8 - Ал-Анфаал сүрөөсү • Ахмадия Мусулман Жамааты
Эң Мээримдүү (жана) Эң Ырайымдуу Алланын ысымы менен
Алладан башка сыйынууга татыктуу эч ким жок, Мухаммад Алланын Элчиси
Убада кылынган Масийх жана Махдий,
Азирети Мырза Гулам Ахмад (ас)га ишенүүчү мусулмандар

8 – Ал-Анфаал сүрөөсү

Бул сүрөө Мединада түшкөн.

Бисмиллаахир-Рахмаанир-Рахиймди

Бисмиллаахир-Рахмаанир-Рахиймди

кошо эсептегенде, жетимиш алты (76) аяттан турат. Согуш натыйжасында Алла таала бере турган дүнүйө пайдалары «Анфаал» деп аталат.

Өткөн сүрөө – «Аль-Аърааф» сүрөөсүнүн 188-аятында каапырлар тарабынан «саат» же «кыямат» качан боло тургандыгы суралган эле. Ал «сааттын» биринчи күзгүсү жөнүндө ушул сүрөөдө кеңири баяндалган. «Каапырлык жана «ширк» доорун аягына чыгара турган «саат» арабдарга келди», – деп айтылган.

Өткөн сүрөөнүн акырында: «Өтө кыйын абал жүз берери жөнүндө айтылып, ушул себептен азыртадан баштап, Алла тааланын алдына жалынып-жалбарган бойдон баш ийип, ичинен жана көтөрүңкү үн чыгаруу менен Анын алдына ыйлап дубаларды сурагын. Анткени, сенин дубаларың аркылуу гана бардык мүшкүлдүктөр чечилет», – деп кулактандырылган эле.

Ушул сүрөөнүн башында эле: «Мына бул кыйынчылыктар натыйжасында момундардын жардылыгы аяктайт», – деп куш кабар берилген. Мүшкүлдүктөр жөнүндө айтылып, анда эң биринчи «Бадр» согушу тилге алынган. Өткөн сүрөөнүн акырында дубаларга өзүнчө көңүл бурулгандай, «Бадр» согушунда мусулмандарга берилген жеңиш да Азирети Мухаммад Мустафаа(сав)дын өзгөчө дубаларынын натыйжасында болгон экендигин көрөбүз. Болбосо, ал(сав) менен бирге жихадга катышкан үч жүз он үч (313) сахаабага караганда мушриктердин чабуул жасоочу кошууну руханий жактан эсепке албаганда, ар жактан күчтүүрөөк болчу. Алардын кошуундарында эң мыкты атчандар, эң мыкты согуштук курал-жарактар, найзакерлик өнөрү боюнча чеберлер бар эле. Мындан тышкары урушка шыктануу сезимин ойготуу үчүн мыкты жана чебер кошокчу аялдар да болгон. Алардын ырларынын натыйжасында аскерлер өтө шыктанышкан. Бирок мусулмандар Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад(сав) өз алачыгында, чын ыкыластан, көз жаштарын төгүп кылган дубалары аркылуу жеңишке жетишти. Ал(сав) төмөндөгүдөй ахвалда дуба кылган: анын куттуу моюн орогучу анын моюнунан кайра-кайра түшүп кетип жатты. Азирети Абу Бакр(ра) аны кармап турган. Ал дубанын чокусу төмөнкүдөй: ал(сав) кайра-кайра:

Аллаахумма ин-тухлик хаазихил-исаабата мин ахлил-Ислаами лаа туъбад фил азри.

Аллаахумма ин-тухлик хаазихил-исаабата мин ахлил-Ислаами лаа туъбад фил азри.

Эй, Алла! Эгер ушул мусулман жамааттын жок кылсаң, анда жер үстүндө Сага эч качан ибадат кылынбайт – деп дуба кылган. («Муслим», Китаабуль-Жихаад).

Демек, жин менен адамдардын жаралуусунун максаты ибадат болсо, анда мен Сенин ибадатыңа гана тарбиялаган мына ушул инсандар жок болуп кетишсе, анда Сага чын ибадат кылуучу жамаат дүйнөдө эч качан пайда болбойт. Ошондуктан, «Бадр» урушундагы жеңиштин негизги куралы – Азирети Мухаммад Мустафаа(сав)дын дубалары болгон.

Мындан тышкары чынчылдар менен жалганчылардын ортосунда бийик айырма кылуучу курал такыбалык экендиги да момундарга түшүндүрүлүп коюлду. Эгер келечекте да дүйнөдөгү чоң-чоң күчтөрдүн үстүнөн жеңишке жетишүү арзуулары дилиңерде болсо, анда такыба болгонуңарда гана ошондой болушу мүмкүн.

Бул жерде: « Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад(сав) жана анын сахаабаларынын динин  «китаал» (согуш) аркылуу өзгөртүүгө аракет кылынбаганда, алар эч качан «китаал» кылышпайт эле», – деп да түшүндүрүлгөн. Куралдын жардамы менен адамдардын динин өзгөртүүгө аракет кылынганда гана дүйнөдө чоң-чоң фитна-чагымчылыктар пайда болгон жана мындан ары да пайда болот. Ошондой ахвалда ушул фитна-чагымчылыктын бүтүндөй жок болуп кетишине чейин коргонууга уруксат берилген.

Ошондой эле туруктуулук үчүн Алланы көп-көп эске алып туруу керек экендиги айтылды. Ошондуктан, коркунучтуу уруштар учурунда да Алла тааланы тынымсыз эске алгандарга: «Силер гана ийгилик табасыңар, анткени ар бир ийгилик Алла тааланы эстөө менен байланыштуу», – деп куш кабар берилүүдө.

Ушул сүрөөнүн акыркы эки аятында: «Эгер душмандардын зордугу-басымы көбөйүп кетсе жана аргасыз мекениңерден көчүрүлсөңөр, анда Алла жолунда бул көчүү кабыл болот жана анын ордуна Алла таала тарабынан жардам берилет. Ошондой эле кечиримдүүлүктөн тышкары Алла таала хижрат кылуучулардын ырыскысына өтө көп кут-береке кошот», – деген куш кабар берилген. Ушул алдын ала кабар дайыма чоң салтанат менен ишке ашып келген. Бул сүрөөнүн башында: «Анфаал» (олжолор) берилүү жолу менен ырыскыга кут-береке кошулат», – деп айтылган эле. Бул жерде хижраттын натыйжасында мухаажирлердин ырыскы жолдору арбын кеңейтилишинин башка жолдору да баяндалган.

Share via