Ахмадия Мусулман Жамаатынын Жол башчысы Ахмадий мусулман жаштарга диний жана дүйнѳлүк окуунун маанилүүлүгү жѳнүндѳ кайрылуу жасады
Эң Мээримдүү (жана) Эң Ырайымдуу Алланын ысымы менен
Алладан башка сыйынууга татыктуу эч ким жок, Мухаммад Алланын Элчиси
Убада кылынган Масийх жана Махдий,
Азирети Мырза Гулам Ахмад (ас)га ишенүүчү мусулмандар

Ахмадия Мусулман Жамаатынын Жол башчысы Ахмадий мусулман жаштарга диний жана дүйнѳлүк окуунун маанилүүлүгү жѳнүндѳ кайрылуу жасады

180ден ашык британиялык мусулман балдар жети күндүк лагерге катышып, Улуу Британияга чынчыл экенине ант беришти 

Азирети Мырза Масрур Ахмад (Алла таала Ѳзү ага Жардамчы болсун) жыйынтык кайрылуусун жасап жатат

2014-жылдын 14-апрелинде Ахмадия Мусулман Жамаатынын Жетекчиси жана 5-халифасы – Азирети Мырза Масур Ахмад(аба) Суррей регионундагы Хаслмир шаарчасына караштуу кооз базарда ѳткѳрүлгѳн, 180ден ашуун мусулман балдар жана ѳспүрүмдѳр катышкан жети күндүк таалим-тарбиялык лагерге жыйынтык сѳздѳрүн айтты.

Аземди Британиядагы «Худдаамуль-Ахмадия» (Ахмадия Мусулман Жамаатынын 15-жаштан 40-жашка чейинки жаштарынын уюму) балдарды Исламдын нукура жана тынчтык таалимдери менен тааныштыруу жана британиялык мусулмандар Улуу Британияга чынчылдыгын жана сүйүүсүн кѳрсѳтүү зарыл экенин айтып берүү максатында уюштурган.

2014-04-14-Conlcuding-Session-Education-Camp-2-1024x643

Азирети Мырза Масрур Ахмад (Алла таала Ѳзү ага Жардамчы болсун) Ахмадия Мусулман Жамаатынын бүткүл дүйнѳлүк жетекчиси, ошондой эле Убада Кылынган Мессия жана Имам Махдий(ас)дын 5-халифасы

Ѳзүнүн жыйынтык кайрылуусунда Азирети Мырза Масрур Ахмад балдарды ѳзүнүн мусулман болуусу менен сыймыктанууга чакырды; ал киши Курани каримдеги бүтпѳс-түгѳнгүс казыналар тууралуу сүйлѳдү; ал киши балдарга ѳздѳрүнүн окуу жѳндѳмдүүлүгүн ишке салууга баса белгилеп насаат кылды жана аларга дубанын кудуреттүүлүгү жѳнүндѳ айтып берди.

Исламдын таалимдери тууралуу сүйлѳп жатып, Азирети Мырза Масрур Ахмад мындай деди:

«Ислам – бул абдан кооз жана кѳркѳм дин. «Ислам» сѳзү «тынчтык», «сүйүү» жана «коопсуздук» деген маанилерди туюнтат, ошондой эле жогорудагы акыйкатты билген соң бир дагы акылы бар адам ага каршы чыга албайт же анын кооздугун четке кага албайт».

2014-04-14-Conlcuding-Session-Education-Camp-3-1024x433

Таалим-тарбиялык лагерде байгелерди тапшыруу аземи

Мусулман балдар ѳздѳрүнүн ыйманы жана ишеними менен сыймыктануулары керек деген жѳнүндѳ сүйлѳп жатып, Азирети Мырза Масрур Ахмад мындай деди:

«Эч качан ишенимиңерди жашырбагыла, тескерисинче ѳзүңѳрдү дүйнѳгѳ чыныгы мусулман катары тааныштыргыла…

Бекем ишенгиле, Курани карим толук Китеп, ал мусулмандарга эле Алла таалага сыйынууга, күндѳ беш маал намазды аткарууга жана ѳздѳрүнүн руханий илим-билимин ѳнүктүрүүгѳ буюрбастан, тескерисинче терең дүйнѳлүк илим-билимдерди да белгилейт жана адамзатты күндѳлүк жалпы мамилелер боюнча жол кѳрсѳтѳт».

