Өлүмдөн кийинки жашоо • Ахмадия Мусулман Жамааты
Эң Мээримдүү (жана) Эң Ырайымдуу Алланын ысымы менен
Алладан башка сыйынууга татыктуу эч ким жок, Мухаммад Алланын Элчиси
Убада кылынган Масийх жана Махдий,
Азирети Мырза Гулам Ахмад (ас)га ишенүүчү мусулмандар

Өлүмдөн кийинки жашоо

Өлүмдөн кийинки жашоонун маселеси бардык диндеги, бардык доордогу адамдарга дайыма дүрбөлөӊ салып келген. Дагы өлүмдөн кийинки жашоо ыктымалын толугу менен четке каккан динсиз көз караш да бар. Өлүмдөн кийинки жашоого ишенген диндерди эки категорияга бөлсө болот:

1. Өлгөн адамдын жаны жаӊы адамдык же айбандык жашоонун формасына реинкарнация болуп кетишине ишенгендер.

2. Өлүмдөн кийин башка дүйнөлүк абалдагы жашоого ишенгендер.

Атеисттик көз караш бул талкуунун аймагынан сырткары турат. Исламдын доктринасы боюнча, кандай түрдө болбосун, Ислам реинкарнациянын бардык мүмкүнчүлүктөрүн бүтүндөй четке каккан диндердин категориясына кирет. Бирок кандайдыр бир башка дүйнөлүк руханий же денелик жашоонун формасына ишенгендер ич ара көп пикирлерге бөлүнүшөт. Ар бир диндин ичиндеги түшүнүк бири-биринен айырмаланат. Ошондуктан, түрдүү диндин жолдоочуларынын көз караштарынан улам, аларга анык бир ишенимди таандык кылууга болбойт, анткени баары бир карама-каршылыктар бар.

Исламдын өзүндө ар түрдүү секталар же аалымдары ээ болгон ар түрдүү көз караштар бар. Башка дүйнөлүк форманы ушул жер жүзүндөгү денелик жашоого абдан окшош экендигине ынанышкан жалпы түшүнүк бар. Ошондуктан, алардын бейиш менен тозок тууралуу түшүнүгү ырааттуу түрдөгү нерселердин руханий элесине караганда, материалдык элесин сүрөттөйт. Алардын түшүнүгү боюнча, бейиште чексиз чоӊ кооз бактар болуп, түбөлүк көлөкө түшүп, алардын астынан суулар агып турганы сөзмө-сөз сүрөттөлгөн. Дарыялар сүт менен балдан турат. Жемиштүү бактар болуп, адам кайсы мөмөнү кааласа, ал анын буйругу менен келет. Ар түрдүү куштардын эти болот; анан ким кайсы этти эӊсесе, оюндагыдай болот. Ашыкча сулуу жана таза аялдар жолдош болуп, өтө такыба кишилерге берилет, алардын саны чектелбей, өздөрүнүн жөндөмүнө жараша чечилет. Канчасына алы жетсе, ошонун баары аныкы болот. Алар эмне кылышат? Бири-бири менен кандай байланышта болушат? Алар балалуу болушабы же тукумсуз ырахаттуу жашоо көрүшөбү? Булардын баардыгы талаштуу суроолор. Жалпы элестетилгендей, жыргалчылык абдан чоӊ көӊүл ачуучулук болот. Эч кандай иш аткарылбайт, эч кандай мээнет жумшалбайт, эч кандай аракеттин да кереги жок. Бүтүндөй жана толук жалкоолуктан турган, ойдогудай ашыра жеп, ашыра ичкенге шарттар болгон жашоо (ушундай жашоо жыргалбы?) болот.  Анткени шарап дагы сүт менен балдын дайраларына жакын агып турган болот. Тамак сиӊирүүдөн же мас болуп калуудан эч коркунуч жок. Бейиштин жибек жаздыктарына жөлөнүшүп, алар убактысын чексиз ыракатта өткөрүшөт – бул кандай чексиз ыракат!

