2014-жылы Англияда болуп өткөн Жалса Саланага (Жылдык Жыйын) көрүлгөн даярдыктарды текшерүү
Эң Мээримдүү (жана) Эң Ырайымдуу Алланын ысымы менен
Алладан башка сыйынууга татыктуу эч ким жок, Мухаммад Алланын Элчиси
Убада кылынган Масийх жана Махдий,
Азирети Мырза Гулам Ахмад (ас)га ишенүүчү мусулмандар

2014-жылы Англияда болуп өткөн Жалса Саланага (Жылдык Жыйын) көрүлгөн даярдыктарды текшерүү

Үч (3) күндүк Жылдык Жыйын жума күнү Хэмпшир деген жерде жайгашкан «Хадийкатул-Махдийде» башталат

Ахмадия Мусулман Жамаатынын Бүткүл дүйнѳлүк Жетекчиси, Убада Кылынган Мессия жана Имам Махдий – Азирети Мырза Гулам Ахмад(ас)дын 5-халифасы Азирети Мырза Масрур Ахмад (Алла таала ага Жардамчы болсун) 24-августта базар күнү Англиядагы Ахмадия Мусулман Жамаатынын 48-Жалса Саланасына (Жылдык Жыйын) көрүлүп жаткан даярдыктарды көрүп чыкты.

Үч (3) күндүк Жалса Салана (Жылдык Жыйын) 29-августта жума күнү Хэмпшир деген жерде жайгашкан «Хадийкатул-Махдийде» (Махдийдин багы) башталат.

2014-08-24-Inspection-002

Даярдыктар камсыздалып жаткан кезде Азирети Мырза Масрур Ахмад(аба) уюштурулуп, үч күндүк аземдин аралыгында иштей турган ар кандай бөлүмдөрдү көрүп чыкты. Ал кишиге (Хузурга) учурда көрүлүп жаткан ар кандай даярдыктар жөнүндө кыскача маалыматтар берилди.

Андан соӊ ал киши акысыз иштей турган миӊдеген ыктыярчы кызматчыларга түздөн-түз кайрылып, аларга өздөрүнө жүктөлгөн милдеттерди этияттык менен аткарууга жана намаздарды калтырбай окууга насаат кылды.

Азирети Мырза Масрур Ахмад(аба) мындай деди:

«Силер эч бир кызматты кичине же маанисиз деп ойлобогула жана өзүӊөргө жүктөлгөн ар бир милдетти эӊ мыкты ыкмада аткаргыла. Ошондой эле бардык кызматчылар жана ушул Жалсага катышкандардын баары өздөрүнүн убакыттарын дубалар менен алектенген бойдон өткөрүүлөрү керек».

Ал киши жума күнү аземде өзүнүн жума кутбасын окуганда, Жалса Салана башталат.

2014-08-24-Inspection-003

Андан кийин ал киши жуманын аягында дагы төрт кайрылууну жасайт. Программалардын баары МТА Интернейшналдан (Эл аралык Муслим ТВ Ахмадия) түз эфир аркылуу бүткүл дүйнөгө көрсөтүлөт.

2014-08-24-Inspection-004

АЯГЫ

Кошумча маалымат үчүн: press@ahmadiyya.org.uk

Катталган дарек: 22 Deer Park Road, London, SW19 3TL UK

Tel/Fax: 020 8544 7613 Mob: 077954 90682

Email: press@ahmadiyya.org.uk

Press Secretary AMJ International

(Эл аралык Ахмадия Мусулман Жамаатынын басма сөз кызматы боюнча катчысы)

Share via