Бүткүл дүйнѳлүк мусулман Жол башчы Кравлей шаарында жаңы мечитти ачты
Эң Мээримдүү (жана) Эң Ырайымдуу Алланын ысымы менен
Алладан башка сыйынууга татыктуу эч ким жок, Мухаммад Алланын Элчиси
Убада кылынган Масийх жана Махдий,
Азирети Мырза Гулам Ахмад (ас)га ишенүүчү мусулмандар

Бүткүл дүйнѳлүк мусулман Жол башчы Кравлей шаарында жаңы мечитти ачты

Азирети Мырза Масрур Ахмад «Нур мечитин» ачты

Ахмадия Мусулман Жамааты чоң кубаныч менен тѳмѳнкүдѳй билдирет: Ахмадия Мусулман Жамаатынын Эл аралык Жетекчиси жана 5-халифасы – Азирети Мырза Масрур Ахмад 2014-жылдын 18-январында Батыш Суссекске (Англияга) караштуу Кравлей деген жерде «Нур мечити» аттуу жаңы мечитти ачты. Аймакка жеткен соң Азирети Мырза Масрур Ахмад мемориалдык тактайды ачып, расмий түрдѳ мечитти ачты жана дуба сурап, Алла таалага ыраазычылык билдирди.

Noor-Mosque-2

Анан ал киши жергиликтүү Ахмадий мусулмандар менен бир чогулуш ѳткѳрүп, жаңы мечит «Алла тааланын белеги» экенин айтты. Ал киши Алла таалага сыйынуу жана ѳздѳрүнүн жакшы кулк-мүнѳзү менен «мечитти нурдандыруу» – бул жергиликтүү Ахмадий мусулмандардын милдети болуп саналат деп айтты. Анан кечкисинде мечитти ачуу маарекесин белгилѳѳ максатында бир кече ѳткѳрүлүп, ага 200дѳн ашуун атайын коноктор жана сыйлуулар катышышты. Катышкандардын катарында Кравлей шаарындагы парламент депутаты – Генри Смит, консул Боб Берджесс, Кроули шаарынын мэри, консул Бренда Смит  жана канышанын ѳкүлү Д-р Джон Годфри бар болчу. Аземдин эң орчундуу жери Азирети Мырза Масрур Ахмад жасаган ѳтѳ маанилүү кайрылуусу болуп, анда ал киши кошуна-коңшулар жѳнүндѳгү Ислам окууларын жана мечиттердин түпкү максат-мүдѳѳлѳрүн айтып берди.

Noor-Mosque-3

          Жергиликтүү Ахмадий мусулмандар менен мечиттин кошуналарынын ортосундагы алака-байланыштан сѳз кылып жатып, Азирети Мырза Масрур Ахмад мындай деди:

«Ушул мечит аркылуу кѳп-кѳп адамдар Жамаатыбыз менен таанышышат, ошон үчүн аларга байланыштуу Ахмадий мусулмандардын жоопкерчиликтери уламдан-улам ѳсүп турат жана биз тегерегибиздеги бардык адамдардын акы-укуктарын аткарууга милдеттүүбүз… Ошентип, ушул рух жана алака-байланыш ѳсѳт жана кошуналардын акы-укуктары аткарылат, бул нерсе жалпысынан бир туугандарда эле кезигүүчү сүйүү, биримдик жана тууганчылык алакасын жаратат».

