Суррей деген жерде болуп өткөн Улуттук чогулушка 5000ге жакын мусулман жаштар катышты
Эң Мээримдүү (жана) Эң Ырайымдуу Алланын ысымы менен
Алладан башка сыйынууга татыктуу эч ким жок, Мухаммад Алланын Элчиси
Убада кылынган Масийх жана Махдий,
Азирети Мырза Гулам Ахмад (ас)га ишенүүчү мусулмандар

Суррей деген жерде болуп өткөн Улуттук чогулушка 5000ге жакын мусулман жаштар катышты

Үч күндүк азем Ахмадия Мусулман Жамаатынын 5-халифасы жасаган таасирлүү кайрылуусу менен аяктады.

Ахмадия Мусулман Жамаатынын бүткүл дүйнѳлүк Жетекчиси, Убада Кылынган Мессия жана Имам Махдий – Азирети Мырза Гулам Ахмад(ас)дын 5-халифасы Азирети Мырза Масрур Ахмад (Алла таала Ѳзү ага Жардамчы болсун) Англиядагы Ахмадия Мусулман Жамаатынын жаштар уюмунун (Мажлис Худдаамуль-Ахмадия) 42-Улутуттук Ижтимаасына (Жылдык Чогулуш) ыйманды күчөтө турган жыйынтык кайрылуусун жасады.

2014-06-22-MKA-UK-002

Ал киши аземге катышкандардын моралдык деӊгээлдерин көтөрүү жана тынчтык, биримдик, өз Ата Мекенин сүйүү сезимин өркүндөтүү максатында Тилфорд, Суррейде жайгашкан «Исламабад» деген жайда болуп өткөн үч күндүк Ижтимаага (жыйынга) үч күн бою катышты.

2014-06-22-MKA-UK-003

Террористтер менен экстремисттер Ислам дининин атынан ыпылас кылыктарын көрсөтүп келе жаткан бир убакта бүткүл дүйнөдөгү миллиондогон Ахмадий мусулмандардын руханий жетекчиси – халифа дагы бир жолу экстремиздин бардык көрүнүштөрүн жокко чыгарып, бүтүндөй сынга алды.

2014-06-22-MKA-UK-004

Ал киши мындай деди: бардык Ахмадий мусулмандар Алла таала менен жеке алака-байланышты түзүүгө жетишүүлөрү керек жана адамзатка кызмат кылуулары лаазым. Ал бардык катышкандардан өздөрүнүн ишенимине да, өлкөсүнө да – экөөсүнө теӊ чын болууга антты да алды.

Ал киши төмөнкүлөрдү айтты: аземге катышкан 4750 Ахмадий мусулман жаштар, ошондой эле МТА Интернейшналдан түз эфир аркылуу көрүп олтурган бүткүл дүйнөдөгү көрүүчүлөр ар дайым улуу даражадагы ийгиликтерге жетишүүгө аракеттенүүлөрү зарыл.

Азирети Мырза Масрур Ахмад мындай деди:

«Худдаамуль-Ахмадия (Ахмадий мусулман жаштарынын уюму) муну ар дайым эске тутуусу керек: өсүп-өнүгүүчү коомдор жана өсүп-өнүгүүчү адамдар эч качан бир жерге токтоп калышпайт, тескерисинче ар дайым ишенимдүүлүк менен алгалай берүүгө аракет жасашат, өсүп-өнүгүүгө аракет кылышат жана тээ алыскы аймактарга чейин жайылып кетишет».

2014-06-22-MKA-UK-005

2014-06-22-MKA-UK-006

Ал киши Ахмадия Мусулман Жамаатынын негиздөөчүсү, Убада Кылынган Мессия жана Имам Махдий – Азирети Мырза Гулам Ахмад(ас)дын билдирүүсү жөнүндө да сөз кылды.

Ал киши айрым окуяларды да айтып берди. Ал окуялардан Алла таала түш аркылуу кандай ар кайсы өлкөлөрдө жашаган адамдарга Ахмадия Мусулман Жамаатына багыттагандыгы байкалат.

