Бүткүл дүйнөлүк мусулман жетекчи Израил-Палестин кагылышынан жабыркаган бейкүнөө адамдар үчүн дуба сурады
Эң Мээримдүү (жана) Эң Ырайымдуу Алланын ысымы менен
Алладан башка сыйынууга татыктуу эч ким жок, Мухаммад Алланын Элчиси
Убада кылынган Масийх жана Махдий,
Азирети Мырза Гулам Ахмад (ас)га ишенүүчү мусулмандар

Бүткүл дүйнөлүк мусулман жетекчи Израил-Палестин кагылышынан жабыркаган бейкүнөө адамдар үчүн дуба сурады

Азирети Мырза Масрур Ахмад(аба) кагылышты токтотуп, тынчтыкты орнотууга өз ролун ойноого мусулмандарды чакырды

Ахмадия Мусулман Жамаатынын Бүткүл дүйнѳлүк Жетекчиси, Убада Кылынган Мессия жана Имам Махдий – Азирети Мырза Гулам Ахмад(ас)дын 5-халифасы Азирети Мырза Масрур Ахмад (Алла таала Ѳзү ага Жардамчы болсун) быйылкы Рамазан айында окуган өзүнүн соӊку жума кутбасында Газада өкүм сүрүп жаткан коогалаӊды сынга алды.

Ал киши Рамазан айынын акыркы күндөрүндө келүүчү, Ислам таалимдери боюнча «кадыр түнү» деп аталуучу «лайлатул-кадар» жөнүндө кеӊ-кесири сүйлөдү. Ал киши Ахмадий мусулмандарга туура жолду сурагыла жана Жалгыз Аллага ибадатыӊарды күчөткүлө деп баса белгилеп насаат кылды.

Ал киши 2014-жылдын 25-июлунда Лондондо жайгашкан «Байтул-Футух» мечитинде чогулушкан миӊдеген Ахмадий мусулмандарга кайрылып жатып, болуп жаткан Израил-Палестин кагылышы жөнүндө кеӊири-кесири сөз кылды. Жума кутбасы МТА Интернейшналдан (Эл аралык Муслим ТВ Ахмадия) түз эфир аркылуу бүткүл дүйнөгө көрсөтүлдү.

Азирети Мырза Масрур Ахмад(аба) мындай деди:

«Өтө чоӊ өкүнүч менен айтат элем: бүгүнкү күндө көпчүлүк мусулман өлкөлөрдүн бактысыздыгы бул: алар өз ара бириккен эмес. Адамдар өз ара салгылашууда; жарандар өз бийликтери менен согушууда; ал эми бийликтер өз жарандарына мыкаачылык кылууга себепчи болууда. Демек, ынтымак эле жок болбостон, чоӊ зулумдуктар жана адилетсиздиктер кылынууда.

Ынтымактын жоктугунун натыйжасы бул: эми мусулман эмес өлкөлөр толук ишенимдүүлүк менен мусулман өлкөлөргө каршы өздөрү каалаганын кылышууда жана мына ошондон улам Израил өтө чоӊ мыкаачылык менен Палестиндеги бир топ бейкүнөөлөрдү өлтүрүү менен алек.

Эгер мусулмандар бириккен болсо жана Алла тааланын жолун ээрчишсе, анда мусулман коомдор биримдүүлүк менен өтө чоӊ күчкө ээ болуп, жогоруда сөз кылынган мыкаачылык эч качан болмок эмес».

Азирети Мырза Масрур Ахмад(аба) мындай деди:

«Израил менен салыштырганда, Палестиналыктарда эч кандай күч-кубат жана кудурет жок. Албетте, мыкаачылыктын баары туура эмес жана эгер Хамас мыкаачылык кылса, анда мусулман өлкөлөр аны да токтотуулары керек. Кыскасы, эгер силер эки тараптын күч-кубаты менен кудуретин жана мыкаачылыктарын салыштырып көрсөӊөр, анда бир тарап таяк колдонуп, ал эми экинчи тарап өзүнүн адилетсиздигин ишке ашыруу үчүн ар жактан куралданган аскерлерди колдонгондой.

Жакында түрк мусулмандар бир аза күтүү аземин уюштурушту жана мусулман өлкөлөр: «Ушул ыкмада булар өздөрүнүн милдеттерин аткарышууда», – деп ойлошот. Демек, алар өздөрүнүн тиешелүү ролун ойношкон эмес, кудум ошондой Батыш дүйнө да өзүнүн милдетин орундаткан эмес. Алар активдүүлүк жана туруктуулук менен мыкаачылыкты токтотуулары лаазым.

Кыскасы, Алла таала жабыркагандарды жана бейкүнөөлөрдү ушул мыкчаачылыктан коргосун, ошондой эле тынчтык орносун деп биз дуба эле кыла алабыз.

Ошондой эле Алла таала бири-бири менен салгылашып, баш аламандыкты чыгарып жаткан мусулман өлкөлөргө ойлонуу жөндөмдүүлүгү жана акыл-парасат тартууласын. Алла таала колдоп, алардын ортосунда ынтымак пайда болсун».

Бир саатка созулган өзүнүн жума кутбасында ал киши «Лайлатул-Кадр» (кадыр түн) жөнүндө да кеӊири-кесири сөз кылган.

Ал киши «Лайлатул-Кадрдын» (кадыр түн) ар кандай маанилерин айтып, адамдар андан кандай пайда көрөөрүн айтып берди. Ал киши ушул береке улуттук ынтымак менен гармонияга тыгыз байланыштуу экенин айтты.

Азирети Мырза Масрур Ахмад(аба) мындай деп жыйынтыктады:

«Бүгүн ушул жылдын Рамазан айынын акыркы жума белгиленип жатат. Ушу менен бул айдын берекелери аягында чыкты деп ойлонбош керек, тескерисинче ушул берекелер өмүрдүн акырына чейин созулуу (же улануу) керек».

Friday Sermon 25th July 2014 with 10+ translations

АЯГЫ

Кошумча маалымат үчүн: press@ahmadiyya.org.uk

Катталган дарек: 22 Deer Park Road, London, SW19 3TL UK

Tel/Fax: 020 8544 7613 Mob: 077954 90682

Email: press@ahmadiyya.org.uk

Press Secretary AMJ International

(Эл аралык Ахмадия Мусулман Жамаатынын басма сөз кызматы боюнча катчысы)

Share via