Ахмадия Мусулман Жамаатынын Жетекчиси: «Чыныгы халифат – бул руханий жетекчилик жана ал бийликке же өкмөткө такыр кызыкпайт»
Эң Мээримдүү (жана) Эң Ырайымдуу Алланын ысымы менен
Алладан башка сыйынууга татыктуу эч ким жок, Мухаммад Алланын Элчиси
Убада кылынган Масийх жана Махдий,
Азирети Мырза Гулам Ахмад (ас)га ишенүүчү мусулмандар

Ахмадия Мусулман Жамаатынын Жетекчиси: «Чыныгы халифат – бул руханий жетекчилик жана ал бийликке же өкмөткө такыр кызыкпайт»

Азирети Мырза Масрур Ахмад(аба) Германиядагы Жылдык Жыйындын 2-күнү Ахмадий эмес конокторго кайрылуу жасады

2014-жылдын 13-июнунда ишенби күнү Ахмадия Мусулман Жамаатынын бүткүл дүйнѳлүк Жетекчиси, Убада Кылынган Мессия жана Имам Махдий – Азирети Мырза Гулам Ахмад(ас)дын 5-халифасы Азирети Мырза Масрур Ахмад (Алла таала Ѳзү ага Жардамчы болсун) Германиядагы Ахмадия Мусулман Жамаатынын 39-Жалса Саланасынын (Жылдык Жыйын) 2-күнү чогулган 1000ге жакын Ахмадий эмес конокторго жасаган кайрылуусунда халифаттын түпкү акыйкатынан сөз кылды. Ал киши өз кайрылуусунда «кандай гана болбосун, Ислам дини экстремизге же баш аламандыкка үйрөтөт» деген ой-пикирди да чечкиндүү түрдө жокко чыгарды.

Germany-JalsaSalana-2014-Day2-2

Азирети Мырза Масрур Ахмад(аба) халифат деген башкаруу жөнүндө сөз кылып, мындай деди:

«Бүгүнкү күндө халифат деген башкаруу – бул руханий жетекчилик болуп, ал Ахмадия Мусулман Жамаатын Исламдын чыныгы окууларын кармануусуна жетелейт».

Азирети Мырза Масрур Ахмад(аба) өз пикирин мындай деп улантты:

«Ахмадия Мусулман Жамаатындагы халифат Исламдын Алла тааланын акы-укуктарын аткаруу жана пенделеринин акы-укуктарын аткаруу деген нукура окууларынан эч качан алыстабайт. Бүгүнкү күндө халифат деген башкаруу мүмкүн болгон ар бир жолдо тынчтык үчүн күрөшүүдө, ошондой эле бүткүл дүйнөгө сүйүүнү жана мээримдүүлүктү жайылтууда».

Germany-JalsaSalana-2014-Day2-3

Азирети Мырза Масрур Ахмад(аба) мындай деди:

«Муну да ачык-айкын айтып коёюн: Ахмадия Мусулман Жамаатын жетелеп келе жаткан халифат деген башкаруу бийликке же өкмөткө такыр кызыкпайт. Чыныгы халифат дүйнөлүк же саясий максат-мүдөөлөрдү көздөбөйт деп бекем ишенгиле. Ахмадия халифатын ойлонто турган жападан-жалгыз нерсе – бул жер жүзүндөгү бардык адамдар өзүлөрүнүн Жаратуучусун таанып, Жалгыз Кудайга моюн сунушсун».

Ал киши Ахмадий мусулмандар менен алардын халифасынын ортосундагы алака-байланыштан да сөз кылды. Ал киши мындай деди: ушул теӊдеши жок алака-байланыштын айынан эле Ахмадий мусулмандар өз ара бириккен бойдон турушат жана бүткүл дүйнөгө Исламдын тынчтык кабарын жайылтуу ниетинде олтурушат.