Халифа мечиттердин максат-мүдѳѳлѳрүнѳн да сѳз кылды. Ал киши мындай деди: тѳмѳнкүдѳй эки максат менен мечит «Алла тааланын чыныгы Үйү» болот: 1) Алла таалага сыйынуу жайы; 2) адамзатка кызмат кылуу мекемеси. Азирети Мырза Масрур Ахмад мындай деди:

«Алла таала ачык-айкын мындай деп айткан: «Силер кандайдыр бир мечитке кирүүңѳрдѳ же Алла тааланын кайсы бир үйүнѳ кирүүңѳрдѳ, силердин максат-мүдѳѳңѳр Алла таалага сыйынуу жана чын жүрѳктѳн Анын алдына жыгылуу гана болушу керек. Силер мечитке киргениңерде, ѳзүңѳрдүн эле ийгиликтүүлүгүңѳр жана кызыкчылыгыңар үчүн дуба сурай бербей, силер жашап жаткан коомчулуктун ж.б.лардын  кызыкчылыктарына жана ѳсүп-ѳнүгүүсү үчүн да дуба сурагыла».

Noor-Mosque-4

Азирети Мырза Масрур Ахмад жаңы салынган мечитке коюлган аттын маанисин да айтып берди. Ал киши мындай деди:

«Бул мечит «Нур мечити» деп аталат, сѳзмѳ-сѳз которгондо, «жарык чачуучу мечит» дегенди билдирет. Бул деген, ушул мечиттин ѳзү да жарык жана башкаларды да жарык кылат, натыйжада дүйнѳнүн караңгылыгы тынчтык жана жыргалчылык деген жарык нурга айланып кетет».

Ал кишинин айтымында, мейли руханий караңгылык болобу, кызуу кандуулук караңгылыгы болобу же терроризм жана экстремизм караңгылыгы болобу, «караңгылыктын» ар түрдүү кѳрүнүштѳрү дүйнѳгѳ коркунучтарды жаратууда.

Noor-Mosque-5

Ал киши: «Дүйнѳдѳн караңгылыктын ар түрдүү кѳрүнүшүн жоготуу – бул ар бир чыныгы мусулмандын милдети», – деп айтты.

Ал киши мындай деди:

«Адамдардын ѳздѳрүнүн Жаратуучусун таанып, Аны эске алуу жана Анын таалимдерине амал кылуу менен гана ошондой болушу мүмкүн».

Кийинчерээк ѳзүнүн кайрылуусунда, Азирети Мырза Масрур Ахмад Исламдын толук бойдон тынчтык таалимдеринен сѳз кылып, Курани карим Исламдын «толук жана жеткилең» таалими экенин кандайча түшүндүргѳндүгү тууралуу баяндаган. Азирети Мырза Масрур Ахмад мындай деди:

«Дүйнѳгѳ сүйүү-махабат жана мээримдүүлүк кабарын берүүнүн ордуна жек кѳрүү кабарын бере турган дин толук жана бүткүл дүйнѳгѳ келген дин эсептелүүсү мүкүнбү? Анан ошондой дин ырайымдуулуктун ордуна зордук-зомбулук менен жайылуусу мүмкүнбү? Чындыгында, Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллалааху алайхи ва саллам) Алла таала тарабынан «бүткүл адамдарга мээримдүүлүк» деп жарыяланган, ошол эле инсандын мээримдүүлүгү жана ырайымдуулугу бүткүл дүйнѳгѳ жайылган, ал Алла тааланын кут-берекелерин бардык адамдарга жеткирет, ал башкаларды сүйѳт, алардын сезим-туйгуларын сыйлайт жана алардын жүрѳктѳрүнѳ Алла тааланын сүйүүсүн жайгаштырат».

Noor-Mosque-6

Ѳзүнүн кайрылуусунун аягында Азирети Мырза Масрур Ахмад дагы бир жолу жаңы салынган мечит маселесинде жергиликтүү адамдарды ишендирүүгѳ аракет жасады. Ал киши мындай деди:

