Ахмадия Мусулман Жамаатынын Жетекчиси Мельбурнда тарыхый кайрылуусун жасады
Эң Мээримдүү (жана) Эң Ырайымдуу Алланын ысымы менен
Алладан башка сыйынууга татыктуу эч ким жок, Мухаммад Алланын Элчиси
Убада кылынган Масийх жана Махдий,
Азирети Мырза Гулам Ахмад (ас)га ишенүүчү мусулмандар

Ахмадия Мусулман Жамаатынын Жетекчиси Мельбурнда тарыхый кайрылуусун жасады

Азирети Мырза Масрур Ахмад адамдар Үчүнчү Дүйнөлүк Согуштун кыйроосун көздөй кыймылдашууда деп эскертүү жасады

Ахмадия Мусулман Жамаатынын Эл аралык Жол башчысы жана 5-халифасы – Азирети Мырза Масрур Ахмад 2013-жылдын 11-октябрында кечке маал Мельбурн шаарында жайгашкан «Princess Court Reception Centre» деген жерде чакырылган атайын жыйынга өтө маанилүү кайрылуусун жасады.

Жыйынга Генерал-майор Павел Mаклахлан, Франкстондун мэри – Сандра Майер, Энтони Бирн (Парламент мүчөсү), Джудит Грэлей (Парламент мүчөсү) жана Ингра Пойлич (Парламент мүчөсү) менен бирге жүздөн (100) ашуун Ахмадий эмес сыйлуулар жана өзгөчө коноктор катышышты.

Өзүнүн тарыхый кайрылуусунун аралыгында Азирети Мырза Масрур Ахмад бүгүнкү жаӊы дүйнөгө туш келген башкы коркунучтар жана «Араб жазы» тууралуу кеӊири талкуларды жүргүздү, ошондой эле Үчүнчү Дүйнөлүк Согуштун коркунучтуу караандары көбөйүп кеткендиги тууралуу тереӊ кабатыр болгонун айтты. Андан кийин Азирети Мырза Масрур Ахмад нукура Ислам окууларынын негизинде тынчтыкка алып баруучу жолдорун белгилеп өттү.

Melbourne-Reception-2

Азирети Мырза Масрур Ахмад өз кайрылуусунда Исламдын «өз ара бири-бирин сыйлоо» деген улуу даражалуу окууларынан сөз кылды:

«Адамзат Алла тааланын жаратылышынын ичинде эң улуу жаратылыш, ошон үчүн Алла таала адамдар бирибирин урматтап сыйлашын каалайт. Мына ошол үчүн бардык мусулмандарга ыйык болуп саналуучу жана ишенимдерибиз боюнча акыркы шарият болуп келген Ыйык Куран адамдардан бирибиринин акыукуктарын аткарууга чакыра турган буйруктар жана көрсөтмөлөргө жык толо экен».

Өзүнүн кайрылуусунун аралыгында «Араб жазынын» жүйөлөрү жана натыйжаларына да токтолду. 2011-жылда HATOнун Ливияга аскердик кийлигишүүсүнөн кийин пайда болгон кырдаал жөнүндө Азирети Мырза Масрур Ахмад мындай деп айтты:

«Эгер биз Ливияга карасак, анда өкмөт расмийлери, саясий серепчилер  жана медиабулардын баары бир ооздон уруулар бийлиги орношкондон кийин борбордук бийлик өтө чоң кыйынчылыктарга кабылганын жана бүтүндөй алсыз экенин айтышууда».

Melbourne-Reception-3

Сирия чатагына кайтып, Азирети Мырза Масрур Ахмад айтты: Сирия эки жылдан бери кабылып келген баш аламандыкка өкмөт менен согушчан күчтөрдүн экөөсү тең күнөөлүү экенине күбө болобуз. Акыркы күндөрдөгү өзгөргөн кырдаал тууралуу Азирети Мырза Масрур Ахмад учурда чоң коркунучка айланган аскердик кийлигишүүсү болбой калганына ырахат алганын билдирди. Ал киши Сириянын химилялык куралдарын жок кылуу милдети өздөрүнө жүктөлгөн адамдар толук бойдон ийгиликтүү болушат деп үмүттөндү.

