Ахмадия Мусулман Жамаатынын Жетекчиси «Тахир Үйүнүн Кеӊейүүсүн» ачты
Эң Мээримдүү (жана) Эң Ырайымдуу Алланын ысымы менен
Алладан башка сыйынууга татыктуу эч ким жок, Мухаммад Алланын Элчиси
Убада кылынган Масийх жана Махдий,
Азирети Мырза Гулам Ахмад (ас)га ишенүүчү мусулмандар

Ахмадия Мусулман Жамаатынын Жетекчиси «Тахир Үйүнүн Кеӊейүүсүн» ачты

Азирети Мырза Масрур Ахмад(аба) имаратты көрүп чыкты

2014-жылдын 16-февралында Ахмадия Мусулман Жамаатынын Бүткүл дүйнѳлүк Жетекчиси, Убада Кылынган Мессия жана Имам Махдий – Азирети Мырза Гулам Ахмад(ас)дын 5-халифасы Азирети Мырза Масрур Ахмад (Алла таала ага Жардамчы болсун) түштүк-батыш Лондондо жайгашкан «Deer Park Road» деген даректе «Тахир Үйүнө» кошумча салынган жаӊы имаратты ачты. Ирландия Республикасынын Голуэй шаарында салынган «Марям» мечитинин ачылышын белгилөө үчүн атайын чакырылган кечеге тарыхый кайрылуусун жасады. Кошумча имаратта 8 кеӊсе жана бир чоӊ кампа курулду.

Ахмадия Мусулман Жамаатынын ар кайсы борбордук кеӊселери жайгашкан үч кабат «Тахир Үйү» аталган үй Жамаат тарабынан 2002-жылы сатылып алынган эле.

Tahir-House-2

Бул үйдө «Махзан-э-Тасавир» (сүрөттөр казынасы) аттуу сүрөт галереясы да ачылган, ал көргөзмөгө Ахмадия Мусулман Жамаатынын тарыхындагы негизги окуялардын сүрөт графикалары илинген.

Tahir-House-3

Ачылуу аземди белгилөө үчүн Азирети Мырза Масрур Ахмад(аба) Курани каримди окуу менен башталган чакан бир аземге төрагалык кылды.

«Ал-Ширкатул Исламиянын» төрагасы Абдул Баки Аршад мырза кыскача отчётторду сунуштады.

Tahir-House-4

Анан Азирети Мырза Масрур Ахмад(аба) жамаат болуп дуба суроодон мурда жаӊы курулган имарат ар жактан берекелүү болсун деп дуба сурады.

Tahir-House-5

Аземден кийин Азирети Мырза Масрур Ахмад(аба) бүтүн имаратты айланып көрүп чыкты. Ал киши мурдатан турган кеӊселерди, ошондой эле жаӊы салынган кеӊселерди жана жаӊы курулган чоӊ үйдү да көрдү.

Азирети Мырза Масрур Ахмад(аба) «Махзан-э-Тасавир» (сүрөттөр казынасы) деген көргөзмөнү да көрдү.

Tahir-House-6

Азирети Мырза Масрур Ахмад(аба) имаратта (корпуста) пешин намазын да окутту.

Tahir-House-7

Азыркы учурда «Тахир Үйү» The Review of Religions (Диндерди карап чыгуу), Al-Fazl International, (Эл аралык «Аль-Фазл» гезити), Maryam (Марям) жана Al-Taqwa («Такыба» аттуу араб тилдүү) деген газета-журналдар сыяктуу Ахмадия Мусулман Жамаатынын 20га жакын борбордук бөлүмдөрдүн үйү болуп калды.

Tahir-House-8

Жаӊы үй жана кеӊселер 5516.9 м.к., ага кошулган жаӊы бөлук 2560.3м.к.

АЯГЫ

Кошумча маалымат үчүн: press@ahmadiyya.org.uk

Катталган дарек: 22 Deer Park Road, London, SW19 3TL UK

Tel/Fax: 020 8544 7613 Mob: 077954 90682

Email: press@ahmadiyya.org.uk

Press Secretary AMJ International

(Эл аралык Ахмадия Мусулман Жамаатынын басма сөз кызматы боюнча катчысы)

Чектеш темалардын мазмуну
Share via