Эл аралык Мусулман Жол башчы Оклендде Мечитти ачты
Эң Мээримдүү (жана) Эң Ырайымдуу Алланын ысымы менен
Алладан башка сыйынууга татыктуу эч ким жок, Мухаммад Алланын Элчиси
Убада кылынган Масийх жана Махдий,
Азирети Мырза Гулам Ахмад (ас)га ишенүүчү мусулмандар

Эл аралык Мусулман Жол башчы Оклендде Мечитти ачты

Азирети Мырза Масрур Ахмад Жаңы Зеландияда «Байтул-Мукийт» Мечитин ачты.

Ахмадия Мусулман Жамаатынын Эл аралык Жол башчысы жана 5-халифасы – Азирети Мырза Масрур Ахмад 2013-жылдын 1-ноябрында  Окленд шаарында жаңы салынган мечит – «Байтул-Мукийт» Мечитин ачты жана ѳзүнүн жума кутбасын окуду.

Auckland-2

Ачылыш Жаӊы Зеландиядагы Ахмадия Мусулман Жамаатынын 25-Жалса Саланасынын (Жылдык Жыйын) биринчи күнү болду.

Мечиттин ачылышында эстелик жабдыгын кѳтѳргѳн соң, Азирети Мырза Масрур Ахмад жума кутбасын окуп, мечиттин чыныгы максат-мүдѳѳлѳрүнѳн сѳз кылды. Ал киши Жаңы Зеландияда жашаган Ахмадий мусулмандардын мечит салууга болгон күчтүү шыктуулугунан да сѳз кылды.

Auckland-3

Азирети Мырза Масрур Ахмад мындай деди:

«Жаңы Зеландияда Ахмадия Мусулман Жамааты 25 жыл мурун катталган эле, ошон үчүн ѳздѳрүнүн саны аз жамаат экенине карабастан, бир мечит салып, аны белек катары Алла таалага сунуштоо ушул жердеги Ахмадий мусулмандардын эң чоң жана күчтүү тилеги болчу».

Мечит салууга байланыштуу түгѳнгүс-мол сыйлыктардан сѳз кылып жатып, Азирети Мырза Масрур Ахмад мындай деди:

«Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад(сав): «Кимде-ким бул дүйнѳдѳ мечит салса, ал үчүн Алла таала бейиште бир үй салат», – деп айткан. Демек, бейиште үйлүү болууну каалабаган пенде барбы?»

Auckland-4

Мечит салгандан кийин Алла тааланын ыраазычылыгына жетишүүгѳ мурдагысынан да кѳбүрѳѳк аракеттенүү жергиликтүү Ахмадий мусулмандардын милдети болуп саналат деди Халифа. Ал киши дагы мындай деп айтты: Ахмадий мусулмандардын чындап дин иштерин бардык дүйнѳ иштеринен жогору коюусу ѳтѳ маанилүү нерсе.

Ал киши мындай деп да айтты: жергиликтүү Ахмадий мусулмандар Исламдын чыныгы жана тынчтык таалимдерин ѳлкѳнүн бардык булуң-бурчтарына чейин жеткирүүлѳрү керек.

Жума кутбасы жана намаздар бүткѳн соң Жаңы Зеландиянын Улуттук Телевидениясы (ТВНЗ) Азирети Мырза Масрур Ахмад менен маек курду. Интервью аралыгында ал киши мындай деди: тынчтыкты жактоочу бардык адамдарга алардын динине же ким экенине карабастан ушул жаңы мечитке кош келиңиздер деп айтабыз.

Ал киши мындай деп айтты: ушул жаңы мечит жакын арада жетишпей да калат жана келээрки жылдарда Ахмадия Мусулман Жамааты Жаңы Зеландияда дагы башка мечиттерди салууга жетишет деген үмүттѳмүн.

 

АЯГЫ

 

Кошумча маалымат үчүн: press@ahmadiyya.org.uk

Катталган дарек: 22 Deer Park Road, London, SW19 3TL UK

Tel/Fax: 020 8544 7613 Mob: 077954 90682 Email: press@ahmadiyya.org.uk

 

Press Secretary AMJ International

(Эл аралык Ахмадия Мусулман Жамаатынын басма сөз кызматы боюнча катчысы)

Чектеш темалардын мазмуну
Share via