Ахмадия Мусулман Жамаатынын Жол башчысы Фудзи тоосуна саякат кылды
Эң Мээримдүү (жана) Эң Ырайымдуу Алланын ысымы менен
Алладан башка сыйынууга татыктуу эч ким жок, Мухаммад Алланын Элчиси
Убада кылынган Масийх жана Махдий,
Азирети Мырза Гулам Ахмад (ас)га ишенүүчү мусулмандар

Ахмадия Мусулман Жамаатынын Жол башчысы Фудзи тоосуна саякат кылды

Азирети Мырза Масрур Ахмад Жапанга ѳзүнүн экинчи иш сапарын жасады

Ахмадия Мусулман Жамаатынын Бүткүл Дүйнѳлүк Жол башчысы жана 5-халифасы учурдагы Жапанга тарткан иш сапарынын аралыгында дүйнѳдѳгү белгилүү Фудзи тоосун кѳрүүгѳ убактысын бѳлдү.

Ѳзүнүн ѳзгѳчѳ түзүлүүсү жана кооздугу менен белгилүү болуп кеткен тоо Жапандагы эң бийик тоо болуп, бийиктиги 3776 метр. Ал киши аталган тоого жакын жайгашкан мейманканада Пешин жана Дигер намаздарын аткарып, ошол эле жерден тоону кѳргѳн.

Mount-Fuji-2

Mount-Fuji-3

Ѳзүнүн учурдагы иш сапарынын аралыгында ал киши ѳзүнүн жума кутбасын Нагоя шаарында окуган, атайын чакырылган бир кечеге тарыхый кайрылуусун жасаган жана Токио шаарында ѳткѳрүлгѳн атайын суроо-жооп жыйынында суроолорго жооп берген.

Mount-Fuji-Visit-4

Ал киши жүздѳгѳн жергиликтүү Ахмадий мусулмандар менен да жолугушкан, ошондой эле жаш Ахмадий мусулман балдар жана кыздар менен таалим-тарбиялык сабактарды да уюштурган.

Ал киши 2013-жылдын 10-ноябрында ѳтѳ тез жүрүүчү Синкансэн поезди, «октой-поезд» деген ат менен да таанылуучу поезд менен Нагоя шаарынан Токио шаарына кайтып келди.

Mount-Fuji-Visit-5

АЯГЫ

Кошумча маалымат үчүн: press@ahmadiyya.org.uk

Катталган дарек: 22 Deer Park Road, London, SW19 3TL UK

Tel/Fax: 020 8544 7613 Mob: 077954 90682

Email: press@ahmadiyya.org.uk

Press Secretary AMJ International

(Эл аралык Ахмадия Мусулман Жамаатынын басма сөз кызматы боюнча катчысы)

Чектеш темалардын мазмуну
Share via