Мусулмандардын Жол башчысы Брисбенге келди
Эң Мээримдүү (жана) Эң Ырайымдуу Алланын ысымы менен
Алладан башка сыйынууга татыктуу эч ким жок, Мухаммад Алланын Элчиси
Убада кылынган Масийх жана Махдий,
Азирети Мырза Гулам Ахмад (ас)га ишенүүчү мусулмандар

Мусулмандардын Жол башчысы Брисбенге келди

Азирети Мырза Масрур Ахмад «Байтул-Масрур» Мечитинин ачылуу мааракесине катышканы жол тартты.

Ахмадия Мусулман Жамаатынын Эл аралык Жетекчиси жана 5-халифасы – Азирети Мырза Масрур Ахмад 2013-жылдын 22-октябрында Сиднейден кыска мѳѳнѳттүк рейс менен Брисбендеги жаӊы салынган «Байтул-Масрур» Мечитинин ачылуу аземине катышканы келди.

Азирети Мырза Масрур Ахмад жергиликтүү убакыт менен саат 15:45те «Байтул-Масрур» Мечитине жетип келген соӊ жүздѳгѳн Ахмадий мусулман эркектер, аялдар жана балдар тарабынан тосулуп алынды. Алардын баары өздөрүнүн руханий жетекчисин көрүп, кубанычтарын ичтерине батыра албай жатышты. Жергиликтүү Ахмадий мусулмандар исламий ураандарды кѳтѳрүшүп, жана ѳздѳрүнүн руханий жетекчисинин келери менен диний ырларды ырдап, кубанычтарын билдиришти.

Brisbane-2

Азирети Мырза Масрур Ахмаддын Брисбенге келүүсүнүн түпкү максаты «Байтул-Масрур» Мечитинин расмий ачуусу болчу, ал болсо, 2013-жылдын 25-октябрында Азирети Мырза Масрур Ахмаддын ошол мечитте жума кутбасын окуусу менен ачылат.

Брисбенде жүргөнүндө Азирети Мырза Масрур Ахмад аталган мечиттин ачылуу мааракесин белгилѳѳ максатында ѳткѳрүлѳ турган атайын чогулушка ѳтѳ маанилүү кайрылууну да жасайт.

Ѳзүнүн бардык кутбаларында жана кайрылууларында Азирети Мырза Масрур Ахмад мусулмандар менен мусулман эместерге тең Исламдын чыныгы жана тынчтык окууларын жеткирип келүүдө.

Австралияга тарткан иш сапарында, Азирети Мырза Масрур Ахмад Мельбурн менен Сидней экѳѳсүндѳ теӊ абдан маанилүү кайрылууларды жасап, ошол кайрылууларда коомчулуктун бардык баскычтарында адилеттүүлүктүн аябай зарыл экендиги тууралуу сѳз кылган.

Brisbane-3

Шаардагы иш сапарынын учурунда Азирети Мырза Масрур Ахмад жүздѳгѳн Ахмадий мусулмандар менен жекече жолугушууну ѳткѳрѳт.

Бул Азирети Мырза Масрур Ахмад Австралияга жасаган экинчи визити. Ушул иш сапары аралыгында Азирети Мырза Масрур Ахмад Австралиядагы Ахмадия Мусулман Жамаатынын 29-Жалса Саланасында (Жылыдк Жыйын) да ѳтѳ маанилүү кайрылууну жасаган эле.

Brisbane-4

 

АЯГЫ

Кошумча маалымат үчүн: press@ahmadiyya.org.uk

Катталган дарек: 22 Deer Park Road, London, SW19 3TL UK

Tel/Fax: 020 8544 7613 Mob: 077954 90682 Email: press@ahmadiyya.org.uk

 

Press Secretary AMJ International

(Эл аралык Ахмадия Мусулман Жамаатынын басма сөз кызматы боюнча катчысы)

Чектеш темалардын мазмуну
Share via