Исламда Курандын бейиш жөнүндөгү мындай бое түшүнүгүн толук бойдон четке кага тургандар да бар. Алар ал сүрөттөлүү жөн гана метафорикалык болуп, көӊүл ачуучулук менен тиешеси жок элес экенин Курандан бир топ башка аяттар менен далилдешет. Чындыгында, Ыйык Куран келе турган жашоонун формасын жердеги жашоонун бардык белгилүү формаларынан бүтүндөй айырмаланганын абдан көп баяндаган. Ал адамдын түшүнүүсүнөн сырткары. А түгүл ошол жашоонун чындыктарынын бүдөмүктүү да көз ирмеми жок.عَلٰۤی اَنۡ نُّبَدِّلَ اَمۡثَالَکُمۡ وَ نُنۡشِئَکُمۡ فِیۡ مَا لَا تَعۡلَمُوۡنَОкулушу: алаа ан ну-бадди-ла ам-саа-ла-кум ва нун-шиа-кум фий маа лаа таъ-ла-муун. (56:62)

Котормосу: Силердин кебетелериӊерди өзгөртүп жиберишибизге жана силерди өзүӊөр билбеген көрүнүштө тургузушубузга… (56:62)

Бул ушул маселе боюнча Курандын чечкиндүү баяны. Акыркы күндөрү Ахмадия Мусулман Жамаатынын негиздөөчүсү – кадияндык Азирети Мырза Гулам Ахмад (алайхиссалаам) бул руханий жашоонун түшүнүгүн денелик жашоонун каршысында өзүнүн уникалдык жана салтанаттуу «Ислам окууларынын философиясы» деп аталган чыгармасында сунуш кылган. Китепте айтылган бардык пикирлер Курандын үзүндүлөрү жана Исламдын Ыйык Негиздөөчүсү – Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)дын хадистери менен жакшы далилденген. Чакан үзүндүсү бул жерде келтирилген.

Анын тереӊ илими боюнча, мындан кийинки жашоо материалдуу болбойт. Анын ордуна ал биз кээ бир аспектилерин гана элестете ала турган руханий түрдө болот. Нерселер кандай кейипке келерин биз так аныктай албайбыз. Анын акыретти элестетүүсүндөгү көрүнүктүү өзгөчөлүктөрүнүн бири – рух бир башкача өзгөчө денеге ээ болот, жер үстүндөгү денелик жашообузга карата жан кандай орунду ээлесе, рухка карата ал дал ошондой эле орунду ээлейт. Рухтун ичинде дененин жаралышы биз азыр жер үстүндө жашаган жашообузга жараша болот. Эгер биздин бул жердеги өмүрүбүз Алла тааланын каалоосуна баш ийген бойдон жана Анын буйруктарына ылайык өтсө, биздин табитибиз бара-бара өөрчүп, денелик жыргалчылыктарга каршы руханий жыргалчылыктарга айкалышат. Рухтун ичинде эмбриондук түрдөгү жан калыптана баштайт. Жаӊы касиеттер туулуп, жаӊы табиттер пайда болот. Алардан денелик жыргалчылыктарга көнүп алгандар ыракат таппайт. Бул ар бир жаӊы түрдөгү адамдар өз жүрөктөрүнүн бейпилдигин табышат. Башкалардын укуктарын тепселөө ордуна курмандык кылуу ыракаттуу болуп калат. Кечиримдүүлүк өч алуудан жогору болот жана сүйүү өзүмчүлдүк ыргагы жок жаӊы жаратылыш катары туулуп, жатындык мотивдерге ээ болгон бардык байланыштардын ордун ээлейт. Ошентип, рухтун ичинде жаӊы дене жаралышы мүмкүн десек болот.

Рухтун өөрчүшү жөнүндөгү ушул бардык элестетүүлөр Ыйык Курандын ар кайсы аяттарынан алынган тыянактар. Ошондой болсо да, болочоктогу окуялардын так табиятын туура аныктоого болбойт. Бул сызыкчалардын негизинде майда-чүйдөсүнө адамдын түшүнүгү жеткен чектен сырткары жаткан нерсе болушу мүмкүн деп айтса гана болот. Жаӊы жашоонун талкуулана турган айрым аспектилери бар. Исламдагы тозок менен бейиштин түшүнүгү адаттагы карманган пикирден таптакыр бөлөк. Тозок менен бейиш бири-биринен бөлөк убакыт менен мейкиндикти ээлеген эки башка жай эмес. Ыйык Куран боюнча, бейиш бүткүл ааламды каптап турат. «Анда тозок кайда болмокчу?» – деп Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)дын сахаабалары сурашкан. «Ошол эле жерде» – деген жооп болгон экен. «Бирок алардын жанаша болгонун түшүнгөнгө силердин жөндөмүӊөр жок». Жөнөкөй адам түшүнгөн, башкача сөз менен айтканда, алар бир эле убакыт-мейкиндикте болгондой көрүнөт, бирок чындыгында алар ар башка өлчөмдөргө тийиштүү болгондуктан, алар бири-бирине тоскоолдук кылбай жана бири-бири менен байланышта болбой жашап келишет.

