Хадис

«Хадис» бул арабча сөз, ал негизинен «бүтүндөй жаӊы нерсе» же «жаӊы ыкмада баян этилген нерсе» деген маанини билдирет. Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад(сав)дын сүйлөгөн сөздөрү да жаӊы жана баа жеткис акыйкаттардан тургандыктан термин катары ага да «хадис» деп ат коюлган. Демек, «хадис» Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад(сав)дын куттуу тилинен чыгып, анда ал(сав)дын аруу жашоосунун кандайдыр бир окуясы тирүү күбөнүн тилинен баян этилген ыйык сөздөрүнүн аталышы. Анан ушул ыйык сөздөр ал(сав)дын сахаабалары(ра) жана кийинки мусулман рабаятчылар аркылуу бир аз мөөнөттөн кийин жазылып алынды жана сакталды. Арабдардын эске тутуу жөндөмдүүлүгү христиан тарыхчылар да ачык-айкын моюндашканындай, табигаттан тышкары даражада ѳтѳ мыкты болчу. Алар уккан же көргөн ар бир нерсени аябай этияттык менен эстерине сакташчу. «Хадис» бир ыйык жана куттуу диний илим болгондуктан бул жаатта өзгөчө чоӊ этияттык, чоӊ ишенимдүүлүк жана аманаттуулук менен иш жүргүзүлгѳн жана Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад(сав)дын хадистери өзгөчө корголуп, кийинки муундарга чейин жеткирилди. Туура, айрым рабаятчылар эске тутуу, түшүнүп-байкоо жана ишенимдүүлүк жагынан бакубат болбогондуктан алардын рабаяттарына толук бойдон ишенип болбойт, бирок хадистерди жыйноочу бийик уламалар ушундай күчтүү усулдарды белгилеген: алардын жардамы менен жакшылап аныктап-текшерүү (изилденүү) жолу менен сахих (туура) хадистерди заиф (алсыз) хадистерден ажыратууга болот.