Мусулмандардын Жол башчысы Жаӊы Зеландияга келди
Эң Мээримдүү (жана) Эң Ырайымдуу Алланын ысымы менен
Алладан башка сыйынууга татыктуу эч ким жок, Мухаммад Алланын Элчиси
Убада кылынган Масийх жана Махдий,
Азирети Мырза Гулам Ахмад (ас)га ишенүүчү мусулмандар

Мусулмандардын Жол башчысы Жаӊы Зеландияга келди

Азирети Мырза Масрур Ахмад Окленд шаарында салынган «Байтул-Мукийт» Мечитинин ачылуу аземине катышканы келди

Ахмадия Мусулман Жамаатынын Эл аралык Жетекчиси жана 5-халифасы – Азирети Мырза Масрур Ахмад 2013-жылдын 28-октябрында түштөн кийин Австралияга жасаган төрт жумалык ийгиликтүү иш сапарынан кийин Окленд, Жаӊы Зеландияга келди.

NewZealand-2

Халифа Окленд шаарында салынган «Байтул-Мукийт» Мечитинин ачылуу аземине катышканы жана 2013-жылдын 1-ноябрында жума күнү боло турган Жаӊы Зеландиядагы Ахмадия Мусулман Жамаатынын 25-Жалса Саланасына (Жылдык Жыйын) өтө маанилүү кайрылуу жасаганы Жаӊы Зеландияга сапар тартты.

NewZealand-3

Жергиликтүү убакыт боюнча кечки саат 17:00де Окленд аэропортуна конгондон кийин Азирети Мырза Масрур Ахмад Жаӊы Зеландиядагы Ахмадия Мусулман Жамаатынын жергиликтүү Амири жана бир топ расмийлери тарабынан тосуп алынды.

Кечки саат 20:30да Азирети Мырза Масрур Ахмад «Байтул-Мукийт» Мечитине жетип келди, ал жерде жыйналган жүздөгөн Ахмадий мусулман эркектер, аялдар жана балдар өздөрүнүн руханий жетекчисин көрүп, кубанычтарын ичтерине батыра албай жатышты.

Ошол күнү Азирети Мырза Масрур Ахмад Сидней (Авсралия) шаарында жайгашкан «Байтул-Худаа» Мечитинен жолго чыкты, ал жерде жүздөгөн Ахмадий мусулмандар чогулушуп өздөрүнүн руханий жетекчисин узатышты.

Кошумча маалымат үчүн: press@ahmadiyya.org.uk

Катталган дарек: 22 Deer Park Road, London, SW19 3TL UK

Tel/Fax: 020 8544 7613 Mob: 077954 90682 Email: press@ahmadiyya.org.uk

 

Press Secretary AMJ International

(Эл аралык Ахмадия Мусулман Жамаатынын басма сөз кызматы боюнча катчысы)

Чектеш темалардын мазмуну
Share via