Ахмадия Мусулман Жамаатынын Эл аралык Жетекчиси Австралияда болуп өткөн Жылдык Жыйында жыйынтык кайрылуусун жасады
Эң Мээримдүү (жана) Эң Ырайымдуу Алланын ысымы менен
Алладан башка сыйынууга татыктуу эч ким жок, Мухаммад Алланын Элчиси
Убада кылынган Масийх жана Махдий,
Азирети Мырза Гулам Ахмад (ас)га ишенүүчү мусулмандар

Ахмадия Мусулман Жамаатынын Эл аралык Жетекчиси Австралияда болуп өткөн Жылдык Жыйында жыйынтык кайрылуусун жасады

Азирети Мырза Масрур Ахмад тынчтык Жихадга чакырды

Ахмадия Мусулман Жамаатынын Эл аралык Жол башчысы жана 5-халифасы – Азирети Мырза Масрур Ахмад 2013-жылдын 6-октябрында Сиднейде жайгашкан «Байтул-Худаа» Мечитинде чогулган 4000ден ашуун адамдарга кайрылып, Австралиядагы Ахмадия Мусулман Жамаатынын 29-Жалса Саланасына (Жылдык Жыйын) жыйынтык кайрылуусун жасады.

Жер жүзүндөгү миллиондогон Ахмадий Мусулмандардын руханий жетекчиси – Азирети Мырза Масрур Ахмад жаӊы доордо «Жихад» тууралуу сөз кылып жатып, бүгүнкү дүйнөдөгү кырдаал согуштук Жихаддын эч бир түрүнө уруксат бербейт деп айтты.

Азирети Мырза Масрур Ахмад мындай деп айткан:

«Бул доордо, Убада Кылынган Мессиянын келүүсү менен «Кылыч менен Жихад кылуу» толук бойдон жоюлган. Бүгүнкү күндө «Калем менен Жихад кылуу» убакыттын талабы деп саналат».

Australia-Concluding-2

          Буга чечме берип жатып Азирети мындай деп айтты: жакында Сингапурда индонезиялык аксакалдардын тобу менен жолугуштум, алардын бири Ахмадия Мусулман Жамааты Жихадга ишенбейт деп айтты. Азирети анын суроосуна жооп берип жатып мындай деп айтты:

«Биз толук бойдон Жихадга ишенебиз, бирок жаӊы доордо Жихаддын түрлөрүнүн талабы өзгөрүп кетти. Учурда эч бир бийлик же эч бир уюм физикалык түрдө Исламга дининин атынан чабуул жасап жаткан эмес. Эгер бүгүн Ислам динине чабуул жасалса да, ал кылыч менен жасалбай эле, тескерисинче газета-журналдар аркылуу, медиа аркылуу жана даават аркылуу жасалып жатат. Ошондуктан, аларга жооп катары дал ошол эле куралдарды пайдалануубуз убакыттын талабы болуп саналат. Убада Кылынган Мессия ушуну эле үйрөткөн: кылычтарыбыз менен эмес, тескерисинче калемдерибиз менен күрөшүүбүз керек».

Азирети Мырза Масрур Ахмад кантип Ахмадия Мусулман Жамааты жападан-жалгыз Ислам динин туура жана тынчтык жолу менен коргоп келе жатканын айтып берди.

Азирети мындай деп айтты:

«Ахмадия Мусулман Жамааты тарабынан Курани карим жана анын котормолору ар кандай тилдерде бастырылып чыгарылууда. Ошондой эле Ахмадия Мусулман Жамааты жападан-жалгыз Ислам динин колдоп, ишенимдүү жана күчтүү адабияттарды да басмадан чыгарууда. Бүгүнкү күндө дааваттын кеӊири куралы – бул МТА (Муслим ТВ Ахмадия), ал Ислам-Ахмадиянын кабарын күндө жыйырма төрт (24) саат бою ар түрдүү тилдерде жайылтууда. Албетте, ал дүйнөгө абдан оӊ таасирин тийгизип жатат, а түгүл Ахмадий эмес мусулмандар да биздин каналыбыз аркылуу биринчи жолу Ислам дининин туура таалимдерин үйрөнүшүүдө».

Australia-Concluding-3

Жыйынтык кайрылуудан кийин Байъат церемониясы да болуп өттү, анда ар кандай адамдар Ахмадия Мусулман Жамаатына кошулду, ал эми миӊдеген башка адамдар Халифанын колунда өздөрүнүн Ахмадия Мусудман Жамаатына баш ийүү антын жаӊылатышты.

Үч күндүк Жалсада (Жыйын) Азирети аялдардын уюмунун (Лажна Имааиллах) мүчөлөрүнө карата да кайрылуу жасады. Өзүнүн кайрылуусунда Азирети Ислам дининде нике-тоюнун маанилүүлүгү тууралуу сүйлөдү жана түгөйлөрдүн бири-бирине көӊүл буруп, бири-бирин сүйүү зарыл экенин айтты. Чындык жана өз ара бири-бирине ишенүү ийгиликтүү тойнун негизги таш экенин айтты.

Азирети Мырза Масрур Ахмад Ислам дининдеги хижаб маселесинин негиздерин ачык-айкын баяндап берди. Ал киши хижаб кийүү аркылуу мусулман аялдар абийирдүүлүк жана такыбанын улуу даражаларына жетише алышат, ошондой эле хижаб Алла тааланын берешендиктерине татыктуу болуу куралы болуп да саналат деп айтты.

АЯГЫ

Кошумча маалымат үчүн: press@ahmadiyya.org.uk

Катталган дарек: 22 Deer Park Road, London, SW19 3TL UK

Tel/Fax: 020 8544 7613 Mob: 077954 90682 Email: press@ahmadiyya.org.uk

 

Press Secretary AMJ International

(Эл аралык Ахмадия Мусулман Жамаатынын басма сөз кызматы боюнча катчысы)

Чектеш темалардын мазмуну
Share via