Мусулман Жол башчы тропиктик мѳмѳ-жемиштер дүйнѳсүн кѳрүүдѳ
Эң Мээримдүү (жана) Эң Ырайымдуу Алланын ысымы менен
Алладан башка сыйынууга татыктуу эч ким жок, Мухаммад Алланын Элчиси
Убада кылынган Масийх жана Махдий,
Азирети Мырза Гулам Ахмад (ас)га ишенүүчү мусулмандар

Мусулман Жол башчы тропиктик мѳмѳ-жемиштер дүйнѳсүн кѳрүүдѳ

Азирети Мырза Масрур Ахмад аборигендер (жергиликтүү адамдар) тарабынан тосулуп алынды.

Австралияга жасаган учурдагы иш сапарынын акыркы күндѳрүндѳ Ахмадия Мусулман Жамаатынын Эл аралык Жол башчысы жана 5-халифасы – Азирети Мырза Масрур Ахмад Австралиянын белгилүү «Gold Coast» деген жерге жакын жайгашкан ‘Tropical Fruit World’ду кѳрүү үчүн убактысын бѳлдү.

Fruit-World-2

«Tropical Fruit World» туристтердин кѳңүлүн ѳзүнѳ бурган агрономиялык борбор, ал жерде 500дѳн ашуун тропиктик, табылгыс жана чанда кездешкен мѳмѳ-жемиштер ѳстүрүлѳт. Ошонун катарына тропикалык токойлор, ландшафт жана жергиликтүү жаныбарлар кирет. Азирети Мырза Масрур Ахмад ѳзү да агроном болгондуктан ошол жерди кѳрүп аябай рахат алды жана ошол жерде ѳстүрүлгѳн мѳмѳ-жемиштердин ар кандай түрлѳрү менен таанышып чыкты. Кенен айдоо аңызы жүздѳгѳн мѳмѳ-жемиштер менен толтурулган болчу, айрымдары жакшы таанымал, айрымдары азыраак таанымал. Мисалга, авокадо, дракон мѳмѳлѳр, манго, джекфрут ж.б.

Азирети Мырза Масрур Ахмад айбанаттар үйүрүн да кѳрдү, ал жерде ал киши абдан мээримдүүлүк менен айрым жергиликтүү кенгуруларга ѳз колу менен жем берди.

Азирети Мырза Масрур Ахмад ѳзү менен бирге барган башка адамдарды да айбандарга жем берүүгѳ үндѳдү.

Fruit-World-3

          Бул – Азирети Мырза Масрур Ахмад тарабынан Исламдын «Алла тааланын бардык макулуктарына мээримдүү жана ырайымдуу болуу» деген таалиминин иш жүзүндѳгү чагылдырылышы.

Fruit-World-4

«Tropical Fruit World» дегенди кѳрүп жаткан учурда Азирети Мырза Масрур Ахмад абориген (жергиликтүү адамдар) жана анын эки уулу тарабынан тосулуп алынды.

Fruit-World-5

Аборигендер ар түркүн ырларды ырдашты жана ѳздѳрүнүн тынчтык окууларын чагылдырган салттык бийин кѳрсѳтүштү. Алар биз байыркы маданиятыбызды Азирети Мырза Масрур Ахмад менен бѳлүшүүнү тиледик дешти.

Fruit-World-6

          Эртеси күнү кечке маал Азирети Мырза Масрур Ахмад унаа менен Брисбен шаарын кѳргѳнү алып барылды.

Brisbane

          Азирети Мырза Масрур Ахмаддын Австралияга жасаган экинчи иш сапары 2013-жылдын 28-октябрында аяктады. Бул күндѳрү Азирети Мырза Масрур Ахмад Окленд шаарында салынган жаңы мечит – «Байтул-Мукийт» Мечитин ачуу жана Жаӊы Зеландиядагы Ахмадия Мусулман Жамаатынын Жалса Саланасына (Жылдык Жыйын) тарыхый кайрылуусун жасоо максатында ал жакта иш сапары менен жүрѳт.

АЯГЫ

 

Кошумча маалымат үчүн: press@ahmadiyya.org.uk

Катталган дарек: 22 Deer Park Road, London, SW19 3TL UK

Tel/Fax: 020 8544 7613 Mob: 077954 90682 Email: press@ahmadiyya.org.uk

 

Press Secretary AMJ International

(Эл аралык Ахмадия Мусулман Жамаатынын басма сөз кызматы боюнча катчысы)

Чектеш темалардын мазмуну
Share via