Германиядагы 2014-жылы болгон Жалса Салана аягына чыкты
Эң Мээримдүү (жана) Эң Ырайымдуу Алланын ысымы менен
Алладан башка сыйынууга татыктуу эч ким жок, Мухаммад Алланын Элчиси
Убада кылынган Масийх жана Махдий,
Азирети Мырза Гулам Ахмад (ас)га ишенүүчү мусулмандар

Германиядагы 2014-жылы болгон Жалса Салана аягына чыкты

Карлсруэ шаарында болуп өткөн үч күндүк жыйынга 33000ден ашуун адам катышышты

Ахмадия Мусулман Жамаатынын бүткүл дүйнѳлүк Жетекчиси, Убада Кылынган Мессия жана Имам Махдий – Азирети Мырза Гулам Ахмад(ас)дын 5-халифасы Азирети Мырза Масрур Ахмад (Алла таала Ѳзү ага Жардамчы болсун) 2014-жылдын 15-июнунда «Алла таала менен жеке алака-байланышты түзүүнүн маанилүүлүгү» деген темада жасаган руханий азыктарга толгон кайрылуусу менен Германиядагы Ахмадия Мусулман Жамаатынын 39-Жалса Саланасын (Жылдык Жыйын) аягына чыгарды.

Ал киши өз кайрылуусунда мындай деп айтты: кээ бир адамдар Алла таала сүйлөбөй калды дешет, бирок чындыгында Алла тааланын сапаттары мурункудай эле бүгүнкү күндө да ачыкка чыгууда. Ал киши мындай деди: Алла таала ар дайым уккандай эле азыр да угат жана ар дайым сүйлөгөндөй эле азыр да сүйлөйт.

2014-06-15-Jalsa-002

Өзүнүн кайрылуусунда ал киши адамзат Алла таала менен байланышуусу мүмкүн болгон ыкмаларды баса белгилеп өттү. Ахмадия Мусулман Жамаатынын негиздөөчүсү, Убада Кылынган Мессия жана Имам Махдий – Азирети Мырза Гулам Ахмад(ас)дын жазгандарынан бир үзүндү келтирип, Азирети Мырза Масрур Ахмад мындай деди: эгер кимдир бирөө Алла таала менен алака-байланышты түзмөкчү болсо, а дегенде ал киши өзүнүн күнөөлөрдөн таза болушун тилөөсү керек жана ал киши Алла тааланы кудум эле бирөө өзүнүн атасын эстегениндей эстөөсү лаазым.

Ал киши Азирети Имам Махдий(ас)дын чынчылдыгын ырастаган бир топ далилдерден сөз кылуудан мурда дубанын маанилүүлүгүн баса белгилеп көрсөттү.

2014-06-15-Jalsa-003

Азирети Мырза Масрур Ахмад(аба) мындай деп аяктады:

«Өздөрүнүн ишенимин туура жана так түшүнгөндөрдөн бололу; Алла таалага жакын болуп, Анын Сүйүүсүнө жетишкендерден бололу жана Азирети Имам Махдий(ас) бизге калтырган өтө чоӊ казынанын чыныгы мураскерлеринен бололу деп дуба кылам».

Азем дуба менен аяктады.

Буга чейин ошол эле күнү Карлсруэ шаарында болуп өткөн ушул аземге катышкан 33000 миӊден ашуун Ахмадий мусулмандар халифанын колуна адамды толкундата турган ант берүү (байъат) аземине катышышты, ал эми жер жүзүндөгү Ахмадий мусулмандар да МТА Интернейшнал каналынан берилип жаткан түз эфир аркылуу ага катышышты.

2014-06-15-Jalsa-004

Jalsa Salana Germany 2014 Video Coverage

Jalsa Salana Germany 2014 Photo Gallery

АЯГЫ

Кошумча маалымат үчүн: press@ahmadiyya.org.uk

Катталган дарек: 22 Deer Park Road, London, SW19 3TL UK

Tel/Fax: 020 8544 7613 Mob: 077954 90682

Email: press@ahmadiyya.org.uk

Press Secretary AMJ International

(Эл аралык Ахмадия Мусулман Жамаатынын басма сөз кызматы боюнча катчысы)

Share via