Англиядагы Жамия Ахмадиянын 2-диплом тапшыруу аземи болуп ѳттү
Эң Мээримдүү (жана) Эң Ырайымдуу Алланын ысымы менен
Алладан башка сыйынууга татыктуу эч ким жок, Мухаммад Алланын Элчиси
Убада кылынган Масийх жана Махдий,
Азирети Мырза Гулам Ахмад (ас)га ишенүүчү мусулмандар

Англиядагы Жамия Ахмадиянын 2-диплом тапшыруу аземи болуп ѳттү

20 бүтүрүүчү Ахмадия Мусулман Жамаатынын Жол башчысынын колунан ѳз дипломдорун алышты.

Ахмадия Мусулман Жамааты 2014-жылдын 11-январында Сурреге (Англия) караштуу Хэслемер деген жердеги колледждин имаратында Англиядагы Жамия Ахмадиянын (Ахмадия Мусулман Жамаатынын жогорку окуу жайы) болуп ѳткѳн 2-диплом тапшыруу аземинен чоң кубаныч менен кабар берип жатат.

Аталган азем Ахмадия Мусулман Жамаатынын Эл аралык Жетекчиси жана 5-халифасы – Азирети Мырза Масрур Ахмаддын тѳрагалыгында болду.

Аземдин учурунда 20 бүтүрүүчүгѳ халифанын колунан алардын «Шахид даражасы» деген диплому тапшырылып, алар ырасмий түрдѳ Ахмадия Мусулман Жамаатынын дааватчылары (миссионерлери) деп жарыяланышты.

Convocation-Jamia-UK-2013-2

Дипломдорду тапшырган соң Азирети Мырза Масрур Ахмад ыймандарды күчтѳндүрүүчү кайрылуусун жасап, бүтүрүүчүлѳргѳ Азирети Имам Махдий – Азирети Мырза Гулам Ахмад(ас)дын халифасынын ѳкүлдѳрү катары алардын ѳтѳ маанилүү милдеттерин эскертти.

Халифа мындай деди: миссионер катары окууну аяктоо илим-билим алуу токтоп калганын эмес, тескерисинче андан ары эми гана башталганын билдирет.

Convocation-Jamia-UK-2013-3

Convocation-Jamia-UK-2013-4

Азирети Мырза Масрур Ахмад мындай деди:

«Силерде Жамиядан окууну бүткѳн соң бизге керектүүлѳрдүн баарын үйрѳнүп алдык деген ой такыр болбош керек. Силер окуунун бир аз методдорун жана айрым негизги нерселерин эле үйрѳндүңѳр. Эми силер үзгүлтүксүз аракет жасап, силер окуган сабактар боюнча да, силер окубаган сабактар боюнча да илим-билимиңерди ѳстүрүшүңѳр керек».

Convocation-Jamia-UK-2013-5

Ал киши мындай деди: жаңыдан миссионер болгондор ѳздѳрүн диний окууга эле чектебестен, учурлук мамилелер, маселелер жана кѳйгѳйлѳр жѳнүндѳ да окуулары абдан зарыл, натыйжада алар бүгүнкү коомчулуктун муктаждыктарын жакшыраак түшүнѳ алышат.

Халифа мындай деп түшүндүргѳн: Ыйык Куран эки түрдүү уламалар бар экенин айтат. Бир жакта Алла тааладан корко турган, Анын алдына жыгыла турган жана адамзатка кызмат кыла турган уламалар бар, ал эми экинчи жакта бузуку уламалар болуп, алар адамдарды Алла таалага жакындатуудан кѳрѳ Анын жолунда бут тосуучу болуп турушат.

Ал киши мындай деп кошумча кылды: Алла тааланын берешендиги менен Ахмадий мусулман миссионерлер биринчи категорияга кирген адамдар. Мына ошон үчүн ал киши: «Бүтүрүүчүлѳр дагы мээримдүүрѳѳк болушу керек жана ар дайым ѳздѳрү даават кылган нерсеге ылайык амал кылуулары зарыл», – деп насаат кылды.

Convocation-Jamia-UK-2013-6

Ал киши мындай деди: Ахмадий мусулман миссионерлер халифанын ѳкүлдѳрү, ошол үчүн алар халифа үйрѳткѳндѳрдүн баарын үйрѳнүп, аны ѳздѳштүрүүлѳрү лаазым.

Convocation-Jamia-UK-2013-7

Азирети Мырза Масрур Ахмад мындай деди:

«Ахмадий мусулман миссионерлердин (дааватчылар) жүрѳк согушу ар бир кѳз ирмемде халифанын жүрѳк согушуна ылайык келүүсү керек».

Эми бүтүрүүчүлѳр кийинки айда боло турган курска катышуу үчүн Испанияга жол тартышат, ал жерде алар бүт ѳлкѳ бою Ислам дининин нукура жана тынчтык таалимдерин жайылтууга аракеттенишет.

Convocation-Jamia-UK-2013-8

Келе турган ушул сапар тууралуу талкуу жүргүзүп жатып, Азирети Мырза Масрур Ахмад мындай деди:

«Силердин курсуңар менин кѳрсѳтмѳмѳ ылайык ѳлкѳ бою чыныгы Исламды даават кылуу максатында Испанияга жѳнѳшүүдѳ. [اِنْشَاءَ اللّٰہُ] (Кудай буюрса) бул Испанияда нукура жана тынчтык Исламды кайрадан орнотуу үчүн күчтүү пайдубал куруу куралы болуп саналат».

Азирети Мырза Масрур Ахмад тѳмѳнкүдѳй ак бата менен ѳзүнүн кайрылуусун аяктады:

«Силердин миссионер (дааватчы) катары ушул жумушка киришип, бардык майдандарда зор ийгиликтүүлүктѳргѳ жетишип, учурлук халифанын чыныгы жардамчылары болууңарды каалайм».

Испанияны кѳрүп келген соң бардык бүтүрүүчүлѳр ѳздѳрүнүн кызматтарына дайындалуусунан мурун кошумча тарбия алуу максатында Пакистанга жол тартышат.

АЯГЫ

Кошумча маалымат үчүн: press@ahmadiyya.org.uk

Катталган дарек: 22 Deer Park Road, London, SW19 3TL UK

Tel/Fax: 020 8544 7613 Mob: 077954 90682 Email: press@ahmadiyya.org.uk

 

Press Secretary AMJ International

(Эл аралык Ахмадия Мусулман Жамаатынын басма сөз кызматы боюнча катчысы)

Чектеш темалардын мазмуну
Share via