Азирети Мырза Масрур Ахмад(аба) Германияда 2014-жылы боло турган Жалса Саланага көрүлгөн даярдыкты көрүп чыкты
Эң Мээримдүү (жана) Эң Ырайымдуу Алланын ысымы менен
Алладан башка сыйынууга татыктуу эч ким жок, Мухаммад Алланын Элчиси
Убада кылынган Масийх жана Махдий,
Азирети Мырза Гулам Ахмад (ас)га ишенүүчү мусулмандар

Азирети Мырза Масрур Ахмад(аба) Германияда 2014-жылы боло турган Жалса Саланага көрүлгөн даярдыкты көрүп чыкты

Бүгүн Карлсруэ шаарында 3 күндүк Жалса Салана башталганы жатат

2014-жылдын 12-июну күнү кечинде Ахмадия Мусулман Жамаатынын бүткүл дүйнѳлүк Жетекчиси, Убада Кылынган Мессия жана Имам Махдий – Азирети Мырза Гулам Ахмад(ас)дын 5-халифасы Азирети Мырза Масрур Ахмад (Алла таала Ѳзү ага Жардамчы болсун) Германиядагы Ахмадия Мусулман Жамаатынын 39-Жалса Саланасына (Жылдык Жыйын) көрүлгөн даярдыктарды текшерүүдө.

Жалса Салананын учурунда ар кандай кызматтарды (же иштерди) аткаруу үчүн түзүлгөн ар түрдүү бөлүмдөрдү текшерип жаткан учурда ал кишиге ошол бөлүмдөр жөнүндө кыскача маалымат да берилди.

Даярдыктарды текшерип бүткөн соӊ ал киши сахнага чыгып, ушул Жалсада ар кандай кызматтарды акысыз аткара турган кызматчыларга кайрылуу жасады. Акысыз кызмат кыла турган миӊдеген кызматчыларга кайрылып, аларды өздөрүнө жүктөлгөн милдеттерди толук кандуу жоопкерчилик менен аткарып, дубалар менен алектенип турууларына чакырды.

Germany-JalsaSalana-2014-2

Азирети Мырза Масрур Ахмад(аба) мындай деди:

«Алла таала менен алака-байланышыӊар түзүлмөйүнчө жана силер Ага жүздөнмөйүнчө иштериӊерге кут-береке кошулбайт. Демек, ушул жердеги айлана-чөйрөӊөргө дагы руханийлик маанай кошулсун деп намаздарыӊар менен дубаларыӊарды өз убагында аткарууга аракет жасагыла жана тилдериӊерди зикир чалуу менен алектендирип тургула. Ошентип, дагы пайда боло турган руханийлик маанай денеӊерден да байкалсын, тилиӊерден да байкалсын, оюӊардан да байкалсын. Демек, бул абдан маанилүү нерсе, муну эч качан унутпагыла: биздин жумуштарыбыз негизинен дубанын аркасынан гана аткарылат».

Жалса Салана Германиянын Карлсруэ шаарында өткөрүлөт жана 13-июнь күнү Азирети Мырза Масрур Ахмад(аба)дин жума кутбасы менен ачык деп жарыяланат. Жалса Салананын программасы МТА Интернейшналдан (Эл аралык Муслим ТВ Ахмадия) түз эфир арыклуу бүткүл дүйнөгө көрсөтүлөт.

Germany-JalsaSalana-2014-3

Germany-JalsaSalana-2014-4

АЯГЫ

Кошумча маалымат үчүн: press@ahmadiyya.org.uk

Катталган дарек: 22 Deer Park Road, London, SW19 3TL UK

Tel/Fax: 020 8544 7613 Mob: 077954 90682

Email: press@ahmadiyya.org.uk

Press Secretary AMJ International

(Эл аралык Ахмадия Мусулман Жамаатынын басма сөз кызматы боюнча катчысы)

Share via