Жетекчиси Ирландияга келди

Азирети Мырза Масрур Ахмад(аба) Голуэй деген жерге жаӊы мечитти ачканы келди

2014-жылдын 22-сентябрында Ахмадия Мусулман Жамаатынын Бүткүл дүйнѳлүк Жетекчиси, Убада Кылынган Мессия жана Имам Махдий – Азирети Мырза Гулам Ахмад(ас)дын 5-халифасы Азирети Мырза Масрур Ахмад (Алла таала ага Жардамчы болсун) Ирландия Республикасына жасаган өзүнүн экинчи иш сапары менен келди.

Ал киши Ирландияда Ахмадия Мусулман Жамааты тарабынан салынган биринчи мечитти ачуу үчүн жол тартты.

Ал киши «Марям» деп ат койгон жаӊы мечит Голуэй шаарында салынган.

Ал киши 2010-жылы Ирландияга жасаган өзүнүн биринчи иш сапарында ушул мечитке алгачкы кышты койгон эле.

Ireland-2

Ал киши 21-сентябрь күнү Лондондон жолго чыгып, North Wales деген жайда түнөп, 22-сентябарь күнү түштөн кийин Дублинге жетип келди.

Ал киши жетип келгенде Ахмадия Мусулман Жамаатынын жергиликтүү мүчөлөрү жылуу тосуп алышты. Алар өздөрүнүн руханий Жетекчисин көрүшкөндө, өз кубанычтары ичтерине батпай жатты.

Мечиттин бет ачарынан тышкары ал киши Ирландияда болгон күндөрдүн аралыгында атайын уюштурулган бир кечеге кайрылуу жасап, Ахмадий мусулман эмес сыйлууларга жана конокторго Исламдын чыныгы жана тынчтык таалимдерин айтып берет.

Ал эми Ирландияда ал киши Ахмадия Мусулман Жамаатынын жүздөгөн жергиликтүү мүчөлөрү менен жекече жолугушууларды да өткөрөт.

Ireland-3

АЯГЫ

Кошумча маалымат үчүн: press@ahmadiyya.org.uk

Катталган дарек: 22 Deer Park Road, London, SW19 3TL UK

Tel/Fax: 020 8544 7613 Mob: 077954 90682

Email: press@ahmadiyya.org.uk

Press Secretary AMJ International

(Эл аралык Ахмадия Мусулман Жамаатынын басма сөз кызматы боюнча катчысы)

Share via