Ал киши мындай деди: жыл сайын миӊдеген адамдар Ахмадия Мусулман Жамаатына мүчө болуп кирүүдө жана Алла тааланын берешендиги менен аталган Жамаат дүйнөнүн 200дөн ашуун өлкөлөрүндө өз тамырын жайган.

2014-06-22-MKA-UK-007

Ал киши мындай деди: дүйнөлүк жана саясий көз карашка эле ээ болгон адамдар өздөрүнүн максаттарына жетишүү үчүн көбүнчө абдан күчтүү жана коркунучтуу куралдарды колдонушкан, бирок Ахмадия Мусулман Жамааты ар дайым тынчтык жол-жоболорду эле пайдаланып келген жана ошону эле кармап турат.

Азирети Мырза Масрур Ахмад мындай деди:

«Ахмадий мусулман киши эч качан дүйнөлүк куралдарды тандабайт, тескерисинче өзүнүн руханий максаттарына жетишүү үчүн Ахмадий мусулман адам тек руханий куралдарга жана дубага эле муктаж».

2014-06-22-MKA-UK-008

Ал киши мындай деп кошумчалады: Ахмадия Мусулман Жамаатынын өсүп-өнүгүүсү жана ийгиликтүүлүгү Жамаат мүчөлөрүнүн Алла таала менен жеке алака-байланышты түзүүдө жана пенделер акы-укуктарын аткарууда, Ислам дини бизге ал экөөсүнөн эле таалим берген.

2014-06-22-MKA-UK-009

Өзүнүн кайрылуусунун аягында Азирети Мырза Масрур Ахмад дагы бир жолу мындай деп баса белгиледи: ар бир Ахмадий мусулман өзүнүн адеп-ахлактарын туу чокусуна көтөрүүгө аракет кылуусу лаазым.

Азирети Мырза Масрур Ахмад(аба) мындай деди:

«Силердин мүнөзүӊөр өтө күчтүү болуп, бүткүл дүйнөгө үлгү болушуӊар керек… Өзүӊөрдү үлгүлүү мисал кылып, өзүӊөрдүн жакшы мүнөзүӊөр аркылуу унчукпай даават кылып жаткан болосуӊар. Башкалар жакка карабастан, өзүӊөргө карагыла, кандай мамиле кылууӊар керектигине, ошондой эле эч кандай алдоосуз жана эки жүздүүлүксүз Убада Кылынган Мессиянын келүү максатын аткарууӊар канчалык зарыл экендигине көӊүл бургула».   

2014-06-22-MKA-UK-010

42-Улуттук Ижтимаанын (Чогулуш) темасы «Убада Кылынган Месиянын келүү максаты» болчу. Жуманын аягында Ахмадий мусулмандар Курани каримди окуу боюнча, диний ырларды ырдоо боюнча, кайрылуулар жасоо боюнча, криккет, футбал, воллейбал ж.б. ар түрдүү спорттор боюнча жарыштарга катышышты.

Быйыл кошулган дагы бир жаӊылык «изилденүү чатыры» болуп, анда ар түрдүү темалар тегерегинде сүйлөшүүлөр алып барылды. Ал эми китеп окуу максатында катышкандар үчүн убактылуу китепкана жана жаштар үчүн теннис, шахмат ж.б. оюндар ойноо максатында ички оюндар үчүн чатыр тигилип, бейрасмий бир чөйрө түзүлгөн.

Ислам тарыхы жөнүндөгү бир көргөзмөнү да көп адамдар көрүшкөн.

АЯГЫ

Кошумча маалымат үчүн: press@ahmadiyya.org.uk

Катталган дарек: 22 Deer Park Road, London, SW19 3TL UK

Tel/Fax: 020 8544 7613 Mob: 077954 90682

Email: press@ahmadiyya.org.uk

Press Secretary AMJ International

(Эл аралык Ахмадия Мусулман Жамаатынын басма сөз кызматы боюнча катчысы)

Share via