Сирияга чет өлкөлөрдүн күчтөрү тарабынан аскердик кийгилишүүсү деген чоң коркунучтар тууралуу сөз кылып жатып, Азирети Мырза Масрур Ахмад мындай деп айтты:

«Сирияга жасалуучу чабуул Үчүнчү Дүйнөлүк Согушка түрткү болуп калат. Эгер биз андан сактанууну кааласак, анда саясий багыттарды белгилөөчүлөр абдан даанышмандык жана терең ой жүгүртүүлөр менен чечимдерди чыгаруу керек деп абдан туура кеӊеш берилди».

Melbourne-Reception-4

Кеңири талкулап жатып, Азирети Мырза Масрур Ахмад Ислам окууларынын негизинде тынчтыкка алып баруучу багыттарды айкындаштырып берди. Ал киши Ыйык Курандан 49-сүрөөнүн 10-аятын мисал келтирип, тынчттыкты орноштуруучуларды ар дайым адилеттүүлүк менен иштөөгө чакырды. Азирети Мырза Масрур Ахмад өкүнүү менен, андай аракет жасалбайт го деп айтты.

Сирия чатагын кантип мусулман дүйнөсү биргеликте чече албай калганы тууралуу сүйлөп жатып, Азирети Мырза Масрур Ахмад мындай деди:

«Чындыгында, баарын бириктирип, аймакта тынчтык үчүн аракет кылуубул мусулман өлкөлөрүнүн уюмунун (Бүткүл дүйнөлүк Ислам Лигасымилдети болчу. Анан мусулман өлкөлөрү өз милдеттерин аткаруудан көрө аймактын сыртынан Батыш өлкөлөрүн чакырууга аракет кылышты же Батыш өлкөлөрү өздөрүнөздөрү чакырып алыштыбы

Melbourne-Reception-5

Азирети Мырза Масрур Ахмад Сирия чатагы алдын-ала шарттар коюлбастан дипломаттык жана сүйлөшүүлөр жолу менен чечилүүсүн айтты. Ал мындай деди:

«Тынчтыкты орноштуруу иши өздөрүнө жүктөлгөндөр бийлик ээлерин алмаштыруу дегенди алдынала зарыл шарт катары коюп, анан бийлик жүргүзүү ачкычын атайын бир тайпага тапшырып коюусу дурус эмес».                                                                                         

Азирети Мырза Масрур Ахмад бардык баскычтарда адилеттүүлүккө чакырып жатып, мындай деп айтты:

«Тең укуктуулуктун чыныгы принциптеринин негизинде чечимдер чыгарылган жерде гана жана бардык адамдардын акыукуктары аткарылган жерде гана гармония жана тынчтык табылат. Ушул алтын принцип Курани карим тарабынан белгиленген. «Тынчтыкты орнотуу үчүн адилетүүлүк баарынан жогору турушу керек» деген ушул (принцип) мусулмандар үчүн гана болбостон, чынында ал бүткүл дүйнөлүк чындык».

Melbourne-Reception-6

Азирети Мырза Масрур Ахмад кайрадан Бүткүл дүйнөлүк Согуштан кабатыр экенин айтып, өз кайрылуусун аяктады жана Австралиянын улууларын тынчтык жакка иштөөгө чакырды.

