2014-жылдын 27-майында «Хилаафат күнү» деген ыйык учурга байланыштуу Ахмадия Мусулман Жамаатынын Жетекчиси тилеген тилек-сөзү
Эң Мээримдүү (жана) Эң Ырайымдуу Алланын ысымы менен
Алладан башка сыйынууга татыктуу эч ким жок, Мухаммад Алланын Элчиси
Убада кылынган Масийх жана Махдий,
Азирети Мырза Гулам Ахмад (ас)га ишенүүчү мусулмандар

2014-жылдын 27-майында «Хилаафат күнү» деген ыйык учурга байланыштуу Ахмадия Мусулман Жамаатынын Жетекчиси тилеген тилек-сөзү

Азирети Мырза Масрур Ахмад МТАдан түз эфир аркылуу көрсөтүлүүчү атайын арабча телеберүүгө катышты

Ахмадия Мусулман Жамаатынын Бүткүл дүйнөлүк Жетекчиси, Убада Кылынган Мессия жана Махдий – Азирети Мырза Гулам Ахмад(ас)дын 5-халифасы – Азирети Мырза Масрур Ахмад 2014-жылдын 27-майында МТА Интернейшналдан түз эфир аркылуу көрсөтүлгөн бир арабча телеберүүдө Эл аралык Ахмадия Мусулман Жамаатына атайын бир тилек-сөздөр сүйлөгөн.

Ахмадия халифалыгынын түзүлүшүнө бир жүз алты (106) жыл толгонуна байланыштуу түз эфир аркылуу көрсөтүлүп жаткан ошол телеберүүнү Мухаммад Шариф Аудэ мырза алып барган. Учурлук халифанын студияга кирээрде, анын ал жерде бар болгондугунан телеберүүнү алып барган адамдын көздөрүнөн жаш акты.

Khilafat-Day-2014-Huzoor

Өзүнүн атайын тилек-сөзүндө ал киши мындай деди: Ахмадия халифалыгынын Алла таала тарабынан өзгөчө колдоого алып жатканына Ахмадия Мусулман Жамаатынын тарыхы күбө болуп отурат.

Ал киши мындай деп кошумчалады: Убада Кылынган Мессия жана Имам Махдий – Азирети Мырза Гулам Ахмад(ас)дын миссиясы – бул Исламдын нукура жана тынчтык кабарын дүйнөнүн булуӊ-бурчтарында жашаган ар бир адамга жеткирүү. Ахмадия халифалыгы Убада Кылынган Мессия жана Имам Махдий – Азирети Мырза Гулам Ахмад(ас)дын миссиясын эле алдыга сүрүүдө.

Өзүнүн тилек-сөзүндө ал киши Убада Кылынган Мессия жана Имам Махдий – Азирети Мырза Гулам Ахмад(ас)дын пайгамбарлык даражасынан сөз кылып, мындай деп айтты: ал киши Исламдын Негиздөөчүсү – Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад(сав)га көз каранды болуп келген.

Азирети Мырза Масрур Ахмад мындай деди:

«Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад(сав) бүткүл дүйнө үчүн, ар бир доор үчүн жана ар бир жай үчүн, ошондой эле ар бир жаманчылыкты алып салуу үчүн жана дүйнөдөгү фитна-чагымчылыкты кетирүү үчүн келген эле.

Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад(сав) кабарлаган бийик салтанаттуу алдын-ала кабарына ылайык бул доордо Алла таала Убада Кылынган Мессия жана Имам Махдий – Азирети Мырза Гулам Ахмад(ас)ды Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад(сав)га көз каранды катары жөнөткөн. Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад(сав)га көз каранды катары ал(ас)дын миссиясы да – бул бардык жаманчылыктарды кетирүү. Ал(ас) да кыяматка чейинки бардык замандар үчүн жана бүткүл дүйнө үчүн келген».

Ал киши мындай деди: Убада Кылынган Мессия жана Имам Махдий 1908-жылы каза тапканынан тартып, Ахмадия халифалыгы ал(ас)дын миссиясын илгерилетип келүүдө.

Ал киши Ахмадия халифалыгы Курани карим жана Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад(сав)дын хадистерине ылайык түзүлгөн деп айтты.

Ахмадия Мусулман Жамаатынын ишмердүүлүгү жана өсүп-өнүгүүсү жөнүндө сөз кылып, ал киши мындай деди: Ахмадия Мусулман Жамааты Курани каримди жетимиш (70)ден ашуун тилге которуп чыгаруу бактысына ээ болду жана жыл сайын миллиондогон адамдар Ахмадия Мусулман Жамаатына мүчө болуп киришүүдө.

Ахмадия Мусулман Жамаатынын өсүп-өнүгүүсү жана ийгиликтүүлүктөрү жөнүндө дагы сөз кылып, ал киши мындай деди: Алла тааланын өзгөчө берешендиги жана колдоосу менен Ахмадия Мусулман Жамааты дүйнөлүк жагынан чектелген шарттарына ээ экенине карабастан күнү-түнү зор өсүп-өнүгүүлөргө жана ийгиликтерге ээ болууда.

Khilafat-Day-Arabic

Ал киши мындай деди: мен дүйнөлүк лидерлер жана башка Ахмадий эмес адамдар менен жолугушуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болгон ар бир форумда Исламдын таалимдери боюнча аларды ар бир деӊгээлде адилеттүүлүктү, теӊ укуктуулукту жана чынчылдыкты орнотууга чакырдым.

Ал киши мындай деди: МТА Интернейшнал аркылуу бүткүл дүйнөдөгү Ахмадий мусулмандар учурлук халифанын үнүн түздөн-түз угуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушту жана бул менен Ахмадий мусулмандарды өз ара бириктирүүчү руханий ортомчу-куралы болуп дагы да бекемделип калды.

Ал киши жогорудагы салтанаттуу тилек-сөзүн төмөнкүдөй ак бата менен аяктады: Алла таала колдоп, бардык Ахмадий мусулмандар Исламдын нукура жана тынчтык кабарын жайылтуу деген жоопкерчиликти түшүнүүчү адамдардан болушсун. Ал киши бардык Ахмадий мусулмандарды «Хилаафат күнү» менен куттуктады.

Ал кишинин ошол атайын тилек-сөзүнөн кийин ар кандай өлкөлөрдөн Араб Ахмадий мусулмандар телеберүүгө коӊуроо чалып, учурлук халифа менен түздөн-түз сүйлөшүү бактысына ээ болушту.

Телефон аркылуу байланышкан Араб Ахмадий мусулмандар сезим-туйгуларга жык толо болушчу. Эсиӊерде болсун, Ахмадий мусулмандар халифаны Алла тааланын Өзү тандайт деп бекем ишенишет. Тагыраак айтканда, учурлук халифанын шайлануусу – бул Алла тааланын шайлоосу.

Бул атайын телеберүү Ахмадия Мусулман Жамаатынын түзүлүшүнүн 125-жылдыгына карата көрсөтүүсүнө ал кишинин араб тилинде жасаган кайрылуусунан эки (2) айдан кийин көрсөтүлдү.

АЯГЫ

 

Кошумча маалымат үчүн: press@ahmadiyya.org.uk

Катталган дарек: 22 Deer Park Road, London, SW19 3TL UK

Tel/Fax: 020 8544 7613 Mob: 077954 90682 Email: press@ahmadiyya.org.uk

Press Secretary AMJ International

(Эл аралык Ахмадия Мусулман Жамаатынын басма сөз кызматы боюнча катчысы)

Share via