Ислам деген эмне? • Ахмадия Мусулман Жамааты
Эң Мээримдүү (жана) Эң Ырайымдуу Алланын ысымы менен
Алладан башка сыйынууга татыктуу эч ким жок, Мухаммад Алланын Элчиси
Убада кылынган Масийх жана Махдий,
Азирети Мырза Гулам Ахмад (ас)га ишенүүчү мусулмандар

Ислам деген эмне?

Ислам «тынчтык» дегенди билдирет. Исламдын маӊызы менен руху мына ушунда. Тилекке каршы, бардык илимдерди камтып, аны түшүнүүгө ачкыч болгон тынчтыктын динин бүгүн Батыштагылар Исламды тынчтыктын эмес, согуш, баскынчылык, хаос жана бүлгүнчүлүктүн дини катары түшүнүшкөндүгү шылдыӊ сыяктуу болууда. Ислам тек гана наамы менен тынчтыктын дини болбостон, өзүнүн бардык таалимдери боюнча да тынчтыктын дини жана аны ишке ашырууда. Эгерде сөзмө-сөз которсок, «Ислам» деген сөздүн экинчи мааниси – «баш ийүү». Ошентип, «тынчтык» жана «баш ийүү» деген сөздөр Исламды толук сүрөттөп берет. «Тынчтык» – мусулмандын башка адамдарга болгон мамилесине, ошондой эле Исламда тапкан чоӊ бейпилдигине байланыштуу. «Баш ийүү» мусулмандын Кудайга болгон мамилесин билдирет. Кыскача айтканда, диндин бүткүл философиясын ушул бир эле сөз камтыйт. Ислам дининдеги белгилеп кетчү кызыктуу жагдай: ар бир чыныгы дин өзүнүн Кудайдан экенин көрсөтүп туруу үчүн ушул эки зарыл шартка ээ болушу керек. Ислам боюнча бир жагынан бардык диндер адамды өзүнүн Жаратуучусуна кайта алып келүүгө, экинчи жагынан башка адамдар менен үлгүлүү, жагымдуу байланышты түзүүгө аракеттенген. («Исламдын элементардык окуусу», 6-7-бет, Бишкек – 2008)

Share via