Бирок бейиштеги жыргалдын жана тозок отунун азаптарынын мааниси кандай? Бул суроого жооп кылып, Азирети Масихи Мавуд (алайхиссалаам) маселени төмөнкү сөздөр менен сүрөттөгөн: «Эгер адам чаӊкоодон өлүп бара жатса, эгер ден соолугу чыӊ болсо, сууну жөн гана ичкенден же эӊ таттуу ичимдикти ичкенде да албаган ырахатты жөнөкөй эле муздак суудан моокуму канган, өмүрүн сактаган ырахат алат. Эгер адам суусап да, ачка болуп да, күч-кубаттын заматтагы азыгына муктаж болуп турса, муздак жүзүмдүн үзүмү ага ошондой эле жөнөкөй шартта ала албаган ушунчалык тереӊ канааттанууну бере алат. Бирок мындай ырахаттын орду жакшы ден-соолук. Эми абдан сыркоолоп, жүрөгү айланып, ичинде эмне суюктук болсо, баарын кусуп салчудай болуп жаткан жана денесинде суюктук азайып, өлүмдүн босогосун аттайын деп калган кишини элестетип көргүлө. Ага бир чыны муздак суу же бир үзүм жүзүм берип көргүлө, анан анын кандай кабыл алганын айтпай эле коелу, жөн эле аларды караганы, анын жүрөгүн айнытып, кускусун келтирет.

Ошол өӊдүү мисалдар менен Азирети Масихи Мавъуд (алайхиссалаам) (Убада кылынган Масийх) тозок менен бейишти салыштырмалуу түшүнүк экенин ачык-айкын көрсөткөн. Жакшы нерселердин даамын татып билип, ар бир рух өзүнүн тандаган обьектисине жакыныраак келтирилгенинде мурункудан да чоӊураак ырахат алат. Руханий жактан дени сак адамдын эӊсөөсү Алла таалага жана Анын касиеттерине жакын болуп жана Алла тааланын сыпаттарын тууроо болуп келген. Бейиште натурасы таза, чыӊ рух мурда болуп көрбөгөндөй жакындык менен Алла тааланын касиеттерин көрүп, аӊдап жана сезе баштайт. Азирети Масихи Мавуд (алайхиссалаам)дын пикири боюнча, алар жөнөкөй руханий байлык болуп кала бербестен, асмандык формалар жана кейиптерге ээ болуп, жаӊыдан жаралган асмандык рух мурунку жандын жардамы аркылуу ырахат алат, ал дене функциясын аткарат. Бул – салыштырмалуу маселе. Тескерисинче тозок акыйкаты төмөнкүчө: таза эмес рух акыреттеги жаӊы жан үчүн таза эмес денени жаратат. Дени таза рухка ырахат берген факторлордун өзү эле таза эмес жанды азап-тозоктоп, катуу кыйноого салат.

Биз акылыбыз менен рухубузду денебизге салыштырганда, алардын жашоосунун табиятында түшүнүүгө болбогон чоӊ айырмачылык бар. Материалдык түшүнүктө эмес, тескерисинче аӊ-сезим менен дагы дененин ар бир бөлүгү тирүү жана жашоого толуп, диртилдеп турат. Адам денесинин ар бир бөлүкчөсүнө аӊ-сезимдин кандайдыр бир түрү берилген. Окумуштуулар ал билүүнү электрондук пульстардын түшүнүгү менен чечмелеп берүүгө аракет кылышат. Бирок бул аӊ-сезим жана сокур сезим, иммундук система жана адамдык дененин башка эркин функцияларынын билимин толук баяндоонун бышпаган жолу. Ал али биздин түшүнүү жөндөмдүүлүгүбүздөн ары жаткан нерсе.

Ошентип, аӊ-сезим деген эмне? Ар бир тирүү жандагы «менди» кантип түшүндүрүүгө болот? Психологиялык терминдерде аны эго дей алабызбы? Бирок психолог эгону аныктоодо эч качан ийгиликке жетишкен эмес. Ал диний терминдерде рух деп сүрөттөлгөн бир нерсе. Рух менен материалдык дененин ортосундагы аралыкты өлчөй алууга эч кандай жол жок. Өзгөчөлүк жагынан а түгүл биздин орой түшүнүгүбүздө өзгөчө жана өтө тазартылган бир нерсе. Аны ээлеген денеге эч бир ыкмада салыштырууга болбойт. Эми миллиарддаган жылдар бою рухтун ичинде дененин жаралганынын сценарийин аӊдоого аракет кылалы. Бир узак күндүн аягында биз рухтун ичинен жанды табабыз, ал өзгөчөлүк жагынан, жердеги адам руху адам денесине болгон салыштырууга ээ. Буга окшош бир нерсе жүз берет жана салыштырмалуулук термининде келечектеги жашоо бир жандын ичиндеги эки абалга ээ болот. Салыштырмалуулук термин боюнча, бир абал дене катары, башкасы жан катары болот. Биздин денелерибизге салыштырмалуу биздин рухубуз жаӊы жашоонун маӊызына жараша дене катары пайда болот.

