Ахмадия Мусулман Жамаатынын Жетекчиси Рамазан айынын акыркы күнү «Дарсул-Куран» (Куран сабагын) өткөрдү
Эң Мээримдүү (жана) Эң Ырайымдуу Алланын ысымы менен
Алладан башка сыйынууга татыктуу эч ким жок, Мухаммад Алланын Элчиси
Убада кылынган Масийх жана Махдий,
Азирети Мырза Гулам Ахмад (ас)га ишенүүчү мусулмандар

Ахмадия Мусулман Жамаатынын Жетекчиси Рамазан айынын акыркы күнү «Дарсул-Куран» (Куран сабагын) өткөрдү

Анан бүгүн Азирети Мырза Масрур Ахмад(аба) айт намазын окутат

Ахмадия Мусулман Жамаатынын Бүткүл дүйнѳлүк Жетекчиси, Убада Кылынган Мессия жана Имам Махдий – Азирети Мырза Гулам Ахмад(ас)дын 5-халифасы Азирети Мырза Масрур Ахмад (Алла таала Ѳзү ага Жардамчы болсун) быйылкы Рамазан айынын соӊку күнү, 2014-жылдын 29-июлунда Лондон шаарында жайгашкан «Фазл» мечитинен Ахмадия Мусулман Жамаатынын мүчөлөрүнө кайрылуу жасады.

Ал киши биргелешип дуба кылуудан мурда өзүнүн маӊдайында чогулуп отурган жана бүтүн дүйнөнүн булуӊ-бурчтарында көрүп жаткан көрөрмандардын алдында Курани каримдин акыркы төрт сүрөөсүн тафсир кылды (чечмелеп берди).

Азирети Мырза Масрур Ахмад(аба) мындай деди: Рамазан айында ар күнү уламаларыбыз Курани каримдин айрым бөлүктөрүн тафсир кылып берди, чечмелеп түшүндүрүштү, ушинтип куттуу Рамазан айында Куран китебинин баары чечмеленип-түшүндүрүлүп берилди. Ал киши баса белгилеп насаат кылды: бардык Ахмадий мусулмандар жыл аралыгында Курани каримдин чыныгы маани-мазмунун үйрөнүүнү уланта берүүгө аракеттенүүсү керек.

Халифа эки (2) күн мурда Пакистандагы Гужранвала шаарында Ахмадия Мусулман Жамаатынын мүчөлөрүнө каршы кылынган мыкаачылык жана анда шейит кеткен үч (3) Ахмадий мусулман жөнүндө да сөз кылган. Ал киши мындай деп кошумчалады: Ахмадия Мусулман Жамааты мына ошондой курмандыктар Алла таала тарабынан сыйланат деп ар бир сыноого сабыр кылат.

Ал киши Ахмадий мусулмандар дүйнөдө тынчтык болушу үчүн мени менен бирге дуба кылсын деп өз сөзүн аяктады. Ал киши мындай деди: мусулман үммөтү бөлүнүп кеткен жана ынтымаксыздыкка кабылган. Ошондуктан, алар Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад(сав) аркылуу үйрөтүлгөн Исламдын нукура жана тынчтык таалимдерине жол алышсын деп ал киши дуба кылды. Ал киши Эл аралык Ахмадия Мусулман Жамаатынын бардык мүчөлөрү үчүн да дуба сурады.

Бүгүн кийинчерээк Азирети Мырза Масрур Ахмад(аба) Лондон шаарында жайгашкан «Байтул-Футух» мечитинен өзүнүн айт кутбасын окуудан мурда орозо айтын окутат. Алып барыла турган программалардын баары МТА Интернейшналдан (Бүткүл дүйнөлүк Муслим ТВ Ахмадия) түз эфир аркылуу көрсөтүлөт.

АЯГЫ

Кошумча маалымат үчүн: press@ahmadiyya.org.uk

Катталган дарек: 22 Deer Park Road, London, SW19 3TL UK

Tel/Fax: 020 8544 7613 Mob: 077954 90682

Email: press@ahmadiyya.org.uk

Press Secretary AMJ International

(Эл аралык Ахмадия Мусулман Жамаатынын басма сөз кызматы боюнча катчысы)

Share via