Мусулман Лидер Сиднейге кайтып келди
Эң Мээримдүү (жана) Эң Ырайымдуу Алланын ысымы менен
Алладан башка сыйынууга татыктуу эч ким жок, Мухаммад Алланын Элчиси
Убада кылынган Масийх жана Махдий,
Азирети Мырза Гулам Ахмад (ас)га ишенүүчү мусулмандар

Мусулман Лидер Сиднейге кайтып келди

Азирети Мырза Масрур Ахмад  «Байтул-Худаа» Мечитинде айт намазына имамчылык кылат

 

Ахмадия Мусулман Жамаатынын Эл аралык Жетекчиси – Азирети Мырза Масрур Ахмад 2013-жылдын 14-октябрында Мельбурн менен Сиднейдин арасындагы рейс менен аман-эсен Сидней шаарына кайтып келди. Саат 14:45те Азирети «Байтул-Худаа» Мечитине жетип келгенде, жүздѳгѳн Ахмадий мусулмандар тарабынан тосуп алынды.

Мельбурнда жүргѳн беш күндүк иш сапарында Азирети Убада Кылынган Мессия жана Махдий(ас)дын халифасы катары шаарда эң алгачкы жума кутбасын окуду; ал киши атайын чакырылган жыйынга абдан маанилүү кайрылуу жасады; шаарда ачылган «Ахмадия борборунун» ачылуу аземине катышты; Ахмадий мусулман жаштар менен бир канча таалим-тарбиялык сабактарды уюштурду жана жүздѳгѳн Ахмадий мусулмандар менен жекече жолугушту.

2013-жылдын 16-октябрында шаршенби күнү Азирети «Байтул-Худаа» Мечитинде айт намазын окутат. Ошентип, Азирети Мырза Масрур Ахмад Австралияда биринчи жолу айт намазына имамчылык кылат. Ал окуй турган айт кутбасы MTA International (Бүткүл дүйнөлүк ТВ Ахмадия) жана интернеттен түз эфир аркылуу кѳрсѳтүлгѳндүктѳн миллиондогон Ахмадий мусулмандар аны кѳрүшѳт.

Аягы

 

Кошумча маалымат үчүн: press@ahmadiyya.org.uk

Катталган дарек: 22 Deer Park Road, London, SW19 3TL UK

Tel/Fax: 020 8544 7613 Mob: 077954 90682 Email: press@ahmadiyya.org.uk

 

Press Secretary AMJ International

(Эл аралык Ахмадия Мусулман Жамаатынын басма сөз кызматы боюнча катчысы)

Чектеш темалардын мазмуну
Share via