Андан да толугураак маалымат алуу үчүн окурмандар толук китепти окуп чыгуулары сунушталат. Ал бир эле ушул теманы талкууга албай, дүйнө элдерин толкундата турган айрым башка абдан кызыктуу маселелерди да талкуулайт.

Кыскасын айтканда, ар бир жеке инсан өзүнүн тозогун же өзүнүн бейишин жаратат, ошондой эле өз абалына жараша ар бир бейиш башка кишинин бейишинен, тозогу болсо башка кишинин тозогунан айырмаланып турат. Кыязы, алар тиги дүйнөлүк ченемдердеги ошол эле мейкиндикти жана убакытты ээлейт.

Адамдын өлүмүнөн кийин анын Сурак Күнүндө кайра тирилүүнүн ортосунда адам руху эмне болот? Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)дын: «Биз өлгөндөн кийин мүрзөдө терезелер ачылат; такыба адамдар үчүн терезелер бейишке ачылат, жаман-бузуку адамдар үчүн тозокту көздөй ачылат», – деп айтканы баяндалат. Чындыгында, эгер бизге мүрзөнү ачууга туура келсе, биз эч кандай терезе тапмак эмеспиз! Ошондуктан, ал сөздөрдү сөзмө-сөз түшүнүү маселенин чыныгы маанисин бербейт. Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) бизге туура эмес маалымат бериши мүмкүн эмес, андыктан бул жерден ал метафора-өтмө маани катары айткан болуш керек. Андай болбогондо, биз мүрзөнү казган сайын тозокко ачылган же бейиштин атыр жыттуу абасын киргизип турган терезелерди тапмакпыз. Бирок, биз анын бирине да күбө эмеспиз. Болбосо, Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)дын сөздөрү эмнени билгизет? Мүрзө, чынында, бул жашоо менен келе турган кийинки жашоонун ортосундагы ортоӊку фаза. Бул жерде руханий жашоо аз-аздан көптөгөн этаптардан өзүнүн акыркы тагдырына жеткенге чейин өөрчүп барат. Анан Алла тааланын буйругу менен сурнай тартылып, жашоого акыркы руханий кейип келет. Бул өткөөл мезгилден толук өзгөртүлгөн жанга айландырууга даяр болгон акыркы жетилүү этабына чейин ар бир рух, жакшысы бейиш менен жаманы тозок сыяктуу ахвалдан өтөт. Бул түшүнүктү Куран эӊ сонун сүрөттөйт:مَا خَلۡقُکُمۡ وَ لَا بَعۡثُکُمۡ اِلَّا کَنَفۡسٍ وَّاحِدَۃٍОкулушу: маа хал-ку-кум ва-лаа баъ-су-кум иллаа ка-наф-син ваа-хи-дах. (31:62)

Котормосу: Силердин жаратылышыӊар жана кайра тургузулушуӊар болгону бир жандын жаратылышына жана кайра тургузулушуна окшойт. (31:29)    

Баланын жалгыз клеткадан пайда болушуна тыкыр көӊүл бурганда, Курандын төмөнкү айтканына күбө болобуз:ہُوَ الَّذِیۡ یُصَوِّرُکُمۡ فِی الۡاَرۡحَامِ کَیۡفَ یَشَآءُОкулушу: ху-валла-зий ю-савви-ру-кум фил-ар-хаа-ми кай-фа я-шаа-у. (3:7)

Котормосу: Ошол Зат силерге жатындарда Өзү каалагандай түр берет. (3:7) 