Азирети Мырза Масрур Ахмад мындай деди:

«Мен ушул мамлекетте сөзү өтө турган ар бир адамды, алар саясатчылар болобу, сыйлуулар болобу, интилектуалдар болобу, төмөнкүдөй ишендирүүгө аракет кылдым: Австралия дагы дүйнөдөгү ири мамлекеттердин бири, алар да ушул баш аламандык кырдаалды өзгөртүүгө ар кандай аракеттерди кылууга өзүнүн маанилүү ролун ойноолору керек жана адилетсиздик акыбалды тынчтык жана гармонияга айландыруулары зарыл».

Melbourne-Reception-7

Ушул күнү ага чейин бир топ сыйлуу адамдар да чогулган конокторго кайрылуу жасашты, алардын катарында Генерал-майор Павел Mаклахлан да бар болчу. Ал киши мындай деди:

«Австралиянын аскердик кызматы зулумдук жана экстремизмге каршы өлкөбүздүн эң жогорку күчү болуп саналат, ал эми Азирети (Мырза Масрур Ахмад) жана Ахмадия Мусулман Жамаатынын кабары жана окуулары дайыма биздин эң биринчи күчүбүз болуп саналат. Албетте, Ахмадиянын философиясы бүткүл дүйнөдө тынчтык жана (бирибирин) сыйлоого чакырат. Ушинтип, ал бардыгыбыз үчүн бир үлгү болууда».

Франкстондун мээри – Сандра Майер Азирети Мырза Масрур Ахмадга Австралияга кош келиңиз деп айтты. Ал (айым) мындай деп кошумчалады:

«Love for All, Hatred for None» (Сүйүү баарына, жек көрүү эч кимге) деген силердин девизиңер, эгер бардык адамдар аны тууралашса, анда согуштар такыр болбой калат жана дүйнөдө болгону тынчтык эле болот».

Парламенттин федералдык депутаты Атоне Берине (Парламент мүчөсү) мындай деди:

«Бардыгыбыз Ахмадий мусулмандардан катуу таасирлендик, себеби алар өз ара сүйлөшүүлөрдү өнүктүрүшөт жана ар дайым жергиликтүү жамааттарга пайда келтирүүгө умтулушат. Мен Азирети (Мырза Масрур Ахмад)га Австралиядагы иш сапары аралыгында эле эмес, бүткүл өмүрүндө жакшылыктарды каалайм».

Джудит Грэлей Парламент мүчөсү (штаттык депутат) мындай деди:

«Ахмадия Мусулман Жамааты мага аябай жакын дос болуп калды. Айрыкча, мен Ахмадия Мусулман Жамаатынын аял мүчөлөрү менен жакын алака-байланышымды өнүктүрдүм. Силердин «Love for All, Hatred for None» (Сүйүү баарына, жек көрүү эч кимге) деген девизиңер менин денем менен жанындын экөөсүндө тең жаңырат, анын алыска жана кеңири жайылуусун каалайм».

Ингра Пойлич (Парламент мүчөсү) (штаттык депутат) мындай деди:

«Азирети (Мырза Масрур Ахмад) – тынчтыктан сабак берүүчү Жол башчы. Ошон үчүн аны Австралияга кош келиңиз деп айтуу – бул улуу сый-урмат. Ахмадия Мусулман Жамаатына жардамчы болуу – бул коомчулугубуздун ийгиликтерин толуктоо дегендик».

Аземдин аягында Азирети Мырза Масрур Ахмад Ахмадий эмес коноктор менен жекече барлашты. Алардын кѳбү ал кишинин өтө маанилүү кайрылуусун баалашып, руханий жол башчы менен сүрѳткѳ түшүүнү суранышты.

Аягы

 

Кошумча маалымат үчүн: press@ahmadiyya.org.uk

Катталган дарек: 22 Deer Park Road, London, SW19 3TL UK

Tel/Fax: 020 8544 7613 Mob: 077954 90682 Email: press@ahmadiyya.org.uk

 

Press Secretary AMJ International

(Эл аралык Ахмадия Мусулман Жамаатынын басма сөз кызматы боюнча катчысы)

Чектеш темалардын мазмуну
Share via