Бүткүл дүйнѳлүк Мусулман Жол башчы Жапанга келди
Эң Мээримдүү (жана) Эң Ырайымдуу Алланын ысымы менен
Алладан башка сыйынууга татыктуу эч ким жок, Мухаммад Алланын Элчиси
Убада кылынган Масийх жана Махдий,
Азирети Мырза Гулам Ахмад (ас)га ишенүүчү мусулмандар

Бүткүл дүйнѳлүк Мусулман Жол башчы Жапанга келди

Азирети Мырза Масрур Ахмад Жапанга экинчи иш сапарында

Ахмадия Мусулман Жамаатынын Эл аралык Жетекчиси жана 5-халифасы – Азирети Мырза Масрур Ахмад 2013-жылдын 5-ноябрында Жапанга аман-эсен жетип келди.

Азирети Мырза Масрур Ахмад Жаңы Зеландиянын Окленд шаарынан учуп, жергиликтүү убакыт боюнча саат 17:00до Токиодогу Эл аралык Нарита Аэропортуна конду.

Азирети Масрур Ахмад бүгүн эртең менен Жапандагы Ахмадия Мусулман Жамаатынын борбору жайгашкан Нагоя шаарына жол тартуудан мурда Жапандагы биринчи келген күнү Токио шаарынын борборунда түнѳдү.

Кечки саат 19:15те Нагоя шаарына жеткен соң Азирети Мырза Масрур Ахмад шам менен куптан намаздарына имамчылык кылуу максатында Ахмадия борборуна барды. Ал жерде чогулган кѳптѳгѳн Ахмадий мусулман эркектер, аялдар жана балдар ѳздѳрүнүн руханий жетекчисин кѳрүп, кубанычтарын ичтерине батыра албай жатышты.

Бул – Азирети Мырза Масрур Ахмад Жапанга жасаган экинчи иш сапары. Ал киши Нагоя шаарында ѳзүнүн жумалык жума кутбасын окуйт жана түзүлгѳн иш-жүзү боюнча ушул жуманын аягында боло турган атайын жыйынга ѳзүнүн тарыхый кайрылуусун да жасайт.

 

АЯГЫ

 

Кошумча маалымат үчүн: press@ahmadiyya.org.uk

Катталган дарек: 22 Deer Park Road, London, SW19 3TL UK

Tel/Fax: 020 8544 7613 Mob: 077954 90682 Email: press@ahmadiyya.org.uk

 

Press Secretary AMJ International

(Эл аралык Ахмадия Мусулман Жамаатынын басма сөз кызматы боюнча катчысы)

Чектеш темалардын мазмуну
Share via