Эми бул маселе экөө теӊ бирдей, жогоруда айтылып өтүлгөн жаратылуулардын маселесине байланыштуу. Мисалга, тубаса оорукчан балдардын маселесин алып көрөлү. Алар төрөлүп жатканда, капыстан эле ооруга чалдыкпайт, бара-бара өөрчүп турган алардын тээ эрте эмбриондук мезгилинде эле башталган оруксунуу абалынан өөрчүп олтуруп кабылышат. Ошол сыяктуу эле руханий жактан кесел адамдын жаны кыямат Күнүндөгү акыркы тургузулушуна чейин эмбриондук абал оорукчан бала энесинин жатынында кыйналгандай, кабыр доорунда да ошондой кыйналат жана символикалык тозоктон өтөт. Дени соо баланын абалы таптакыр башкача, жада калса, анын тепкилегенине да апасы ыраазы болот. Бул жерде эми мындай маселе туулат: энесинин жатынындагы баладай болуп рух дагы өрчүп, ушул баардык тепкичтерден өтөбү? Бул суроого жооп Курандын дал ошол эле аятынан табылат: «Маа хал-ку-кум ва-лаа баъ-су-кум иллаа ка-наф-син ваа-хи-дах». (Силердин жаралышыӊар жана кайра тургузулушуӊар болгону бир жандын жаралышына жана кайра тургузулушуна окшойт). Экинчи жаралууну түшүнүш үчүн бала эненин жатынында кандайча калыптанаарын түшүнүшүбүз керек. Чындыгында, жашоонун жаралышы миллиарддаган жылдарга создугуп жатса да, ушул формалардын өрчүшүнө тогуз ай гана керек болот. Биологиялык жашоонун башынан баштасак, бала жашоо эволюциясынын дээрлик баардык баскычтарынан өтөт. Бойго бүткөндөн баштап, тогуз ай бою анын төрөлүүсүнө чейин баланын өнүгүүсү жаратылуунун бардык тепкичтерин басып өтөт. Башкача айтканда, эволюциянын бардык тепкичтери тогуз айдын ичинде биринин артынан бири, биз элестете алгыс ушунчалык зор ылдамдыкта кайталанып өтөт. Ал эволюция системасынын тепкичтерин жандантып кармап, анын сүрөтүн ортого таштайт.

Тогуз айдын ичинде биз күбө болгон түрүнө жетиш үчүн жашоонун жаралышы өнүгүүнүн узак мезгилинен өтөт. Бул – биздин биринчи жаралуубуздун мезгили абдан узак болгонун, ошондой эле биздин экинчи жаралуубуз да узак мезгилди ээлерин айгинелейт. Ушул тогуз айды изилдеп жатып, жашоонун тарыхындагы дээрлик миллиарддаган жылдарды үйрөнүп чыгабыз, ошондой эле кийинки дүйнөдөгү рухтардын өөрчүшү жөнүндө дагы үйрөнөбүз. Жашоонун башталышынан адамдын жаралып бүткөнүнө чейинки убакыт, мүмкүн, кайрадан өлүмдөн кийинки рухту өөрчүтүү үчүн керек болот деп бүтүм чыгарганыбыз жакшыраак болоор. Бул айтылган акылды ырастоо үчүн Курани карим чечкиндүү түрдө мындай дейт: «Жандар тирилгенде, өздөрүнүн жер үстүндө канча турганын аныкташ үчүн бири-бири менен сүйлөшөт. Айрымдары: «Биз бир күн турдук», – десе, башкалары: «Бир күндөн да аз», – дешет. Ошондо Алла таала мындай дейт: «Аныӊар да туура эмес». Башкача айтканда, Алла таала мындай дейт: «Силер жер үстүндө болжолдогонуӊардан да бир топ аз турдуӊар». Чынында, бир жашоонун узундугун күндүн бир бөлүгүнө карата аздыгы же көптүгү жандын кайрадан тирилүү мезгили анын мурунку жашоосуна салыштыргандай болот. Улам алыс болгон нерсе кичирээк көрүнөт. Биздин балалыгыбыз бир нече секунда өткөн убактай көрүнөт. Жылдыздардын аралыгы алыс болгон сайын, алар ошончо кичине көрүнөт. Алла тааланын бизге айтайын дегени, биз өлгөндөр эртеси эле күнү суракка алына койбойбуз. Андай болуунун ордуна, сурак ушунчалык алыскы болочокто болгондуктан, биздин мурунку жашообуз бир нече секунддай, алыстагы кичинекей чекиттей болуп көрүнүп калат. Кыскача айтканда, адамдын кайра тирилиши ал өзү элестете албаган, жана ал окуянын жүрүшү анын ушул жерде, жер үстүндөгү жашоосу катары сүрөттөлгөн кубулуш. Мындай баардык маселелер Куранда кенен-кесири түшүндүрүлгөн. («Исламдын элементардык окуусу», 47-56-бет, Бишкек – 2008)

Share via