Ахмадия Мусулман Жамаатынын Жетекчиси Англияга кайтып келди
Эң Мээримдүү (жана) Эң Ырайымдуу Алланын ысымы менен
Алладан башка сыйынууга татыктуу эч ким жок, Мухаммад Алланын Элчиси
Убада кылынган Масийх жана Махдий,
Азирети Мырза Гулам Ахмад (ас)га ишенүүчү мусулмандар

Ахмадия Мусулман Жамаатынын Жетекчиси Англияга кайтып келди

Азирети Мырза Масрур Ахмад Азия-Тынч океан аймагына жасаган иш сапарынан кайтып келди

Ахмадия Мусулман Жамаатынын Эл аралык Жол башчысы жана 5-халифасы – Азирети Мырза Масрур Ахмад 2013-жылдын 12-ноябрында түштөн кийин төрт өлкөгө жасаган жети жумадан ашык убакытка созулган тарыхый иш сапарынан кийин аман-эсен Лондондогу «Фазл Мечитине» кайтып келди.

Return-to-London-2

Азирети Мырза Масрур Ахмад Сингапур, Австралия, Жаӊы Зеландия жана Жапанды көргөн соӊ Токиодон түз Лондонго учуп келди.

Азирети Мырза Масрур Ахмад Лондонго кайтып келгенде, аны тосуп алуу максатында «Фазл Мечитинде» жыйналган жүздөгөн Ахмадий мусулмандар ал кишини күтүп алышты. 

Иш сапарынын учурунда Азирети Мырза Масрур Ахмад миӊдеген Ахмадий мусулмандар менен жолугушту, Австралия жана Жаӊы Зеландиядагы Ахмадия Мусулман Жамаатынын Жалса Саланаларына (Жылдык Жыйындар) кайрылууларды жасады, Брисбендеги «Масрур Мечити» жана Окленддеги «Байтул-Мукийт» Мечитинин ачылуу мааракесине катышты жана атайын чакырылган бир топ жыйындарга өтө маанилүү кайрылууларды жасап, мусулман эмес сыйлуулар жана өзгөчө конокторго Исламдын чыныгы таалимдерин жеткирди.

Return-to-London-3

АЯГЫ

Кошумча маалымат үчүн: press@ahmadiyya.org.uk

Катталган дарек: 22 Deer Park Road, London, SW19 3TL UK

Tel/Fax: 020 8544 7613 Mob: 077954 90682 Email: press@ahmadiyya.org.uk

 

Press Secretary AMJ International

(Эл аралык Ахмадия Мусулман Жамаатынын басма сөз кызматы боюнча катчысы)

Чектеш темалардын мазмуну
Share via