Мусулмандар ѳз ара бири-бирине кандай мамиле кылуулары керектиги жѳнүндѳ сѳз кылып, Азирети Мырза Масрур Ахмад мындай деди:

«Силер карым-катышта болгон ар бир адамга мээримдүүлук жана ыкыластуулук менен мамиле кылууңар – бул абдан зарыл. Эсиңерде болсун, бири-бириңерге кѳмѳк жана колдоо кѳсѳтүүңѳр – бул Курани каримдин таалимдеринин эң негизгиси».

2014-04-14-Conlcuding-Session-Education-Camp-4-1024x687

Азирети Мырза Масрур Ахмад (Алла таала Ѳзү ага Жардамчы болсун) жыйынтык кайрылуусун жасаган соң дуба сурап жатат

Ал киши Курани карим «түгѳнгүс-бүтпѳс илим-билимдерге» жык толо «руханий казына» экенин айтты.

Азирети Мырза Масрур Ахмад мындай деди:

«Курани карим илимге, тарыхка, экономикага ж.б.га жарык нурун чачат. Ал бизге адам укуктарын, мисалга, аялдар укуктарын, жакырлар жана колунда жоктор укуктарын жана балдар укуктарын үйрѳтѳт. Курани карим бизге үй-бүлѳлүк мамилелерди жана бири-биринин акы-укуктарын аткарууну түшүндүрѳт. Чынында, ар түрдүү илим-билимдер Курани каримде камтылган».

2014-04-14-Conlcuding-Session-Education-Camp-5-1024x524

Халифа Британиянын окуу системасын мактап, Англияда жашаган Ахмадий мусулман балдар ѳздѳрүнѳ кенен шарттар бар болгону үчүн бийликке ыраазычылыктарын билдирүүлѳрү керек деди.

Азирети Мырза Масрур Ахмад мындай деди:

«Ушул алтын билим алуу мүмкүнчүлүктѳрүн текке кетирбегиле, тескерисинче аларды жемиштүү пайдалангыла жана ѳзүңѳр кызыккан тармактарыңар боюнча, мейли илим-билим наукасы болобу же башка сабактар болобу, анын туу чокуусуна жетүүгѳ аракет кылгыла».

Халифа дубанын маанилүүлүгү жѳнүндѳ сѳз кылып, ѳз кайрылуусун аяктады. Ал киши Алла таала чын жүрѳктѳн чыккан дубаларды угат жана ага жооп кайтарат деди.

2014-04-14-Conlcuding-Session-Education-Camp-6-1024x723

Дубалар жѳнүндѳ ѳзүнүн жеке тажрыйбасынан сѳз кылып, Азирети Мырза Масрур Ахмад мындай деди:

«Мен жаштыгыман бери тѳмѳнкүдѳй нерсеге күбѳ болдум: ар сапар чын жүрѳктѳн Алла тааладан бир нерсени сураганымда жана Ага жалынып-жалбарганымда, Ал ар дайым менин керектѳѳлѳрүмдү кандырды жана тилектеримди аткарды. Ал мен үмүттѳнгѳн жана күткѳн ыкмалардан да жакшыраак ыкмаларда мен сураган дубаларыма жооп кайтарды».

АЯГЫ

Кошумча маалымат үчүн: press@ahmadiyya.org.uk

Катталган дарек: 22 Deer Park Road, London, SW19 3TL UK

Tel/Fax: 020 8544 7613 Mob: 077954 90682

Email: press@ahmadiyya.org.uk

Press Secretary AMJ International

(Эл аралык Ахмадия Мусулман Жамаатынын басма сөз кызматы боюнча катчысы)

Share via