Ахмадиянын Кабары баарын өзүнө тартат - Ахмадия Мусулман Жамаатынын Жетекчиси
Эң Мээримдүү (жана) Эң Ырайымдуу Алланын ысымы менен
Алладан башка сыйынууга татыктуу эч ким жок, Мухаммад Алланын Элчиси
Убада кылынган Масийх жана Махдий,
Азирети Мырза Гулам Ахмад (ас)га ишенүүчү мусулмандар

Ахмадиянын Кабары баарын өзүнө тартат – Ахмадия Мусулман Жамаатынын Жетекчиси

Азирети Мырза Масрур Ахмад Сиднейде медиага маек берди

Ахмадия Мусулман Жамаатынын Эл аралык Жол башчысы жана 5-халифасы – Азирети Мырза Масрур Ахмад Австралияга тарткан экинчи иш сапарынын биринчи аптасында “The Standard” жана “Daily Telegraph” деген эки гезиттин өкүлү, ошондой эле “Blacktown Sun” аттуу дагы бир гезиттин өкүлүнө маек берди.

media-2

Маек берип жатканда, Австралияга жасаган визитиӊиздин максат-мүдөөсү кандай деген суроо менен бирдикте Азирети Мырза Масрур Ахмадга бир топ суроолор берилди. Азирети негизги максат-мүдөөсү Австралиядагы Ахмадий мусулмандарды көрүү, ошондой эле аларды улуу даражалуу адеп-ахлактарга жетишүүгө жана ар дайым өлкөнүн мыйзамдарын бийик көтөрүүгө үндөө экенин айтты.

Австралиядагы кеӊ коомчулук Ахмадий мусулмандарды өзүнө кабыл кылып алдыбы деген суроого Азирети Мырза Масрур Ахмад төмөнкүдөй жооп берди:

«Менин пикиримче, бардык мусулман жамаатардын арасында Ахмадий мусулмандар гана коомчулуктун чоӊ бир бөлүгү тарабынан кеӊири кабыл алынышкан, себеби биз жашаган мамлекетти сүйөбүз деп ачык-айкын жарыялайбыз. Биз мыйзамды сыйлайбыз, биздин кабарыбыз – тынчтык жана девизибиз – «Сүйүү баарына, Жек көрүү эч кимге». Мына ушул кабарды эч ким жаман көрбөсө керек деп ойлойм».

Дүйнөлүк чыр-чатакты токтотуу үчүн анын ой-пикири суралганда, Азирети мындай деп жооп берди:

«Мен дүйнөдө кайда барбасам, нукура адилеттүүлүккө чакырам, себеби өсүп-өнүгүүнүн жана дүйнөдө тынчтык менен гармонияны (келишкендик) кармап туруунун жападан-жалгыз жолу ушул гана. Ыйык Куран боюнча нукура адилеттүүлүк төмөнкүдөй талаптарды коёт: эгер өзүӊөргө каршы же сүйүктүүлөрүӊөргө каршы күбөлүк берүүгө туура келсе да, ошондой кылгыла».

Сирия жөнүндө Азирети Мырза Масрур Ахмад мындай деп айтты: өкмөт жана ыӊкылапчылар экөө теӊ маданияттуулук жана ынсаптуулук менен иш тутканда гана тынчтык орношу мүмкүн. Азирети мындай деп кошумчалады: эки тарап дароо өздөрүнүн милдеттерин сезиши керек болчу, антпесе Сириядагы чыр-чатактын кеӊири жайылып кетүүсү ыктымалы бар болчу.

Азирети Мырза Масрур Ахмадга сиз мусулман же мусулман эместигине карабастан баарына эмнени айтат элеӊиз деп суралганда, Азирети мындай деп жооп берди:

«Билип койгула, бардыгыбыз адам болгондон кийин а дегенде бири-бирибизге болгон милдеттерибиз жана жоопкерчиликтерибизди аткаруубуз керек. Бардыгыбыз Алла тааланын пенделерибиз жана Алла таала Өз пенделерин сүйөт. Ошондуктан, биз Алла таала каалаган ыкмада бири-бирибизге көӊүл буруубуз керек».

АЯГЫ

Кошумча маалымат үчүн: press@ahmadiyya.org.uk

Катталган дарек: 22 Deer Park Road, London, SW19 3TL UK

Tel/Fax: 020 8544 7613 Mob: 077954 90682 Email: press@ahmadiyya.org.uk

 

Press Secretary AMJ International

(Эл аралык Ахмадия Мусулман Жамаатынын басма сөз кызматы боюнча катчысы)

Чектеш темалардын мазмуну
Share via