«Биз – Ахмадий мусулмандар адамдарга жардам берүүнү эле, алардын кыйынчылыктарын алып салууну эле жана алардын муктаждыктарын кандырууну эле каалайбыз жана тилейбиз. Биз тынчы жок бирѳѳлѳргѳ рухий бейпилдикти тартуулоону эле каалайбыз… Биз адамдардын кѳйгѳйлѳрүн ѳзүбүздүн кѳйгѳйлѳрүбүз эле деп, алардын оордуктарын ѳзүбүздүн оордуктарыбыз эле деп, алардын балээ-кырсыктарын жана азап-тозокторун алып салууну каалайбыз. Ушул эле таалим бүткүл дүйнѳгѳ сүйүү-махабат жана мээримдүүлүк ураандарын ачык-айкын жана бийик үн менен кѳтѳрүүгѳ, ошондой эле жек кѳрүүнүн ар түрдүү кѳрүнүштѳрүн ѳчүрүүгѳ мени жана ар бир Ахмадий мусулманды мажбур кылат».

Noor-Mosque-7

Noor-Mosque-8

Ал киши мындай деп кошумчалады:

«Мен дагы бир жолу ишендирмекчимин: ушул мечит эч качан бүлүк салуу же жаңжал чыгаруу куралына айланбайт. Тескерисинче, ушул мечит ѳзүнүн тегерегине да, андан аша чаап коомчулукка да жарыкты чачуучу нур мунарасы болуп чыгат. Ушул мечит караңгылыктын бардык кѳрүнүштѳрүн жоготуу куралына айланат».

Noor-Mosque-9

Ага чейин бир топ сыйлуулар да аземге ѳз кайрылууларын жасашты. Кравлей шаарындагы парламент депутаты Генри Смит мырза Ахмадия Мусулман Жамаатынын мүчѳлѳрүнүн ортосунда байкаган бири-бирин кечирүү деген касиетке баа берди. Ал киши мындай деди:

«Кечиримдүүлүк жаатында силер кѳрсѳткѳн мүнѳзүңѳр мени ѳзүнѳ тартты… Менин пикиримче кечиримдүүлүккѳ ишенүү жана кечиримдүүлүктү пайдалануу – бул абдан күчтүү нерсе. Эмне дегенде жек кѳрүүнү таштап, кечиримдүүлүк жакка кайтуу – бул Алла таалага улуу кызмат кылуу дегендик».

  Кравлей шаарынын мэри – Консул Боб Берджесс мындай деди:

«Сиз: «Сүйүү баарына, жек кѳрүү эч кимге», – деп айткан экенсиз. Албетте, бул бардыгыбыз сизден үйрѳнүп, аны жашоолорубузда пайдалана турган бир философия».

Noor-Mosque-10

Консул Бренда Смит Азирети Мырза Масрур Ахмад тарабынан бүткүл дүйнѳгѳ жеткирилген тынчтык кабарга баа берип, мындай деди:

«Урматтуу Мырза Масрур Ахмад! Сиз бүткүл дүйнѳдѳ аткарып келе жаткан иштериңиз, Сиздин берилгендигиңиз жана Сиздин адамгерчилигиңиз улуу даражалуу инсан экениңизди далилдейт жана ошондон улам Сиз ушул жерде – Кравлей шаарында улуу сый-урматка татыктуу болдуңуз».

Лорд лейтенанттын орунбасары жана канышанын ѳкүлү Д-р Джон Годфри мырза урматтуу Каныша Элизабет II атынан «Нур» мечитинин ачылышына Ахмадия Мусулман Жамаатын куттуктады.

Noor-Mosque-11

Аземдин аягында бардык коноктор Азирети Мырза Масрур Ахмад менен жекече жолугушуу мүмкүнчүлүгүнѳ ээ болушту.

АЯГЫ

Кошумча маалымат үчүн: press@ahmadiyya.org.uk

Катталган дарек: 22 Deer Park Road, London, SW19 3TL UK

Tel/Fax: 020 8544 7613 Mob: 077954 90682 Email: press@ahmadiyya.org.uk

Press Secretary AMJ International

(Эл аралык Ахмадия Мусулман Жамаатынын басма сөз кызматы боюнча катчысы)

Чектеш темалардын мазмуну
Share via