Germany-JalsaSalana-2014-Day2-4

Азирети Мырза Масрур Ахмад(аба) дагы мындай деди:

«Силер өз көзүӊөр менен көрүп жатканыӊардай, ушул залдарда олтурган миӊдеген эркектер жана аялдар халифатка бекем байланышып, бул үзүлгүс руханий алака-байланыштын аркасынан алар чындап бириккен. Алар сүйүү менен мээримдүүлүктү кантип жайылтууга болот жана адамзаттын акы-укуктарын кантип аткарууга болот дегенди эле сүйлөшөт».

Ал киши мындай деди: Ислам тынчтыктын жана мээримдүүлүктүн дини болуп, Ахмадий мусулмандар ошол эле нукура баалуулуктарды ээрчишүүдө. Ал киши мындай деп кошумчалады: Ахмадия Мусулман Жамаатынын негиздөөчүсү – Азирети Мырза Гулам Ахмад(ас) өзүн ээрчигендерге адамзатка мээримдүү болууга улам-улам баса белгилеп насаат кылган.

Germany-JalsaSalana-2014-Day2-5

Азирети Мырза Масрур Ахмад(аба) Убада Кылынган Мессия жана Имам Махдий – Азирети Мырза Гулам Ахмад(ас) жазган ой-пикиринен төмөнкүдөй үзүндүнү мисал катары келтирди:

«Ыйман эки эле толук бөлүктөн турат: бири, Алла тааланы сүйүү; экинчиси, адамзатты ушунчалык катуу сүйүү: башкалардын кыйынчылыктарын, сыноолорун жана кырсыктарын өзүнүкү деп билүү жана алар үчүн дуба суроо».

Исламдын теӊ укуктуулук жөнүндөгү таалиминен сөз кылып жатып, Азирети Мырза Масрур Ахмад(аба) мындай деди:

«Денелик, экономикалык же социалдык кулчулук болобу, Ислам дини мусулмандарга ар бир адамдын жана ар бир улуттун кулчулуктун бардык көрүнүштөрүнөн көз карандысыз экенин үйрөтөт. Ислам бизге төмөнкүлөрдү үйрөтөт: бардык адамдар теӊ укуктуу жана улут же түс жагынан эч бир адам өйдө эмес же бийик даражага ээ эмес».

Ал киши биримдикке чакырып, жалпы баалуулуктарды өнүктүрүү керек деген кайрылуу менен өз сөздөрүн аяктады.

Азирети Мырза Масрур Ахмад(аба) мындай деди:

«Бири-бирине доомат кылуунун ордуна, бири-биринин намысына тийишүүнүн ордуна биз өз ара биригишибиз керек жана коомдун өсүп-өнүгүүсү үчүн жана дүйнөдө тынчтыкты орнотуу үчүн иштешибиз лаазым».

Бир топ сыйлуулар да Жылдык Жыйында кайрылуу жасашты. Алардын ар бири Ахмадия Мусулман Жамаатынын тынчтыкка жана дин эркиндигине болгон бекем ой-ниетине баа берди.

Буга чейин ошол күнү Азирети Мырза Масрур Ахмад(аба) түздөн-түз Лажна Имааиллах (Ахмадия Мусулман Жамаатынын 15 жаштан кийинки жаштагы аялдар уюму) мүчөлөрүнө кайрылуу жасап, аларга өз жашоолорунун бардык тармактарында абийирдүү болууга жана алардын балдарынын моралдык таалим-тарбиясынын канчалык зарыл экенине баса белгилеп насаат кылды.

Germany-JalsaSalana-2014-Day2-6

Germany-JalsaSalana-2014-Day2-7

АЯГЫ

Кошумча маалымат үчүн: press@ahmadiyya.org.uk

Катталган дарек: 22 Deer Park Road, London, SW19 3TL UK

Tel/Fax: 020 8544 7613 Mob: 077954 90682

Email: press@ahmadiyya.org.uk

Press Secretary AMJ International

(Эл аралык Ахмадия Мусулман Жамаатынын басма сөз кызматы боюнча катчысы)

Share via